Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Указы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын
Ардактуу наамдары жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин
1997-жылдын 7-июнундагы ПУ № 166,
2001-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 235,
2007-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 169,
2008-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 60,
2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 95
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары төмөнкүлөргө берилет:
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" - прозачыларга жана драматургдарга
бүткүл элдин оозуна алынган өзгөчө көрүнүктүү көркөм чыгармаларды жазгандыгы үчүн.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамы бар адамдарга "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" деген ардактуу наам кеминде 5 жылдан кийин берилет.
"Кыргыз Республикасынын эл акыны" - акындарга бүткүл элдин оозуна алынган өзгөчө көрүнүктүү көркөм жазгандыгы үчүн.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамы бар адамдарга "Кыргыз Республикасынын эл акыны" деген ардактуу наам кеминде 5 жылдан кийин берилет.
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" - живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декаративдүү-колдонмо искусствосунун өзгөчө көрүнүктүү чыгармаларын түзгөн, чыгармачыл эмгекте кеминде 15 жыл иштеген жана бүткүл элдин таануусуна ээ болгон сүрөтчүлөргө.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамы бар адамдарга Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" деген ардактуу наам кеминде 5 жылдан кийин берилет.
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" - бүткүл элдин оозуна алынган өзгөчө көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телевизиондук жана радио чыгармаларды жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине.
Кыргыз Республикасынын эл мугалими" - балдарды жана жаштарды окутууга жана тарбиялоого сиңирген өзгөчө көрүнүктүү эмгеги, билим берүү жаатындагы жалпы эл тарабынан таанылган көп жылдык үзүрлүү ишмердиги үчүн - жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучуларына, мектепке чейинки мекемелердин, окуу-тарбиялоо жана методикалык мекемелердин кызматкерлерине, окуу адабияттарынын авторлоруна.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими", "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген наамдары бар кишилерге "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" деген наам кеминде 5 жылдан кийин берилет.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамдары бар адамдарга "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам кеминде 5 жылдан кийин берилет.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" - педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, окуучулар терең билим алышын, алардын чыгармачыл мүмкүнчүлүгү өнүгүшүн камсыз кылган, адистиги боюнча кеминде 16 жыл иштеген, жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку профессионалдуу мугалимдерине.
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" - педагогикалык жана тарбиялоо иштер, инновациялык окуу-методикалык куралдарды, программаларды, автордук методикаларды түзүүгө сиңирген эмгеги, билим берүү процессин илимий методикалык жактан камсыз кылууга катышкандыгы үчүн
өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин таркатууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана адистиги боюнча 15 жыл жана андан ашык иштеген мектепке чейинки мекемелердин, кошумча (мектептен тышкары) билим берүү мекемелеринин, балдар үйлөрүнүн, атайын орто жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин, жогорку педагогикалык билим берүү мекемелеринин билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасындагы илим-изилдөө институттарынын профессионалдуу окутуучуларына, тарбиячыларына жана башка кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" - калктын ден соолугун коргоого, медицина илиминин жана техникасынын учурдагы жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу менен дарылоо алдын алуу жардамын уюштурууга жана көрсөтүүгө сиңирген эмгеги үчүн
адистиги боюнча 15 жыл жана андан ашык иштеген бардык адистиктеги жогорку профессионалдуу врачтарга.
"Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" - калктын ден соолугун коргоого, медициналык жардамдын жана дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатууга сиңирген эмгеги үчүн
өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге жана саламаттыкты сактоо жагында 15 жыл жана андан ашык иштеген дарылоо-алдын алуу, санитардык алдын алуу, санаториялык-курорттук, аптека мекемелеринин, саламаттыкты сактоо органдарынын, илим-изилдөө, медициналык жана фармацевтикалык институттардын, кайсы ведомствого баш ийгендигине карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана бирикмелердин медициналык кызматкерлерине, провизорлоруна, фармацевттерине, инженер-техникалык кызматкерлерине, тейлөөчү жана башка персоналына.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" - театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу жагынан жогорку көркөм образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан, жалпы элдин оозуна алынган, искусство жаатында кеминде 10 жыл иштеген хор, хореографиялык жана башка жамааттардын жогорку кесиптеги адистерине, дирижерлоруна, режиссерлоруна, операторлорлоруна, оюн коюучу сүрөтчүлөрүнө, костюм боюнча сүрөтчүлөрүнө, үн операторлоруна, хормейстерине, балетмейстерине, музыкалык аткаруучуларына, концертмейстерине, элдик чыгармачылык чыгармаларын аткаруучуларга буга өзгөчө көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурлар кирбейт.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" - жогорку кесиптеги режиссерлорго, композиторлорго, дирижерлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусствосунун чеберлерине жана маданият менен искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого кыйла салым кошкон башка искусство ишмерлерине, ошондой эле маданият, искусство, билим берүү, полиграфия, басма сөз, театр жана кино, радио жана телекөрсөтүү органдарынын уюмдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге жана адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштегендерге буга өзгөчө көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурлар кирбейт.
"Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" - илим жана техника жагындагы зор эмгеги, чарбалык жана социалдык маданий курулуш үчүн маанилүү ачылыштары, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизген рационализатордук сунуштары үчүн, ошондой эле өзүнүн техникалык экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча жогорку дүйнөлүк көрсөткүчтөргө төп келген принциптүү жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыккандыгы жана ишке киргизгендиги үчүн, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен
илимдин доктору деген илимий даражасы бар көрүнүктүү илимпоздорго илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууга, таанылган илимий мектептерди түзүүгө, илимий кадрларды тарбиялоого жана кайра даярдоого сиңирген эмгеги үчүн, конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илим-изилдөө уюмдарынын, технологиялык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын проблема лабораторияларынын кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" кен казып алуу өнөр жайынын таш көмүр жана башка тармактарындагы ишканалардын, бирикмелердин, шахталардын, карьерлердин, кен ылгоо фабрикаларынын жогорку кесиптеги жумушчуларына, инженер-техникалык кызматкерлерине, мастерлерине чийки затты казып алууга, продукция өндүрүүгө, анын сапатын жакшыртууга сиңирген эмгеги үчүн бул тармакта кеминде 10 жыл иштегендерге, энергетика жана өнөр жай жагындагы жетектөөчү кесиптин жумушчуларына жана инженер-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле министрликтердин, илим изилдөө, технологиялык долбоорлоо-конструктордук уюмдардын өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана бул тармакта кеминде 15 жыл иштеген, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механизациялаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда продукцияны чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" айыл чарба өндүрүшүнүн тармагын өнүктүрүүдө: илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү көбөйтүүдө, жердин күрдүүлүгүн, малдын жана бакма канаттуулардын азыктуулугун жогорулатууда мамлекетке жана калкка жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясын сатууда кыйла ийгиликтерге жетишкен, ошондой эле жер жана агрардык реформаны жүргүзүүгө жигердүү катышкан, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана айыл чарбасында кеминде 15 жыл иштеген
