Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 4
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.10.2015-жылдагы № 747 токтомунун негизинде “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн № 27.10.2015-жылдагы №747 токтомунун негизинде “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳгү Уставын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б.Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы бекитилсин (1-тиркемеге ылайык)
3. Коомдук алдын алуу борборуна күбѳлүк алып мыйзамдаштыруу жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б.Раманкуловко жүктѳлсүн.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б.Раманкуловко жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |
БЕКИТИЛДИ
Момбеков айыл аймагынын
Момбеков айылдык кеңешининн
22.04.2020-жыл №4 токтому
менен бекитилди
Коомдук алдын алуу борбордук мекемесинин Уставы
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары - КААБ) - Момбеков айыл ѳкмѳтү тарабынан кѳрсѳтүлгѳн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын айыл аймагында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгѳ Момбеков айыл аймагындагы мекеме уюмдардын, ишканалардын билим берүү мекемелеринин жана жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
-мамлекеттик тилде: «КААБ» мекемеси.
-расмий тилде: Организация «Обүественно-профилактический центр» Момбеков айыл Окмоту
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
-мамлекеттик тилде: «КААБ» мекемеси
-расмий тилде: «ОО «ОПЦ»
3. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн КААБ мекемеси ѳз ишин Кыргыз Республикасындагы «Укук бузуулардын алдын алуу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузууларды алдын-алуу чѳйрѳсүндѳгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдерге жана ушул уставка ылайык ишке ашырылат.
4. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн КААБ мекемесинин иши мыйзамдуулук ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана калк менен ѳз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КААБ ѳз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде ѳзүнүн аталышы жазылган мѳѳрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:
7. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын –Кеңешинин юридикалык дареги Момбеков айыл ѳкмѳтү
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
2.КААБдын максаттары жана милдеттери
8. КААБдын максаты Момбеков айыл аймагынын тиешелүү аймагында жайгашкан менчигинин түрүнѳ карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бѳгѳт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгѳ бириктирүү.
9. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:
-жалпы алдын алууну камсыз кылуу коррупцияга каршы күрѳшүү (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдуу пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербѳѳ):
-жекече алдын алуу диний экстремистик кѳз караштагы жарандар менен (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы кѳз караштарды жана кѳрсѳтмѳлѳрдү жеңүү):
-түздѳн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербѳѳ):
-эрте алдын алуу жаш ѳспүрүмдѳрдүн кылмышка барбоо, аракеттерине бѳгѳт коюу, мектеп окуучуларынын ѳз ѳмүрүн кыюуга жол бербѳѳ (балдар жана ѳспүрүмдѳр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербѳѳ).
10. КААБдын милдеттери ѳзүнѳ тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу:
-мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жеке алдын алуу аракеттерин кѳрүү:
-мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды кѳрүү:
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ѳз ара аракеттенүүнү уюштуруу:
-укуктук билимдерди пропагандалоо:
-жашы жете элек балдарды үйүндѳ, кѳчѳдѳ кѳзѳмѳлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана катышуу:
-тиешелүү айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым айылдардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү:
-мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулого тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу:
-мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын ѳнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳлѳрүнүн катышуусун активдештирүү:
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
-ѳз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрѳшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтиралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнѳ дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КААБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КААБдын укуктары жана милдеттери
12. КААБдын ѳзүнѳ жүктѳлгѳн милдеттерди аткаруу үчүн тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
-ѳзүнүн иши жѳнүндѳ маалыматтарды эркин жайылтууга:
-мамлекеттик бийлик органдарында жана коомдук уюмдарга ѳз укугун, КААБдын мүчѳлѳрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын кароого жана билдирүүгѳ:
-ѳзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖѲБОлорго сунуштарды киргизүүгѳ:
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан, жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого:
-ѳз жыйындарына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, иш-каналардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрүн чакырууга:
-зарыл болгон учурда ѳз ѳкүлдѳрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары ѳткѳргѳн жыйындарга, конференцияларга семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгѳ:
-тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдѳрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга:
-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгѳ, КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш аракеттерди жасоого :
-жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциасияларды жана бирикмелерди түзүүгѳ, ички жана чет ѳлкѳлүк инвестицияларды тартууга грандтарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет ѳлкѳлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
13. КААБ тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ѳз ишинин чѳйрѳсүнѳ тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого:
-дайыма жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча ѳз иши жѳнүндѳ отчет берүүгѳ:
-мыйзам бузуу фактылары жѳнүндѳ ички иштер органдарына (мындан ары- ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды кѳрүүгѳ:
-коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо талабы боюнча КААБдын жетектѳѳчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгѳ:
-жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳзүнүн иши жѳнүндѳ дайыма маалымат берүүгѳ:
-тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мѳѳнѳттѳ жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду ѳз убагында берүүгѳ:
-жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жѳнүндѳ мезгил мезгили менен маалымдап турууга:
-КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жѳнүндѳ кам кѳрүүгѳ, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КААБдын мүчѳлѳрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КААБга мүчѳлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Айыл аймагында туруктуу жашаган же иштеген, 18-жашка толгон, иш-аракетке жѳндѳмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер органдарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички Иштер органынын жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын ѳкүлдѳрү, ошондой эле иш-каналардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчылары жана ѳзүнүн маралдык иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жѳндѳмдүү жарандар КААБдын мүчѳлѳрү боло алышат.
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
16. КААБдын мүчѳлѳрү ѳз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КААБдын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18.КААБдын мүчѳлѳрү тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
-жалпы чогулуштарга катышууга:
-КААБдын жетектѳѳчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга:
-КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгѳ:
-КААБдын пландалган иш-чаралары жѳнүндѳ маалымат алууга:
-КААБдын тарабынан ѳткѳрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КААБдын мүчѳсү тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:
-КААБдын уставын сактоого:
-КААБдын ишине катышууга:
-КААБдын жетектѳѳчү органдарынын чечимдерин аткарууга:
-КААБ тарабынан ѳткѳрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КААБка мүчѳлүк тѳмѳнкү учурларда токтотулат:
-жеке арызынын негизинде:
-КААБдын жетектѳѳчү органынын чечиминин негизинде КААБдын мүчѳлүгүнѳн чыгаруу:
-КААБдын мүчѳсү каза болгондо:
-КААБдын мүчѳсү ден-соолугунун абалы боюнча ѳз милдеттерин аткарууга жѳндѳмсүз болгондо:
-КААБдын мүчѳсү ишке жѳндѳмсүз деп таанылган учурда
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КААБдан чыгаруу тѳмѳнкү учурларда жүргүзүлѳт:
-ушул уставдын талаптарын бузганда:
-жарандын ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда:
-КААБдын ишине 3 жолудан ашык катышуудан баш тартканда
5. КААБдын жетектѳѳчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КААБнун жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчѳлѳрүнүн үчтѳн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин жүздѳн ашуун мүчѳсү болгон учурда -25 мүчѳсүнѳн кем эмеси катышса кворумга ээ болот
24. Жалпы чогулуштун ѳзгѳчѳ компетенциясын тѳмѳнкү маселелер түзѳт:
-уставга ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби:
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
-Коомдук бирикменин мүчѳлѳрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе):
-Башкаруу органдарын түзүү тартиби:
-иши жѳнүндѳ жылдык отчету жана жылдык балансты бекитүү:
-Башка юридикалык жактардын ишине катышуу:
-Кайра уюштуруу жана жоюу
-Башка маселелер.
25.КААБдын жалпы чогулуштун жыйындарын ѳткѳрүү жана мүчѳлѳрдү кат жүзүндѳ сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын кеңеши (мындан ары –Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна, Момбеков айылдык Кеңешине отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы айыл ѳкмѳтүнүн сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен эки жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилет.
29.Кеңештин курамына аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү, айыл башчылары, аялдар кеңеши, жаштар уюму, мекемелердин, окуу жайлардын, айылдык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча» туруктуу комиссияларынын депутаттары, айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын жана башка укук коргоо органдарынан, коомдук уюмдар КААБдын мүчѳлѳрү болуп саналган жарандык коомдун ѳкүлдѳрү кирет.
