Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 32 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 3-сентябрындагы
№ 393 жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Чегара
кызматы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (мындан ары - Чегара кыз-
маты) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегара саясатын камсыз кыл-
ган, мамлекеттик чегаранын режимин бузууларды, өлкөнүн эгемендигине жа-
на аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алууну жана болтурбоону,
чегара контролун жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегара-
сын (мындан ары - мамлекеттик чегара) кайтарууму жана коргоону ишке
ашыруучу, аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп сана-
лат.
2. Чегара кызматы мамлекеттик чегараны аскердик коргоо жана кайта-
руу, чегаралык контроль, чалгындоо, контурчалгындоо, мамлекеттик чега-
раны бузуу жөнүндө иштер жана алар менен байланышкан кылмыштар боюнча
оперативдик издөө жана баштапкы тергөө; аскердик кылмыштар жөнүндө иш-
тер боюнча баштапкы тергөө; өз коопсуздугун камсыздоо иштерине, ошондой
эле Чегара кызматынын аскердик мекемелеринин ишканаларынын жана башка
органдарынын бирдиктүү борбордоштурулган тутум болот.
3. Чегара кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө", "Кыргыз Рес-
публикасынын Чегара кызматы жөнүнө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы-
нын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына, эл аралык
келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого таянат.
4. Чегара кызматы юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана
расмий тилдерде анык жана шарттуу аталышка ээ болот, Күжүрмөн Туусу жа-
на символикасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү тү-
шүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрлөрү, бланкттары, штамптары
жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Борбордук ка-
зыналыгында (анын ичинде валюталык) эсеби болот.
5. Чегара кызматына төмөнкүдөй укутар берилет:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин түздөн-түз аскер
комиссариаттарында Чегара кызматында алар мөөнөттүү анык аскер кызматын
өтөө үчүн чакырылуучуларды артыкчылыктуу тандап алууга;
- тартыш адистиктеги, жаш курагы белгиленген чектен ашкан аскерге
милдеттүүлөрдү жаш курактык чекке жеткенге чейин 5 жыл мөөнөткө, өзүлө-
рүнүн макулдугу менен анык аскердик чегара кызматына жоокердик, сержан-
ттык жана старшиналык орундарга аныктоого жана аскер комиссариаттары
аркылуу чакырууга;
- мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо үчүн убактылуу пайда-
ланууга курал-жарак, окдары, байланыш каражаттарын жана башка мүлктөрдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берүү менен, Чегара
боюндагы райондордун жергиликтүү калкынан түзүлүштөрдү куроого (тартуу-
га);
- жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, ошондой
эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын
камсыз кылуу максатында мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо жа-
гында мамлекеттик контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга.
II. Чегара кызматынын негизги милдеттери жана функциялары
6. Чегара кызматынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Республиканын мамлекеттик чегарасын, анын аймактык бүтүндүгүн
жана экономикалык кызыкчылыктарын кайтаруу жана коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарсы аркылуу текшерип-өт-
көрүү пункттарында чегаралык контролду ишке ашыруу;
- мамлекеттик чегара жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
нын сакталышын камсыз кылуу жаа мамлекеттик чегара режиминин маселелери
боюнча эл аралык келишимдер менен макулдашуулардан келип чыккан милдет-
тенмелерди аткаруу;
- мамлекеттик чегара жанындагы райондордо Кыргыз Республикасынын
коргонуу жана аскердик коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
- террористердин мамлекеттик чегараны кесип өтүү аракеттерин,
ошондой эле жардыруучу, ууландыруучу, бањги жана психотроптук заттарды,
радиоактивдик, химиялык жама бактериологиялык материалдарды, курал-жа-
рактарды, окдарыларды, мүлктөрдү, жана башка террористик мүнөздөгү кыл-
мыштарды аткаруу үчүн колдонууга мүмкүн болгон предметтерди мамлекеттик
чегара аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу, аныктоо жана токтотуу
боюнча чараларды көрүү;
- террорчулука каршы күрөшүүнү ишке ашырган Кыргыз Республикасынын
башка мамлекеттик органдары менен бирдикте же өз алдынча мамлекеттик
чегарадагы чегара тилкесинде жана чегара зонасында террористерди же
террористик топторду аныктоо, кармоо жана жок кылуу;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо, жаратылышты коргоо органда-
рына чегара зонасында жана чегара тилкесинде жарандарды, табигый бай-
лыктарды жана айлана чөйрөнү коргоого өз ара көмөктөшүү.
7. Чегара кызматынын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын чегаралык коопсуздугун камсыз кылуу чөй-
рөсүндө мамлекеттик чегара саясатын жана программаларын иштеп чыгууга
жана ишке ашырууга катышуу, аны ишке ашырууну уюштурууга жана өркүндө-
түүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо;
- республикадагы мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик
чегараны кайтаруу жана коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларды даяр-
доого жана иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик чегараны кайтарууну жана коргоону камсыз кылган Кыр-
гыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу пландарын жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик аскердик программаларын иштеп чыгууга жана
жүзөгө ашырууга катышуу;
- аткаруу бийлик кызыктар органдары менен бирдикте мамлекеттик че-
гараны кайтаруу жана коргоо жагындагы мамилелерди жөнгө салган Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдер менен макулдашууларды
аткарууну уюштуруу, таламдаш аткаруу бийлик органдары менен бирдикте
мамлекеттик чегараны эл аралык - келишимдик тариздөө боюнча ишке каты-
шуу;
- эл аралык уюмдар менен мамлекеттик чегара маселеси боюнча кыз-
матташуу, чегара маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышуу, Чега-
ра кызматын чет мамлекеттердин чегараны кайтаруу органдары менен эл
аралык кызматташтыгын уюштуруу, аскердик-техникалык кызматташтык прог-
раммаларын иштен чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын чегара өкүлдөрүнүн ишине жетекчилик кылуу;
- мамлекеттик чегараны кайтаруунун жана коргоонун Концепциясын иш-
теп чыгуу, Чегара кызматынын ишинин артыкчылык багыттарын аныктоо,
алардын ишин өркүндөтүү боюнча максаттуу, комплекстүү программаларын
даярдоо жана ал программаларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук,
экономикалык жана башка механизмдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик чегара тилкесин мыйзамсыз өзгөртүүнү болтурбоо жана
токтотуу, мамлекеттик чегара режимин сактоо, чегара режимин жана мамле-
кеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункуттарындагы режимди сактоо,
аларды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн Чегара кызматы
күрөшүүгө тийиштүү болгон кылмыштарды ачуу, алдын алуу, болтурбоо боюн-
ча оперативдүү-издөө ишмердүүлүктөрүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде
уюштуруу;
- Чегара кызматы мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишка-
налар жана башка уюмдар, бирикмелер менен мамлекеттик чегараны кайтаруу
жана коргоо кызыкчылыгы үчүн өз ара кызматташууну уюштуруу;
- Чегара кызматына шефтик жана башка жардам көрсөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, адми-
нистрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелери жана ишканалары
менен байланышты чыњдоо боюнча иш жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик коми-
тети менен биргелешип аракеттенүү аркылуу Чегара кызматына атайын бай-
ланыштын бардык түрлөрү менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштуруу
жана өткөрүү;
- Чегара кызматынын ишин маалматтык-талдоо жана илимий жактан кам-
сыз кылууну уюштуруу, мамлекеттик чегарасын кайтаруу жана коргоо чөйрө-
сүндө аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү; ушул маселе боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
башка мамлекеттик бийлик органдарына маалыматтык-талдоо материалдарын
даярдоо жана берүү;
- жарандарды ыктыярдуу негизде мамлекеттик чегараны кайтаруу жана
коргоо боюнча ыктыярдуу кошундардын курамында, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте штаттан тышкаркы кызматкер ката-
ры мамлекеттик чегараны кайтарууга жана коргоого тартуу;
- мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Рес-
публикасынын коопсуздугуна болгон коркунучтар жөнүндө маалыматтарды та-
буу, жыйноо, иштетүү, жана талдоо, аларды Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү, мамлекеттик бийликтин
тийиштүү органдарына билдирүү;
- мамлекеттик чегара режимин бузуу, мамлекеттик чегарадагы контра-
банда жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган,
Чегара кызматынын компетенциясына берилген башка кылмыштар жөнүндөгү
иштер боюнча баштапкы тергөөнү уюштуруу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик жана кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды коргоону
уюштуруу жана камсыз кылуу, ошондой эле Чегара кызматынын тутумунда
аталган маалыматтарды коргоонун натыйжалуулугун контролдоо;
- Чегара кызматы үчүм кадрларды жана адистерди тандоо, дайындоо,
тарбиялоо, кесипке даярдоо, кайра даярдоо жана квалифкациясын жогорула-
туу боюнча ишти жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык Чегара кызматынын тутумуна куралданууга
алынган курал-жарактарды, атайын техникаларды жана каражаттарды алуу,
пландаштыруу жана пайдаланууну уюштуруу;
- оперативдүү (күжүрмөн), материалдык-техникалык, финансылык, кад-
рдык, илимий, маалыматтык, моралдык-психологиялык, медициналык, санато-
риялык-курорттук, даарылоо - алдын алуу жана башка түрдөгү камсыз кы-
лууну пландаштыруу жана уюштуруу, көмөкчү чарбаны жана капиталдык куру-
лушту жүргүзүү, Чегара кызматынын казарма - турак жай фондун күтүү жана
пайдалануу, ошондой эле ал максатка бөлүнгөн каражаттардын чегинде Че-
гара кызматынын муктаждыктары үчүн подряддык иштерди жүргүзүү жана кыз-
мат көрсөтүү;
- Чегара кызматынын муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чар-
балык жана башка иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
- администрациялык тартипте кармалган адамдарды бул максатта атай-
ын жабдылган жайларда кармоо;
- Чегара кызматынын мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу;
- Чегара кызматынын расмий өкүлдөрүнүн чектеш мамлекеттердеги ишин
уюштуруу жана аларды жетектөө;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдары
менен бирдикте чегаралык зонадагы, ошондой эле мамлекеттик чегарадан
өтүүдөгү террористтик иштерди, уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны, ку-
ралдарды жана бањгизаттарды мыйзамсыз жүргүзүү, мыйзамсыз миграцияны,
контрабанданы жана башка кылмыштарды табуу, алдын алуу, болтурбоо жана
бетин ачуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- чалгындоо, контрчалгындоо жана оперативдүү издөө иштерин жүргү-
зүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына ылайык жашыруун
ыкмаларды жана каражаттарды пайдалануу, шифрлөө ишин уюштуруу;
- Чегара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын
долбоорун жана башка окуу-материалдык адабияттарды белгиленген тартипте
иштеп чыгуу жана сунуш кылуу;
- басма ишин жүргүзүү, анын ичинде Чегара кызматынын ишмердүүлүгү-
нүн маселелери боюнча газеталарды, журналдарды, бюллетендерди, ченемдик
укук актылардын жыйнактарын чыгаруу, теле жана радио программаларды да-
ярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чегара кызматынын ас-
кер кызматчыларын, жарандык персоналдарын, аскердик кызматтан бошогон-
дорду жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (өлгөн) аскер кыз-
матчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз
кылуу жана уюштуруу;
- Чегара кызматынын окуу материалдык-техникалык базасын түзүү жана
жакшыртуу;
- Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин, пен-
сионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн денсоолугун коргоого жана
чыњдоого багытталган алдын алуу, дарылоо, санаториялык-курорттук, ден-
соолукту чыњдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин иштеп
чыгуу жана ишке ашыруу;
- Чегара кызматымын ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулука маалымдоону
уюштуруу жана ишке ашыруу;
- маалыматтык терс таасирлерге каршы турууну уюштуруу, Чегара кыз-
матынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
- тамактанууну уюштуруу жана Чегара кызматынын аскер кызматчыларын
биринчи зарыл болгон товарлар менен камсыз кылуу;
- жарандарды кабыл алууну ишке ашыруу жана алардын Чегара кызматы-
нын компетенциясына тийешелүү маселелер боюнча сунуштарын, даттануула-
рын жана арыздарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган ыйгарым укуктарын кароо.
