Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы № 30 Указы менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери жана функциялары
III. Аксакалдар сотторун уюштуруунун тартиби
IV. Аксакалдар соттору карай турган иштер
V. Иштерди аксакалдар сотторунда кароонун тартиби
VI. Аксакалдар соттору колдоно турган таасир этүү чаралары
VII. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилелери
I. Жалпы жоболор
1. Аксакалдар соттору - бул шайлануу жана өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде түзүлүүчү коомдук органдар, алар өзүлөрүнө берилген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чектеринде сот укугун жүзөгө ашырууга чакырылган.
Аксакалдар соттору граждандардын чогулушунун, жергиликтүү кеңештердин же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун башка өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча айылдардын, поселкалардын жана шаарлардын аймагында уюштурулушу мүмкүн.
2. Аксакалдар соттору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндөгү ушул Убактылуу жобону (мындан ары - Убактылуу жобо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү кеңештердин чечимдерин, өзүнүн абийирин жана жеке ишенимдерин жетекчиликке алат.
Аксакалдар соттору ошондой эле кыргыз элинин үрп-адаттарына жана каада-салттарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген моралдык жана адептик нормаларды жетекчиликке алууга укуктуу.
II. Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери жана функциялары
3. Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- граждандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
- мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо;
- укук бузуулардын алдын алуу;
- граждандарды мыйзамдарды, үрп-адаттардан жана каада-салттардан улам тарыхый жактан түзүлгөн, мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдык жана адептик нормаларды урматтоого тарбиялоо.
Аксакалдар сотторунун ишинде башкысы - ынандыруу жана коомдук таасир этүү жолу менен мекендештерин тарбиялоо, тараптардын жарашуусуна жетишүү жаш адилеттүү, мыйзамга карама-каршы келбеген чечимди чыгаруу.
4. Аксакалдар соттору сот акыйкаттыгын төмөнкүчө жүзөгө ашырат:
- граждандардын мүлктүк, үй-бүлөлүк жана башка талаш-тартыштарын карап чыгуу жана чечүү;
- ушул Убактылуу жободо каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо;
- кылмыш-процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте берилген кылмыш иштерин карап чыгуу.
Аксакалдар сотторунун чечимдери 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын райондорунун жана шаарларынын тиешелүү сотторуна даттанылышы мүмкүн. Граждандар тарабынан даттануунун берилиши аксакалдар сотунун чечиминин аткарылышын токтотот.
III. Аксакалдар сотторун уюштуруунун тартиби
5. Аксакалдар соттору айылдарда жана поселкаларда бир калктуу пунктка - бир аксакалдар соту, же бир айылдык же поселкалык кеңешке бир аксакалдар соту; ал эми шаарларда - микрорайондо, кварталдардын, үй комитеттеринин же башка комитеттердин алдында бир аксакалдар соту деген принцип боюнча түзүлүшү мүмкүн.
6. Аксакалдар сотторунун курамына аксакалдар же айылдардын, поселкалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ болгон, ишкердик жана адептик сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон башка граждандар шайланышы мүмкүн.
7. Аксакалдар соттору жашаган жери боюнча граждандардын жалпы жыйындарында, ошондой эле айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештердин сессияларында ачык добуш берүү менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча жыйындар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары тарабынан же граждандардын өздөрүнүн демилгеси боюнча чакырылат. Шайлоо күнү жөнүндө күн мурунтан кабар берилет.
Аксакалдар соттору 3 мүчөдөн кем болбогон жана 9 мүчөдөн ашпаган курамда шайланат, алар так санда болууга тийиш. Соттун мүчөлүгүнө талапкерлерди граждандар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары көрсөтөт.
Жыйынга катышкандардын добуштарынын көпчүлүгүн алган граждандар соттун курамына шайланды деп эсептелет.
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө тиешелүү жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары күбөлүктөрдү берет.
3. Аксакалдар соттору жашаган жери боюнча граждандардын жалпы жыйынына өзүнүн ишмердиги жөнүндө жылына кеминде бир жолу отчет берет.
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн граждандардын, жалпы жыйыны мөөнөтүнөн мурда кайра чакырып алышы мүмкүн.
IV. Аксакалдар соттору карай турган иштер
9. Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди кароого укуктуу:
а) граждандардын ортосундагы мүлктүк талаш-тартыштар жөнүндө, атап айтканда, карызды өндүрүп алуу; мүлктү бөтөн бирөөнүн мыйзамсыз ээлеп алышынан кайра талап кылуу; гражданга сактоого берилген мүлктү кайра кайрып берүү; жеке менчик укугунда гражданга тиешелүү болгон турак-жайды жана башкаларды жалдоо үчүн акыны өндүрүп алуу жана башка иштер;
б) биргелешкен жалпы мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө;
в) ата-энелер балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбай коюшу жөнүндө;
г) балдар ата-энелерин багуу боюнча милдеттерин аткарбай коюшу жөнүндө;
д) жер участкаларын пайдалануучулардын ортосундагы, анын ичинде сугат боюнча талаш-тартыштар;
е) айыл чарбасына арналган жерлерди жана жайыттарды сарамжалсыз пайдалангандыгы жөнүндө;
ж) спирт ичимдиктерин куюп сатууга тиешелүү орган уруксат берген соода жана коомдук тамактануу ишканаларын кошпогондо, көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, сабактарда, коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жерлерде спирт ичимдиктерин ичүү же адамдын ар-намысын жана коомдук адептүүлүктү маскаралаган мас абалда коомдук жерлерге келүү жөнүндө;
з) майда-чүйдө ээнбаштык, мазактоо, ушактоо, уруп-сабоо жана ден соолуктун бузулушуна алып келбеген, денесине жеңил жаракат келтирүү жөнүндө;
и) көрстөндөрдү, эстеликтерди, динге табынган жерлерди маскаралоо жөнүндө;
к) мамлекеттик жана коомдук мүлктү майда-чүйдө уурдоолор жөнүндө;
л) бак-дарактарга жана башка көчөттөргө зыян келтирүү жана мыйзамсыз түрдө кыюу жөнүндө, мыйзамсыз түрдө аңчылык кылуу жана балык уулоо жөнүндө;
м) турак-жайларга жана турак эмес жайларга зыян келтирүү, граждандар өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабай коюшу жөнүндө:
н) нике кыюу-үй-бүлөлүк мамилелер жагынан улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар менен байланышкан мүлктүк талаш-тартыштар жөнүндө.
Эгерде прокурордун санкциясы менен алгачкы тергөө жана тергөө органдары же сот кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга ылайык зор коомдук коркунучту пайда кылбаган кылмыштар жөнүндө (атап айтканда, граждандардын жеке мүлкүн жана малын уурдоолор боюнча жана башка) иштерди аксакалдар сотуна берсе, ал ушундай иштерди да карай алат.
10. Аксакалдар соттору өкүмдөр, сот чечимдери чыгарылган, административдик жаза колдонулган же өз компетенциясынын чектеринде аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган иштерди кароого укуксуз.
V. Иштерди аксакалдар сотторунда кароонун тартиби
11. Аксакалдар соттору иштерди калк жашаган жерде карайт.
12. Аксакалдар соттору иштерди төмөнкүлөр боюнча карайт:
а) тиешелүү жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдарынын сунуштары боюнча;
б) административдик жазалоо укугу бар органдар же кызмат адамдары берген материалдар боюнча;
в) алгачкы тергөө жана тергөө органдары, ошондой эле сот белгиленген тартипте берген материалдар боюнча;
г) граждандардын арыздануулары боюнча;
д) аксакалдар сотунун өзүнүн демилгеси боюнча.
