Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 3-декабры ПЖ № 548
Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссиянын курамы жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин, илим жана маданият ишмерлерин, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-сентябрындагы № 403 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссия ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.".
2. "Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин, илим жана маданият ишмерлерин, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-сентябрындагы № 403 Жарлыгы менен түзүлгөн Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. "Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссиянын курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 416 Жарлыгынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 3-декабрындагы № 548 Жарлыгынын 2-тиркемеси |
Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссиянын
КУРАМЫ
Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;
Акунов Бейшебек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Жайнаков Аманбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физикалык-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун башкы илимий кызматкери (макулдашуу боюнча);
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;
Салянова Аида Жеңишбековна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги нин статс-катчысы;
Түмөнбаева Жаңыл - "Кыргызстан калкынын Ассамблеясы коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрайымы (макулдашуу боюнча).