III. Чегара кызматынын ишинин уюштурулушу
8. Чегара кызматынын ишин уюштуруу Чегара кызматын өнүктүрүүнүн
максаттуу комплекстүү пландарынын (программаларынын) жана Чегара кызма-
тынын кызматтык - күжүрмөн ишинин негизин уюштуруу иш-чараларын учурда-
гы пландарынын негизинде ишке ашырылат.
9. Чегара кызматын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин көр-
сөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайында-
ган жана кызматордунан алган төрага жетектейт.
Чегара кызматынын төрагасы (мындан ары - төрага) Чегара кызматынын
Коллегиясынын ишмердүүлүгүн уюштурат жана жетекчиликке алат.
10. Чегара кызматынын төрагасынын төрт орун басары болот, алардын
бирөө биринчи орунбасар, ал Чегара кызматынын Башкы штабынын зардалы
болуп саналат жана аны төраганын берген сунушунун негизинде, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республи-
касынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан алат.
Төрага жок учурда анын милдеттерин төрага дайындап кеткен орунба-
сарларынын бири аткарат.
11. Төрага Чегара кызматынын бүткүл өздүк курамынын тикелей зарда-
лы болуп саналат, Чегара кызматына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы
үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Төрага өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине жана ушул Жобого
ылайык бир башчылык негизде жүргүзөт.
Төрага:
- Чегара кызматына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын,
анын ичинде атайын жана валюталык каражаттарды, ошондой эле шефтик жар-
дам, эл аралык гранттар жана программалар аркылуу алынган каражаттарды
тескөөчү болуп саналат;
- Чегара кызматынын ишин уюштурат жана анын тутумуна жалпы жетек-
чилик кылат, Чегара кызматынын ички иш тартибин аныктайт.
- Чегара кызматынын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, Башкы
штабы, ошондой эле ага баш ийген мекемелер жөнүндө жоболорду бекитет;
- Чегара кызматынын төрагасынын орунбасарларынын ортосундагы мил-
деттерди бөлүштүрөт, анын башкы кызмат адамдарынын, структуралык бөлүм-
дөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт, зарыл учурда аларга Чегара кызматы-
нын алдында турган милдеттерди чечүүгө шарттаган, кошумча милдеттерди
(бириктирүү тартибинде) тапшырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча аткаруу
бийлигинин башка биргелешип иштеген күч органдарынын күчүн жана кара-
жаттарын тартуу менен, мамлекеттик чегарада иш-чараларды өткөрүүдө бир-
гелешкен аракеттерди координациялоо жана жетекчилик кылуу боюнча опера-
тивдүү штабдарды (топторду) түзөт;
- Чегара кызматынын алып барууга байланышкан маселелер боюнча че-
немдик укуктук актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чы-
гат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Ку-
ралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысына оперативдүү, күжүрмөн, кызмат-
тык-күжүрмөн документациялар, Чегара кызматынын структурасы жана саны,
Чегара кызматындагы жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскер-
дик кызмат орундарынын саны боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо боюнча иштерди уюшту-
рат жана камсыз кылат, бул багытта мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
- Чегара кызматы мамлекеттик чегараны кайтаруу боюнча мыйзамдарды
жана эл аралык актыларды аткарышын уюштурат жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу боюнча Че-
гара кызматынын уюштуруу-штаттык структурасын Кыргыз Республикасынын
Президентинин бекитүүсүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Чегара кызматын жалпы
санынын жана структурасынын чегинде, Чегара кызматынын бөлүмдөрүнүн
уюштуруу-штаттык структурасын, бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды, ошондой
эле Чегара кызматы куралданууга кабыл алган курал-жарактардын, аскердик
жана атайын техникалардын, атайын каражаттардын штатынын табелин беки-
тет;
- Чегара кызматынын анык жана шарттуу аталыштарды колдонуунун тар-
тибин аныктайт, белгиленген тартипте мындай шарттуу аталыштарды берет;
- Чегара кызматынын кызыкчылыктары үчүн Кыргыз Республикасынын че-
гинде атайын жана аскердик ташууларды уюштурат;
- өздүк автомобиль транспорттун кызматтык максатка пайдаланган ас-
кер кызматчыларына белгиленген өлчөмдө акчалай компенсация төлөп берүү
жөнүндө чечим чыгарат;
- Чегара кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген тартипте мам-
лекеттик бийлик органдарына, ошондой эле министрликтерге, мамлекеттик
комитеттерге, административдик ведомстволорго, жана башка аткаруу бий-
лигинин органдарына ишсапарга жиберет;
- чалгындоо, контрчалгындоо, оперативдүү издөө ишин, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чегара кызматынын баштапкы
тергөө жүргүзүү органынын тартибин аныктайт жана контролдук кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде мөөнөттүү анык аскер-
дик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын Че-
гара аскер кызматынын катарынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарат, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча ас-
кердик кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана аны аткаруу
үчүн Чегара кызматынын компетенциясынын чегинде буйруктарды, директива-
ларды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат, ал эми зарыл болгон
учурларда башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администра-
циялык ведомстволор, жана башка аткаруу бийлигинин органдары менен бир-
гелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышына контрол кылат;
- ага тапшырылган ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруучу бийликтин
органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө
карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар
милдеттүү түрдө аткара турган ченемдик укуктук актыларды чыгарат, Чега-
ра кызматынын компетенциясына берилген маселелер боюнча стандарттарды,
нормаларды жана эрежелерди бекитет;
- Чегара кызматынын структуралык жана аймактык бөлүмдөрүнө кызмат-
тык-күжүрмөн, администрациялык, финансылык-чарбалык ишин инспекциялоону
(текшерүүнү) уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген ыйгарым укуктарынын чегинде
Чегара кызматынын курал-жарактарын, аскердик техникаларын, башка мате-
риалдык каражаттарын эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген
тартипте, жараксыз абалга келген же жоголгон мүлктөрдү аскердик (балан-
салык) эсептен чыгарат;
- курал-жарактын, аскердик техникалардын, ок-даарылардын жана ма-
териалдык техникалык каражаттардын аскердик жана оперативдүү запастарын
түзүүнүн, топтоонун жана сарптоонун нормаларын, мүлктүк буюмдар менен
жабдуунун убактылуу нормаларын жана аларды урунуунун мөөнөттөрүн, атай-
ын тапшырмаларды аткарган же климаттык өзгөчө шартта жүргөн аскер кыз-
матчыларынын айрым категориялары үчүн азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу
нормаларын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде аскердик жана башка кызмат орундары-
на дайындайт жана ал кызмат орундарынан Чегара кызматынын жана анын
структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчи курамынын адамдарын бошотот, полков-
никке чейин аскердик наамдарды, анын ичинде алгачкы, мөөнөтүнөн эрте
жана штатта каралган аскердик наамдан бир баскычка жогорку наамдарды
берет;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине
жогорку аскердик наамды берүү жөнүндө расмий өтүнүч киргизет;
- Коргоо министрлигинин аскер комиссариаттары аркылуу Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарынын запастан аскердик кызматка чакырат жана ас-
