Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы №178-27 токтому менен бекитилген |
Аламүдүн айыл аймагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо инфекциялык (анын ичинде карантиндик жана өзгөчө кооптуу) оорулардын очокторун локализациялоого жана жоюуга, аларды жайылтпоого багытталган чарбалык жана башка иштин өзгөчө шарттары жана режими каралган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчү, административдик, чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды киргизүү жана ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде иштелип чыкты.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
обочолонтуу- өзгөчө кооптуу инфекцияларды жуктурбоо жана жайылтпоо максатында инфекциялык оорулары бар бейтаптардан оорусу жок адамдарды бөлүү;
күндүзгү стационар – бейтаптар күндүзү кеңеш алуу, текшерилүү, дарылануу жана реабилитация үчүн баруучу жай, андан кийин үйлөрүнө кайтышат же түндү башка мекемеде өткөрүшөт;
обсервация- атайын жайларда обочолоп жайгаштырылган адамдарды (өзгөчө кооптуу оорусу бар бейтаптар менен байланышта болгон дени сак адамдар) белгилүү убакыттын аралыгында медициналык байкоого алуу;
чектөөчү иш-чаралар (карантин) – бул инфекциялык ооруларды жайылтпоого, эпидемиялык очокту локализациялоо менен кийин анын жоюлушун камсыздоого багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, жүктөрдү, товарларды жана жандыктарды ташууну, калктын, транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү караштырган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;
өзүн-өзү обочолонтуу– бул ооруну жуктуруу тобокелин азайтуу үчүн адамдардын башка адамдар менен байланышпоосу. Өзүн-өзү обочолонтуу обочолонбогон адамдар менен кандай болбосун байланыштарды түзбөөнүн ар кандай кырдаалдарын камтыйт;
эпидемиялык өзгөчө кырдаал- аймактагы калктын түзүлүп калган жашоо калыбынын бузулуусуна, оорунун козгогучу ошол аймактан сыртка чыгуусуна, оорунун оор абалда өтүүсүнө жана жагымсыз натыйжалардын көбөйүүсүнө алып келүүчү эпидемиялык очоктордогу инфекциялуу бейтаптардын санынын прогрессивдүү өсүүсү.
II. Чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүү тартиби
4. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары - карантинге алынуучу аймак) инфекциялык оорулардын келип чыгуу жана/же жайылуу коркунучу чыккан учурларда киргизилет.
Инфекциялык оору жуккан жана/же инфекциялык оорулуу болгон жана/же инфекциялык ооруну жугузуп алууга шектүү адам жүргөн аймак, чарбалык же башка иштин объекттери аталган оорунун очогу болуп эсептелет.
Чектөөчү иш-чаралар (карантин) оорунун аныкталган очогун жана инфекция булагын, ошондой эле ага байланышы бар адамдарды жана объекттерди эске алуу менен төмөнкүдөй киргизилиши мүмкүн:
- бир конкреттүү объектте;
- конкреттүү бир көчөдө/кварталда;
- калктуу конушта;
5. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) оорунун инкубациялык мезгилин жана ошол инфекцияны акыркы жолу жугузуу мүмкүндүгүн эске алуу менен белгилүү бир мөөнөткө киргизилет.
6. Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын сунушу боюнча чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жана алып салуу жөнүндө чечимди Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алат.
III. Аламүдүн айыл аймагынын эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиясы
7. Аламүдүн айыл аймагынын эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиясы (мындан ары – Комиссия) туруктуу иштеген координациялаган орган болуп саналат. Комиссия түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын түзүмү:
1) Комиссиянын жетекчиси (Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары);
2) Комиссиянын жетекчисинин орун басары (социалдык кызматчы)
3) Комиссиянын мүчөлөрү: Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органдарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү, Аламүдүн РИИБнын милициянын участкалык инспектору, коомдук уюмдардын өкүлдөрү.
9. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Комиссиянын отуруму саналат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси комиссиянын отурумуна катышса, ал мыйзамдуу укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Отурумга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү чечимге добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
10. Комиссия төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:
- эпидемиялык очоктун, оору болгон пункттун, карантинге алынуучу зонанын (зарылдыгына жараша коркунуч жараткан зонанын) чектерин так белгилешет, карантиндик посттордун, айланма жолдордун жана маалымдоо белгилерин жайгаштыруу жерлерин аныкташат;
- эпидемиялык очокту жоюу, оору болгон пункттарда жана оору коркунучу бар зоналарда аны жайылтпоо жана профилактика иш-чараларынын планын иштеп чыгышат. Мында карантиндик аймактын, чарбалык же башка иштин объектисинин, өзгөчө маанилүү объектинин эпидемиологиялык абалы чагылдырылат (инфекциянын жайылуу даражасы, бейтаптардын болушу), чарбалык жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзүү масштабдары жана мөөнөттөрү каралат, оору очогун сакайтуу ыкмалары жана мөөнөттөрү аныкталат, өзүнчө иштерди аткарууга жана оорунун очогун жоюуга жооптуу адамдар дайындалат жана карантиндин башка эрежелери каралат;
- чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн керектүү материалдарды даярдашат;
- чектөөчү иш-чаралардын/карантиндин режимин камсыздоочу күчтөрдү жана каражаттарды аныкташат.
IV. Чектөөчү иш-чаралардын (карантиндин) түрлөрү
11. Чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүүдө төмөнкүлөр каралат:
- куралданган күзөт кызматкерлерин коюу (курчоо) менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана жалпы карантиндик зонаны толугу менен обочолонтуу;
- карантин зонасынан калктын кирүүсүн жана чыгуусун, ошондой эле мүлктү алып чыгарууну катуу контролдоо;
- оору жуккан очок аркылуу автомобиль транспортунун өтүүсүнө жана өзүнчө бөлүнгөн жайлардан башка жерде токтоосуна тыюу салуу;
- обсерваторлорду ачуу жана оору очогунда болгон адамдарды жана карантин зонасынан тышкары жакка чыккан адамдарды обсервацияга алуу иш-чараларын жүргүзүү;
- инфекциялык бейтаптарды эрте аныктоо, аларды обочолонтуу менен атайы бөлүнүп даярдалган саламаттык сактоо уюмдарына жаткыруу;
- калктын айрым топторунун ортосундагы баарлашууларды чектөө жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин сактоо;
- чектөөчү иш-чаралар (карантин) учурунда, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша калк үчүн шаардык транспорттун, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иштин объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай турган иштөө режимин белгилөө;
- маска режимин киргизүү;
- эпидемиялык очокто жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын, айыл чарба объекттеринин эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш режимин белгилөө;
- сырткы чөйрөнүн объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын жугушсуздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларын өткөрүү;
- тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттеринин чыгарылуучу продукциянын зыянсыздыгын кепилдөөчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүү;
- чукул түрдөгү жана спецификалуу профилактиканы жүргүзүү;
- калк, ишканалар, министрликтер жана ведомстволор тарабынан карантиндин белгиленген эрежелерин так аткарылышын контролдоо;
- калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жугузуу очогунун айланасында, адамдар жана транспорт каражаттары жүрүүчү негизги жолдордо күзөт постторун коюу жолу менен карантиндик аймакта күнү-түнү иштеген куралдуу күзөттү (курчоону) жана посттор аралык күзөттү күнү-түнү патрулдоо, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын жүрүшүн катуу контролдоо, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл жолдорунда, жалгыз аяк жолдордо постторду орнотуу ж.б.;
- карантиндик зонада саламаттык сактоо системасынын, тамак-аш өнөр жайынын ж.б. иштешин камсыздоочу транспорт каражаттарын жана адамдарды кошпогондо, карантинге алынган калктуу конуштардын ичинде жана арасында калктын, транспорттун жүрүүсүнө тыюу салуу;
- массалык иш-чаралардын (митингдердин, жыйналыштардын) өткөрүлүшүнө тыюу салуу, базарларды жабуу ж.б.
V. Күндүзгү стационар, обсервация
12. Күндүзгү станционар Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан мейманканалардын, жатакалардын, эс алуу үйлөрүнүн, имараттардын ж.б. базасында күн мурун иштелип чыккан план боюнча жайгаштырылат. Күндүзгү станционарларда, обсерваторлордо медициналык байкоону ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн медициналык кызматкерлер ишке ашырат.
13. Стационарда дарыланып жаткан, обсервациялануучу адамдар мүмкүндүккө жараша майда топтордо жайгаштырылат, топтор арасында сүйлөшүүгө жол берилбейт. Стационарга, обсерваторго жайгаштыруунун алдында адамдар медициналык кароодон өтөт. Күндүзгү станционарга, обсерваторго оорунун жеңил формалары менен жабыркаган адамдар гана жайгаштырылат.
14. Стационарда дарыланып жаткан, обсервациялануучу адамдардын арасында инфекциялык оорулар аныкталганда, алар госпиталдарга которулат, ал эми башка стационарда дарыланып жаткан, обсервациялануучулар үчүн алардын обсервация мөөнөтү инкубациялык мезгилдин аякташына чейин тиешелүү түрдө узартылат. Стационарда, обсерватордо бейтапты ооруканага жаткыргандан кийин бейтап менен байланышта болгон стационарда дарыланып жаткан, обсервациялануучу адамдарды жана тейлөөчү персоналды толук санитардык иштеп чыгуу менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
15. Аныкталган бейтаптарды обочолотууну эпидемиялык очокто иштеген медициналык түзүмдөр (эвакуациялык бригада) уюштурат.
16. Эгер обочолоодон өтүү учурунда обочолоого алынган адамда оорунун клиникалык белгилери жана оң лабораториялык изилдөөлөр табылса, анда алар мындан ары дарылануу үчүн госпиталга которулат.
17. Өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулар боюнча абал жакшы эмес пункттардан жана өлкөлөрдөн келген адамдар өз алдынча обочолонууга алынат, бул учурда ал адамга коомдук саламаттык сактоо кызматтары тарабынан инфекциянын инкубациялык мезгилинде башка адамдар менен байланышта болбоо милдеттемеси берилет.
18. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфекциялык оорулууларын дарылоо үчүн инфекциялык көчүп жүрмө госпиталдар, күндүзгү стационарлар, обсервациялык госпиталдар ж.б. түрүндөгү убактылуу инфекциялык стационарлар жайгаштырылышы мүмкүн. Убактылуу инфекциялык стационарларды уюштуруу үчүн менчик ээсинин макулдугу менен менчик формасына карабай кыймылсыз мүлк объектилери тартылат. Убактыруу инфекциялык стационарларда иштөө үчүн мөөнөттүү эмгек келишими боюнча медициналык кызматкерлер тартылат.
19. Убактыруу инфекциялык стационарларга жана обсерваторлорго тартылган медициналык кызматкерлерди медициналык жабдуу, санитардык каражаттар жана дары-дармектер менен камсыз кылуу, эмгек акы төлөө төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражатынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Корутунду бөлүгү
20. Ушул Жобо Аламүдүн айылдык кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор колдлнуудагы мыйзамдар менен киргизилиши мүмкүн.