Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 4-февралы ПЖ № 60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" орденинин статуту жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү
тууралу" 2007-жылдын 11-июнундагы, "Кыргыз Республикасынын ардак наам-
дары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-
луктоо киргизүү тууралу" 2007-жылдын 31-июлундагы жана 2007-жылдын
9-ноябрындагы мыйзамдарын турмушка ашыруу үчүн, ошондой эле "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 8-статьясына ылайык токтом кылам:
1. "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Баатыр эне" орденинин
1-пункттун экинчи абзацында "тарбиялаган" деген сөз "тарбиялап
жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жањы үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи
абзацтар менен толукталсын:
"- тогуз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тар-
биялап жаткан энелер - 2007-жылдын 1-январынан тартып;
- сегиз жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тар-
биялап жаткан энелер - 2008-жылдын 1-январынан тартып;
- жети жана андан ашык балдары бар жана аларды толук баалуу тарби-
ялап жаткан энелер - 2009-жылдын 1-январынан тартып;";
1-пункттун үчүнчү абзацы тиешелүү түрдө алтынчы абзац деп эсептел-
син;
2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сегиз (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жети) жана андан
ашык балдары бар энелерди "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо сегизинчи
(ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып жетинчи) бала бир жашка толгон-
дон кийин жана калган балдар аман болгон учурда жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Эне дањкы" медалы
жөнүндө жободо:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жети (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алты) бала төрөгөн
жана тарбиялап жаткан энелер;";
2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жети (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алты) жана андан
ашык бала төрөгөн жана тарбиялап жаткан энелерди "Эне дањкы" медалы ме-
нен сыйлоо жетинчи (ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып алтынчы) бала
1 жашка толгондон кийин жана калган балдар аман болгон учурда
жүргүзүлөт.".
2. "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы N 166 Ука-
зы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сињирген ишмер" деген
бөлүмдө "жана маданий эс алуу ишине зор салым кошкон башка адамдарга,
ошондой эле дене тарбия, спорт жана туризм жагында зор эмгек сињирген
бул тармактын кызматкерлерине" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сињирген
кызматкер" деген бөлүм "сињирген эмгеги үчүн" деген сөздөрдөн кийин ",
ошондой эле маданий эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүгө сињирген эм-
геги үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган жоболор төмөнкүдөй бөлүмдөр менен толукталсын:
"Дене тарбия жана спорттун эмгек сињирген кызматкери" - дене тар-
биясын жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия, массалык спорт,
жогорку жетишкендиктер спорт системасын өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоо-
го жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүк-
түрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сињирген
эмгеги үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылган уюш-
туруу-усулдук, окуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, или-
мий-педагогикалык жана чарбалык иштеги жетишкендиктери үчүн дене тарбия
жана спорт мекемелеринин дене тарбия жана спорт жагында 15 жана андан
ашык жыл иштеген жогорку кесипкөй кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сињирген кыз-
маткер" - мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чы-
гууга жана турмушка ашырууга, мамлекеттик кызмат системасын өркүндөтүү-
гө кошкон салымы жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жого-
рулатууда кыйла ийгиликтерге жетишкендиги үчүн мамлекеттик кызматта 10
жана андан ашык жыл иштеген мамлекеттик кызматчыларга.".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев