Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-августу № 20/4
Ой-Тал айылдык Кенешине караштуу Ой-Тал айылдык маданият үйүнө Үркүнов Султанмамыттын ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Админитстрациялык- аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө”токтомунун талаптарына ылайык жана Ой-Тал айылынын 02.02.2020-жылдагы элдик жыйынынын токтомуна негиз депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин кезектеги 20-сессиясынын (6- чакырылыш) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айылдык Кенешине караштуу Ой-Тал айылдык маданият үйүнө Үркүнов Султанмамыттын ысмын берүү боюнча 20.02.2020-жылдагы элдик жыйынынын № 3 –протоколу бекитилсин.
2. Ой-Тал айылдык Кенешине караштуу Ой-Тал айылдык маданият үйүнө Үркүнов Султанмамыттын ысымы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кенешинин мыйзамдуулук,укук тартиби,Кенештердин иштери депутаттык этика ,коомдук уюмдардын ,саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Абдикеримов |
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн Ой-Тал айылынын жашоочуларынын элдик жыйыныны
ПРОТОКОЛУ
Ой-Тал айылы № 3 20-февраль 2020-ж
Элдик жыйынга 72 адам катышты.
Элдик жыйындын президиуму :
1. Б.Осмонов - Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы,чогулуштун торагасы;
2. А.Арыкбаева - Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы,чогулуштун катчысы
3. М.Абдазимов - мүчөсү
4. Р.Тагайбаев - мүчөсү
5.А.Токоева - мүчөсү
КУН ТАРТИБИНДЕ:
1. Ой-Тал айылдык Кенешине караштуу Ой-Тал айылдык маданият үйүнө Үркүнов Султанмамыттын ысмын берүү жөнүндө
Угулду: Кун тартибинде маселе боюнча Ой-Тал айылынын айыл башчысы Б.Ыбышов чыгып сүйлөп төмөндөгүлөрдү белгиледи. :
Ой-Тал орто айылдык маданият үйүнө Ой-Тал айылынын кадырлуу аксакалы,маданият тармагына бүткүл өмүрүн арнаган ыраматылык Үркүнов Султанмамыттын атын ыйгарууну сунуштады.Бул киши айылдык маданият үйүндө өмүрү өткөнчө көп жыл кызмат кылгандыгын,айыл калкынын маданиятын көтөрүүдө,каада салтынын өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошуп келгендигин жана маданият тармагынын айылдык өкүлдөрүнө моралдык да,материалдык да жардам берип тургандыгын белгиледи.
Кун тартибиндеги маселени талкуулоо боюнча айыл тургундары :
1. Булашбаев Туратбек,айылдык маданият үйүнүн башчысы:
Урматтуу айыл тургундары! Султанмамыт агабыз айылдык маданият кызматкерлеринин алдыңкы өкүлү болгонунун эч кимибиз тана албайбыз.Ошондой эле маданиятты көтөрүүдө өзүнүн тубаса талантын,уюштуруучулук эмгегин баарыбыз билебиз.Анын мен да,мен сыяктуу башка маданият кызматкерлери дайыма насааттарын угуп,тажрыйбасын колдонуп келдик.Бүгүнкү маселе абдан туура койулган.Мындай инсандарды өзүбүз баалабасак ким баалайт.Ошондуктан анын ысымын айылыбыздын мадания үйүнө коюу мезгил талабы. Бул сунушту колдоп кетүүгө чакырамын.
2. Абдазимов Апи,айыл аксакалы:
Урматтуу туугандар,бул жакшы жөрөлгө. Султамамыттын эмгегин кимибиз билбейбиз.
мына ал иштеп турганда айылыбызда маданият тармагы жакшы болгондугун кимибиз танабыз.Азыркы жаштар да үлгү алгыдай адам эле. Бул адамдын ысымынын берилишин
баардыгыбыз колдоп берели.
Мындан сыркары С.Токтогулов,Т.Арыкбаев ,Т.Орунбеков ,Р.Курмушуев,Ж.Торубаев ж.б айыл тургундары чыгып сүлөшүп жогорудагы сунушту бир добуштан колдошту.
Кун тарбиндеги маселени талкуулап Ой-Тал айылынын жашоочуларынын элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айылдык Кенешине караштуу Ой-Тал айылдык маданият үйүнө Үркүнов Султанмамыттын ысмын берүү сунушу колдоого алынсын.
2. Бул токтомду бекитип беруу жагы Ой-Тал айылдык Кенешинен суралсун.
Макул - 72, Каршы – жок, Калыс - жок.
Элдик жыйындын төрөгасы :- Б.Осмонов
Катчысы : - А.Арыкбаева