кердик кызматка алат, аскердик кызмат боюнча которуштурат, аскердик
кызмат орундарга дайындайт;
- өзгөчө учурда өтө тартыш адистиги бар, курагы белгиленген чектен
ашкан аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттар аркылуу жоокердик,
сержанттык жана старшиналык орундарга чакырат жана аларды анык аскедик
чегара кызматына дайындайт;
- аскер кызматын (ишин) өтөө жөнүндө контракттарды түзүүнүн, кон-
курс боюнча кызматка дайындоонун тартибин жана шарттарын аныктайт;
- аскердик кызматка колдонулуучу адистик боюнча жогорку даярдыгы
жана зор тажрыйбасы бар запастагы офицерлерди анык аскердик кызматка
чакырганда (аныктаганда) алардын кызмат өтөгөн жылдарына карабастан
бир-үч баскычка жогору, бирок кызмат орду боюнча каралгандан жогору
болбогон офицердик наамды (полковниктин наамын кошо) ыйгарат (өзгөчө
тартипте);
- аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга иштеген жылдарына
проценттик кошумча төлөө үчүн алардын мамлекеттик бийликтин башка ор-
гандарында кызмат өтөгөн (иштеген) убактысын кызмат (иш) стажына кошот;
- Чегара кызматынын аскердик кызматта болуунун жогорку курактык
чегине жеткен жогорку квалификациялуу айрым адистеринин ичинен алардын
аскердик кызматта болуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыма
ылайык узартуу жөнүндө чечим чыгарат;
- өздүк курамды тарбиялоону, окутууну сапаттуу камсыз кылып жат-
кан, кесиби боюнча жогорку адистик чеберчиликке жеткен, аскер техника-
ларында жана куралдандырууда кырсыксыз жана үзгүлтүксүз иштеген Борбор-
дук аппараттын, Башкы штабдын, Чегара кызматынын структуралык бөлүмдө-
рүнүн аскер кызматчыларына даража квалификацияларын тапшырат жана аскер
кызматчыларынын даража квалификациясы үчүн белгиленген тартипте акчалай
сыйлык акы төлөп берет.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча Чегара кызматынын мамлекеттик кыз-
маткерлерине даража чиндерин берет жана мыйзамда белгиленген тартипке
ылайыктуу төлөмүн чыгарат;
- прапорщиктердин, мөөнөттөн тышкаркы кызматтагы аскер кызматчыла-
рынын жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын кызматтык маяна-
ларынын өлчөмүн алардын минимум жана максимум тарифтик разряддарынын
чектеринде белгилейт жана өзгөртөт;
- Чегара кызматын комплектөө үчүн чегара кадрларын даярдоонун
принциптерин жана уюштуруу негиздерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чегара кызматынын ас-
кер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуунун тартибин жана шарттарын
камсыз кылат жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде Чегара кызматынын
аскер кызматчыларын, жарандык персоналдарын жана алардын үй-бүлө мүчө-
лөрүн, ошондой эле мамлекеттик чегараны кайтарууга жана коргоого катыш-
кан жарандардын укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу ма-
селелерин чечет;
- Чегара кызматынын өздүк коопсуздугун, ошондой эле аскер кызмат-
чыларынын жана жарандык персоналдарынын коопсуздугун камсыз кылат;
- Чегара кызматынын аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик Уставында каралган укутардан толук
көлөмдө пайдаланат;
- Чегара кызматынын атынан чыгат жана анын мамлекеттик бийликтин
органдары менен өз ара иштешүүсүн камсыз кылат, ошондой эле эл аралык
уюмдарда, чектеш жана башка мамлекеттердин чегара, атайын, укук коргоо
жана аскердик органдарына Чегара кызматынын атынан чыгат;
- Чегара аскерлеринин Колбашчылар кењешине Чегара кызматынын укук-
тук өкүлчүлүгүн кызмат ордуна дайындайт;
- Чегара кызматынын атынан ведостволор аралык дењгээлде, ал эми
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын өкмө-
түнүн тапшыруусу боюнча - мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык дењ-
