КР Президентинин
2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1995-жылдын 25-январы ПУ № 30
Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун иши үчүн мыйзам негиздерин, зарыл укуктук шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары:
- Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону түшүндүрүү боюнча жер-жерлерде аксакалдар сотторунун кеңешмелерин өткөрсүн;
- алардын ишин уюштурууда жана алардын ишмердигин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда аксакалдар сотторуна таасирдүү жардам көрсөтсүн.
3. Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |