Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-сентябры № 403
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана
эмгектин ардагерлерин, илим жана маданият ишмерлерин,
тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин материалдык
жактан колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин
2008-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 416, 2009-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 548
Жарлыгытарынын редакцияларына ылайык)
Республикадагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерле-
рин, илим жана маданият ишмерлерин, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерле-
рин материалдык жактан колдоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-
тин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери, тармактык түзүмдөрдүн
кызматкерлери үчүн 2008-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 1 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү ар айдагы стипен-
диясы уюштурулсун.
1-1. Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз
Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүм-
дөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипен-
диясы боюнча Комиссия ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык курамда түзүл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн стипен-
диясынын өлчөмү айына 1000 сомду түзө тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-
тин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери, тармактык түзүмдөрдүн
кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы бо-
юнча Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Көрсөтүлгөн стипендияны төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын
илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык жактан колдоо
боюнча чаралар жөнүндө" 1995-жылдын 1-февралындагы № 31; "Кыргыз Рес-
публикасынын илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык
жактан колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин 1995-жылдын 1-февралындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-
лу" 1995-жылдын 2-июнундагы N 155; "Президенттик "Маданият" программасы
жөнүндө" 1996-жылдын 2-январындагы N 1 указдары; "Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 1995-жылдын 1-февралындагы "Кыргыз Республикасынын
илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык жактан колдоо
боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу"
2007-жылдын 12-июнундагы N 306 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 12-сентябрындагы
№ 403 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана
эмгектин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери,
тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн
Кыргыз Республикасынын Президентинин
стипендиясы боюнча Комиссиянын
КУРАМЫ
Жороев Каныбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппара-
Таирович тынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;
Акунов Бейшебек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин де-
путаты;
Жайнаков Аманбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер ака-
демиясынын Физикалык-техникалык проблемалар
жана материал таануу институтунун башкы или-
мий кызматкери (макулдашуу боюнча);
Калимбетова Тажикан - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минист-
Борбугуловна ри;
Раев Султан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ма-
Акимович даният мамлекеттик агенттигинин директору;
Салянова Аида - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-
Жеңишбековна нин статс-катчысы;
Түмөнбаева Жаңыл - "Кыргызстан калкынын Ассамблеясы коомдук би-
рикмелер ассоциациясынын төрайымы (макулда-
шуу боюнча).