гээлдерде келишимдерди (макулдашууларды) түзөт;
- Чегара кызматынын органдарынын жана аскерлеринин, аскер кызмат-
чыларын жана жарандык персоналдын, ошондой эле чегара кызматынын алдын-
да турган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамле-
кеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана аларга ардактуу наамдарды берүүгө
сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
- белгиленген тартипте күжүрмөн даярдыктагы мыкты ийгиликтери, үл-
гүлүү аскердик тартиби, мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо ишине
кошкон жеке чоњ салымы үчүн Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын жа-
на жарандык персоналын сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды (медалдар-
ды), төш белгилерди жана аскердик наамдарды уюштурат, ведомстволук сый-
лыктар жана төш белгилер жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамыларын
бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аты жа-
зылган ок атуучу куралдар жана атылбас жабдыктар менен сыйлоо укугуна
ээ;
- Чегара кызматынын аскер кызматчыларын жана жарандык персоналды,
чегара органдарынын чет элдик өкүлдөрүн, ошондой эле Чегара кызматынын
алдында турган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды
баалуу белектер, ведомстволук сыйлыктар, төш жана аскердик белгилер ме-
нен сыйлайт;
- Чегара кызматынын структуралык жана аймактык бөлүмдөрүндөгү
айырмалоо жана ажыратуу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу
жөнүндө сунуштарды киргизет, ошондой эле Чегара кызматын тутумундагы
айырмалоо белгилерин жана алардын сыпаттамаларын белгиленген тартипте
бекитет;
- Мамлекеттик каражаттын эсебинен каржыланган, Чегара кызматынын
керектөөлөрү үчүн иштерди, тейлөөлөрдү жана товарларды сатып алуу боюн-
ча Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын саясатын жүргүзөт, Чегара
кызматына Мамлекеттик сатып алуу планын бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик жашыруун
сырларды коргоо менен байланышкан иштерди, тейлөөлөрдү жана товарларды
мамлекеттик сатып алууну өткөрүүнүн ички тартибин бекитет, Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык, сатып алууну өткөрүүнүн тартиптерин
контролдоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат;
12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегара саясатынын чөйрөсүн-
дөгү маанилүү маселелерди кароо үчүн Чегара кызматында курамы 13 адам-
дан турган коллегия түзүлөт.
13. Чегара кызматынын Коллегиясынын курамына төрага, төраганын
орунбасарлары кирет. Коллегиянын калган жеке курамынын мүчөлөрүн төра-
ганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
Чегара кызматынын коллегиясынын курамына Чегара кызматынын структуралык
бөлүмүнүн жетекчилери жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү ки-
рет.
14. Чегара кызматынын Коллегиясы жыйналыштарда Чегара кызматынын
ишин өркүндөтүү маселелерин карайт, аткарууну контролдойт, кызмат адам-
дарынын отчетторун угат.
Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк до-
бушу менен кабыл алынат жана төраганын буйруктары (директивалары) тү-
рүндө ишке ашырылат.
15. Төрага менен коллегиянын калган мүчөлөрү ортосунда пикир ке-
лишпестиктер чыккан учурда, төрага акыркы чечимди чыгарат жана пайда
болгон пикир келишпестиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирет.
Коллегиянын мүчөлөрү өз пикирин жазуу түрүндө Кыргыз Республикасы-
нын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүүгө укугу
бар.
16. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана
Чегара кызматынын коллегиясынын биргелешкен отурумунда кабыл алынган
чечимдер протокол менен таризделет жана төраганын, Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу
менен ишке ашырылат.