Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-июну № 34/1
Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айыл кеңешине айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1 штаттык кызмат орду жана 5000 сом өлчөмүндөгү айлык акысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | А.Кадыркулов |