Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 26-ноябры ПЖ № 416
Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери,
Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын
ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн
Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы
боюнча Комиссиянын курамы жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2009-жылдын 3-декабрындагы № 548 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-сентябрындагы № 403 "Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин, илим жана маданият ишмерлерин, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Комиссиянын тиркелген Жобосу жана курамы бекитилсин." деген сөздөр "Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген № 2 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 416 Жарлыгы менен бекитилген |
Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери,
Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери,
тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз
Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Президентинин 2009-жылдын 3-декабрындагы № 548 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)