13. Аксакалдар соту иштерди алар келип түшкөн убакыттан тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө карап чыгат. Иштерди карап чыкканга чейин зарыл болгон учурларда келип түшкөн материалдар текшерилиши мүмкүн.
Аксакалдар соту граждандык-укуктук талаш-тартыштарга тартылган, зыянга тарткан адамдарды жана алардын катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат. Катышуучулар кошумча материалдарды талап кылып алуу жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.
14. Аксакалдар сотторунун заседаниелери, эреже катары, ачык жана маалымдуу түрдө өткөрүлөт. Айрым учурларда бир тараптын өтүнүчү боюнча иш жабык заседаниеде каралышы мүмкүн.
Иштер аксакалдар сотунун кеминде үч мүчөсү бар болгон учурда каралышы мүмкүн, мында бардык учурларда алар так санда болууга тийиш.
Эгерде аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн бири талашып-тартышып жаткан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына талапкер деп эсептөөгө негиз берген башка кырдаалдар бар болсо, ал мүчөлөр ишти карап чыгууга катыша албайт.
15. Аксакалдар соттору материалдарды карап чыгат, иштер боюнча тартылган адамдардын түшүнүгүн угат. Мында иш боюнча тартылган адамдар каралып жаткан иштин маңызы боюнча суроолорду берүүгө жана сөз сүйлөөгө укуктуу.
16. Аксакалдар соту иштерди карап чыгуунун натыйжалары боюнча тиешелүү ишти карап чыгууга катышкан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Соттун чечими кат жүзүндө баяндалат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- чечим кабыл алынган убакыт жана жер, соттун курамы;
- иш боюнча тартылган адамдар;
- талаш-тартыштын негизи же укук бузуунун мазмуну;
- аксакалдар сотун тиешелүү тыянак чыгарууга алып келген себептер;
- каралып жаткан материал боюнча аксакалдар соту чыгарган корутунду;
- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби.
Аксакалдар сотунун чечимине төрагалык кылган адам жана ишти карап чыгууга катышкан соттун мүчөлөрү кол коет.
17. Аксакалдар сотунун иш өндүрүшү ишти карап чыгуу аяктагандан кийин тиешелүү жергиликтүү кеңештердин органдарына сактоого берилет.
18. Иштерди аксакалдар сотторунда териштирүү акысыз жүргүзүлөт.
VI. Аксакалдар соттору колдоно турган таасир этүү чаралары
19. Аксакалдар соту төмөнкүдөй таасир этүү чараларынын бирин колдоно алат:
1) эскертүү берүү;
2) зыян тарткан тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
3) эл алдында уяткаруу;
4) күнөө кылган тарапты келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акынын үч минималдуу айлыкка (минималдуу ставкага) чейинки өлчөмдө акчалай айып акы салуу.
Эгерде мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча сот тараптарды жараштыра албаса, ал каралып жаткан маселенин маңызы боюнча чечим кабыл алат.
Зарылчылык болгон учурда аксакалдар соту материалды тергөө органдарына берүүгө укуктуу.
Акчалай айып акы аксакалдар соту турган баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештин бюджетине кошулат.
20. Аксакалдар сотунун ыктыярдуу түрдө аткарылбаган чечими тиешелүү райондук же шаардык сот бере турган аткаруу барагынын негизинде мажбурлап аткарылат.
Сот аткаруу барагын берүү учурунда аксакалдар сотунун чечимдери мыйзамга ылайык келе тургандыгын, ушул Убактылуу жобонун эрежелери сакталышын текшерет.
VII. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилелери
21. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жана соттун мүчөлөрүнө колдоо акысын берүүнү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары жүзөгө ашырат.
Аксакалдар сотторуна мыйзамдарда колдонуу жагынан методикалык жардамды алар кайсы аймакта түзүлсө, ошол райондук жана шаардык соттор берет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Алдындагы Мамлекеттик катчысы Ж.Ибраимов