Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 37-1
Төөлөс айылдык кеңешинин штаттык бирдигине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 04-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 05-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин” жолдогон 2020-жылдын 28-майдагы №01-25/119 сандуу катын жетекчиликке жана аткарууга алуу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин” жолдогон 2020-жылдын 28-майдагы №01-25/119 сандуу каты жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Төөлөс айылдык кеңешинин штаттык бирдигине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип бекитилсин. (тиркеме)
3. Бекитилген штаттык бирдикке ылайык айлык маяналарын төлөп берүү жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык
кенешинин төрагасы: М.Абдырахманов.
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезексиз
37-сессиясынын
№37-1 токтомуна тиркеме.
Төөлөс айылдык кеңешинин 2020-жылдын 01-июлуна карата штаттык бирдиги.
к № | Аты жөнү | Кызматтын аталышы | Штаттык бирдик | Базалык ставкасы | Коэфиценти |
1 | Абдырахманов Мырзакпар Жапарович | төрага | 1 | 5000 | 2,7 |
2 |
| Жооптуу катчысы | 1 | 5000 | 2,27 |
| бардыгы | - | 2 | 10 000 | - |
Айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы А.Камбаралиев