КР Президентинин 2019-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 23 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-декабры ПЖ № 547 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттикколдоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кадыр-баркынкөтөргөн жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында токтомкылам: 1. 2008-жылдын 1-январынан тартып өмүр бою берилүүчү ар айлык тө-мөнкүдөй стипендиялар уюштурулсун: - Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна - 20000 (жыйырма мињ) сомөлчөмүндө; - Олимпиадалык оюндардын күмүш байгесинин ээлерине - 17000 (он же-ти мињ) сом өлчөмүндө; - Олимпиадалык оюндардын коло байгесинин ээлерине - 15000 (он бешмињ) сом өлчөмүндө. 2. Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүрбою берилүүчү ар айлык стипендиялар ар бир олимпиадалык наам үчүн өзүн-чө эмес, "Олимпиадалык оюндардын чемпиону", "Олимпиадалык оюндардынбайге ээси" деген титулдар үчүн берилет. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине стипен-дияларды төлөөгө финансылык каражаттарды тапсын жана мындан ары жылсайын карасын; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев