КР Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ №240 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 19-февралы ПЖ №81
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жана анын аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жана анын аппаратынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жана анын аппараты жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-майындагы №264 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |