ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 240 «Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө»жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2012-жылдын 18-январындагы ПЖ № 7 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 15-сентябры ПЖ № 240

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин тиркелген курамы бекитилсин.

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 24 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 24 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңеши жана анын аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-июлундагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы "Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы № 11 "Ш.Е.Атаханов жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы № 12 "Б.Б.Табалдиев жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы № 57 буйругу.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2011-жылдын 15-сентябрындагы

№ 240 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин

КУРАМЫ

 

Отунбаева Роза                                        - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз

Исаковна                                                     Республикасынын коргоо Кеңешинин төрагасы;

 

Келдибеков Ахматбек                              - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Келдибекович

 

Атамбаев Алмазбек                                 - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Шаршенович

 

Абдылдаев Мыктыбек                             - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Юсупович                                                   Төрагасынын орун басары;

 

Атаханов Шамиль                                    - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Есенжанович

 

Ташиев Камчыбек                                    - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде

Кыдыршаевич                                           "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери;

 

Исаев Канатбек                                         - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде

Кедейканович                                            "Республика" депутаттык фркциясынын лидери;

 

Кулов Феликс                                             - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде

Шаршенбаевич                                         "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын лидери;

 

Текебаев Өмүрбек                                    - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде

Чиркешович                                               "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын лидери;

 

Турсунбеков Чыныбай                            - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде

Акунович                                                     "КСДП" депутаттык фракциясынын лидери;

 

Исаков Исмаил                                         - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо

Исакович                                                     жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы;

 

Каптагаев Эмилбек                                  - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын

Саламатович                                             Жетекчиси;

 

Казакбаев Руслан                                     - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Айтбаевич

 

Мамбетжанов Мэлис                               - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Тулиндиевич

 

Кудайбердиев Абибилла                       - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Алымович

 

Рысалиев Зарылбек                                - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кылычбекович

 

Борбиев Болотбек                                    - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар

Ибраимович                                               министри;

 

Дүшөбаев Кеңешбек                                - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук

Асанбекович                                              мамлекеттик комитетинин төрагасы;

 

Өмүралиев Таалайбек                            - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн

Барыктабасович                                       Башкы штабынын зардалы;

 

Жоробекова Шарипа                               - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер

Жоробековна                                             академиясынын президенти;

 

Табалдиев Бусурманкул                         - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын

Беркутович                                                коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы

                                                                    - Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын

                                                                      милдетин аткаруучу.