мамлекеттик чарбалардын, айыл чарба кооперативдеринин, ассоциацияларынын, акционердик коомдордун, агрофирмалардын, фермер жана дыйкан чарбаларынын, оңдоочу өнөрканалардын, кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын, илим-изилдөө мекемелеринин, окуу жайларынын жогорку кесиптеги кызматкерлерине, айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучуларга жана башка органдардын кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" - илимдин жетишкендиктерин, жаңы техниканы жана эмгектин алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүүнүн негизинде өндүрүштүк ишке сиңирген эмгеги үчүн
курулуш индустриясын, архитектураны өнүктүрүүдө, долбоорлорду иштеп чыгууда жана учурдагы архитектуралык комплекстерди, имараттарды жана курулуштарды түзүүдө, маданият эстеликтерин кайрадан калыбына келтирүүдө, ошондой эле өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, баштан аяк курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда кыйла ийгиликтерге жетишкен, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген курулуш жана долбоорлоо уюмдарынын, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалардын жана курулуш индустриясын, илим-изилдөө жана конструктордук мекемелердин, окуу жайларынын жетектөөчү кесиптеги жогорку квалификациялуу жумушчуларына, архитекторлоруна, инженер-техникалык кызматкерлерине жана башка органдардын кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууга, ташуулардын өзүнө турган наркын төмөндөтүүгө, транспорт кызматынын сапатын жогорулатууга, материалдык жана отун ресурстарын үнөмдөөгө сиңирген эмгеги үчүн
илимдин, жаңы техниканын жана эмгектин алдыңкы ыкмаларын өндүрүштө өздөштүрүүнүн, машина паркын жана жабдууларды жогорку өндүрүмдүү пайдалануунун негизинде өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана тармакта кеминде 15 жыл кынтыксыз иштеген транспорттун темир жол, аба, суу, автомобиль жана башка түрлөрүнүн, шоссе жолдорду пайдалануунун алдыңкы кесиптеги жумушчуларынына, ошондой эле жогорку кесипкөй инженер-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына, министрликтердин, административдик ведомстволордун, илим-изилдөө жана долбоорлоо уюмдарынын, окуу жайларынын кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер" - өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана байланыш органдарында кеминде 15 жыл иштеген, байланыш каражаттарын өнүктүрүүгө, модернизациялоого, пайдаланууга, калкты тейлөөнү жакшыртууга, жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууга жана өздөштүрүүгө сиңирген кыйла эмгеги бар
телекоммуникациянын, уктуруунун, почта байланышынын, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканаларынын, байланыш жагындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын алдыңкы кесиптеги жогорку кесиптеги кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер" - пайдалуу кендерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө берүүдө, гидрогеологияда жана инженердик геологияда, экологиялык жактан таза технологияны өздөштүрүүдө, геологиялык илимди өнүктүрүүдө айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген
геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын алдыңкы кесиптеги жумушчуларына, жогорку кесиптеги инженер-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына.
"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер" - калкка турмуш-тиричилик кызматын көрсөтүүгө, прогрессивдүү техниканы жана технологияны, кызматтын жаңы түрлөрүн, чийки затты, материалдарды, жаңы формаларды жана тейлөө ыкмаларын иштеп чыгууга жана өздөштүрүүгө, граждандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыз кылууну, муктаж болгондорго кайрымдуулуктун ар кандай формаларын жана түрлөрүн уюштурууга, калкты социалдык жактан коргоонун маанилүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле маданий эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн
өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана бул тармакта кеминде 15 жыл жана андан ашык иштеген ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын жогорку кесиптеги кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" - мамлекеттик мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, граждандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого, укуктук мамлекетти калыптандырууга, юридикалык илимди өнүктүрүүгө, юридикалык кадрларды даярдоого өзгөчө эмгек сиңирген жана адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген
жогорку квалификациялуу юристтерге.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" - экономикалык жана финансы ишине, экономикалык илимди өнүктүрүүгө өзгөчө эмгек сиңирген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген
ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жогорку квалификациялуу экономисттерине жана адистерине.
"Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" - жаратылыш ресурстарын сактоого, аз калдыктуу жана калдыксыз курулуштарды иштеп чыгууга жана өздөштүрүүгө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн
өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын жол-жоболорун таркатууда зор ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу жагында 15 жыл жана андан ашык иштеген жаратылышты коргоо органдарынын жогорку кесиптеги кызматкерлерине экология проблемалары жагынан иш жүргүзгөн ишканалардын жана уюмдардын жумушчуларына, инженер-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына, илим-изилдөө, долбоорлоо, технологиялык жана өндүрүштүк уюмдардын, башка мекемелердин кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" - адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген Кыргыз Республикасынын денетарбия жана спорт боюнча адистерине, жогорку кесиптик чеберчиликтеги окутуучу-машыктыруучуларга, -
денетарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө кошкон салымы, Олимпиадалык, Азия оюндарында, чемпионаттарда жана дүйнөлүк Кубоктордо жана башка ири эларалык мелдештерде ийгиликке жетишкен жогорку чеберчиликтеги спортсмендерди даярдоо боюнча ийгиликтүү машыктыруучулук жана тарбиялык иши, төмөнкүдөй орундарды ээлеген спортсмендерди даярдагандыгы үчүн:
спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:
- Олимпиадалык оюндарда - 1-8-орун;
- дүйнөлүк чемпионатта - 1-6-орун;
- Азия оюндарында - 1-3-орун;
- Азия чемпионатында - 1-2-орундар;
спорттун командалык түрлөрү боюнча:
- Азия оюндарында - 1-6-орундар;
- Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- клубдук командалар арасында Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- дүйнөлүк чемпионатта финалга чыккандыгы үчүн;
- Олимпиадалык оюнга катышууга укук алгандыгы үчүн;
спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:
- дүйнөлүк чемпионатта - бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия чемпионатында - кеминде он мамлекет катышкан бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия оюндарында - 1-2-орундар;
- Параолимпиадалык оюндарда - 1-3-орундар;
- майыптар арасында дүйнөлүк чемпионатта- 1-3-орундар;
- шахматтык олимпиадада - 1-3-орундар;
- шахмат боюнча эларалык гроссмейстерди даярдагандыгы үчүн;
спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
- спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө, спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын он чемпионун жана Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын беш чемпионун даярдоого кошкон көрүнүктүү салымы үчүн.
"Кыргыз Республикасынын спортунун эмгек сиңирген чебери" - Олимпиадалык жана Азия оюндарында, дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарында жана башка эларалык мелдештерде ийгиликке жетишип, төмөнкүдөй орундарды ээлеген спортсмендерге:
спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:
- Олимпиадалык оюндарында - 1-8-орун;
- дүйнөлүк чемпионатта - 1-6-орун;
- Азия оюндарында - 1-3-орун;
- Азия чемпионатында - 1-2-орундар;
спорттун командалык түрлөрү боюнча:
- Азия оюндарында - 1-6-орундар;
- Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- клубдук командалар арасында Азия чемпионаты - 1-3-орундар;
- дүйнөлүк чемпионатта финалга чыккандыгы үчүн;
- олимпиадалык оюнга катышууга укук алгандыгы үчүн;
спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:
- дүйнөлүк чемпионатта - бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия чемпионатында - кеминде он мамлекет катышкан бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия оюндарында - 1-2-орундар;
- Параолимпиадалык оюндарда - 1-3-орундар;
- майыптар арасында дүйнөлүк чемпионатта - 1-3-орундар;
- шахматтык олимпиадада - 1-3-орундар;
- шахмат боюнча эларалык гроссмейстердин наамынын ченемин толтургандыгы үчүн;
спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын он жолку чемпионуна жана Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын эки жолку чемпионуна;
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" - мамлекеттик зор мааниси бар жана өндүрүшкө киргизилип, экономикалык олуттуу натыйжа берген ойлоп табуулардын авторлоруна, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иш жүргүзгөн ойлоп табуучуларга.
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна
эмгек сиңирген кызматкер" - дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия, массалык спорт, жогорку жетишкендиктер спорт системасын өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сиңирген эмгеги үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылган уюштуруу-усулдук, окуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин дене тарбия жана спорт жагында 15 жана андан ашык жыл иштеген жогорку кесипкөй кызматкерлерине.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" - мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга, мамлекеттик кызмат системасын өркүндөтүүгө кошкон салымы жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда кыйла ийгиликтерге жетишкендиги үчүн мамлекеттик кызматта 10 жана андан ашык жыл иштеген мамлекеттик кызматчыларга.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" - жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда кошкон салымы, муниципалдык кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда кыйла жетишкендиктери үчүн муниципалдык кызматта 15 жыл жана андан ашык иштеген муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларга жана коомдук уюмдардын ишмерлерине.