30. Кеңештин чечими кеңештин мүчѳлѳрүнүн жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына тѳмѳнкүлѳр кирет:
-Кеңештин мүчѳлѳрү, Кеңештин мүчѳлѳрүнүн ичинен тѳраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлайт
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программалын бекитүү жана ишке ашырат:
-Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитет:
- айыл ѳкмѳтүнүн жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен ишке ашырат:
-КААБдын мүчѳлүгүнѳ кабыл алуу жана КААБдын мүчѳлүгүнѳн чыгарат:
-Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ активдүү катышкан жарандарды, КААБдын мүчѳлѳрүн материалдык жана акчалай сыйлоо жѳнүндѳ ѳтүнүч каттарын айыл ѳкмѳтүнѳ киргизет:
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, айыл ѳкмѳтүнүн актылары менен киргизилген, ушул уставга каршылык келбеген башка маселелерди аткарат.
32. Кеңеш коомдук башталгышта иш алып барат. Кеңешке кеңештин тѳрагасы ал эми ал жок учурда Кеңештин тѳрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
33. КААБдын кеңешинин тѳрагасынын компетенциясына тѳмѳнкү маселелер кирет.
-КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу:
-Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдар жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катысыз чыгуу:
-Келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу:
-Банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескѳѳ:
-КААБдын мүчѳлѳрүн сыйлоо боюнча айыл ѳкмѳтүнѳ сунушун киргизүүгѳ:
-КААБдын жалпы чогулушунун, кеңештин ѳзгѳчѳ компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоо Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана сессиялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчѳлѳрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу ѳткѳрүлѳт зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары ѳткѳрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынынын Кеңештин тѳрагасы, ал эми жок учурда Кеңештин тѳрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчѳлѳрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин тѳрагасы же болбосо жыйынга тѳрагалык кылган адам кол койот.
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнѳзүнѳ ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жѳнүндѳ маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бюоюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчѳлѳрүнүн 2/3 тѳн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
43. КААБдын уставындагы бардык ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор мыйзамдар белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкѳ ээ болот.
44. Юридикалык жактан бирдиктүү мамлекеттин реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ ѳз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчѳлѳрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялы- кантролдоочу органы
46. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен эки жылдык мѳѳнѳткѳ шайлануучу ревизиялык комиссиясы (ревизор) контролдойт.
47. КААБдын жетектѳѳчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар ревизиялык комиссиясынын ( ревизор) мүчѳсү боло алышпайт.
48.Ревизиялык комиссия (ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КААБдын бардык кызмат адамдары ревизиялык комиссиясынын (ревизор) ѳз функцияларын аткаруусуна кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү.
9. КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү.
50. КААБдын иши тѳмѳнкү булактардан каржыланат:
-КААБдын кеңешинин мүчѳлѳрү айылдык Кеңеши бекитип берген сметанын чегинде жергиликтүү бюджеттен, айыл ѳкмѳтүнүн түрдүү чыгымдар эсебинен, транспорт, концелярдык, акчалай сыйлоолорду жана башка сый акыларды алышат:
-Юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу тѳгүмдѳрүнүн:
-гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан:
-кандай формада болбосун кайтарылуучу жана тѳлѳнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары айыл аймагындагы мекеме-ишканалардан КААБдын мүчѳлѳрүнѳ дайындалган кызматкерлерге, дайындаган мекеме ишканалардын каражатынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан:
51. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга кѳмѳк кѳрсѳтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана ѳткѳрүп берүү менен КААБга ѳткѳрүп берүүгѳ укуктуу.
Коомдук алдын алуу борборунун уставы
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жѳнүндѳ чечим тиешелүү жергиликтүү Кеңеш менен макулдашуу боюнча жергилктүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнѳ карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБдын мүчѳлѳрүнѳ материалдык жана маралдык колдоо чараларын кѳрѳ алышат.
-КААБдын мүчѳсү болгон ишкананын кызматкерлерине, ишкананын мүмкүнчүлүгүнѳ жараша жетекчинин буйругу менен акчалай сыйлык же сыйлыктын башка түрлѳрү берилет.
54.КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна ѳткѳрүлүп берилүүгѳ тийиш.
Айыл ѳкмѳтүнүн орун басары Б.Раманкулов