Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ N 240 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-февралындагы №81 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жана анын аппараты жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери жана функциялары
III. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүүнүн тартиби
IV. Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби
V. Коопсуздук кеңешинин катчысы
VI. Коопсуздук кеңешинин Аппараты
VII. Коопсуздук кеңешинин аппаратынын негизги милдеттери,
функциялары жана ыйгарым укуктары
VIII. Коопсуздук кеңешинин комиссиялары жана жумушчу топтору
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоону жүзөгө ашырган конституциялык орган болуп саналат.
2. Коопсуздук кеңешинин карамагында коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маселелери мамлекеттик, экономикалык, коомдук, коргонуу, маалыматтык, экологиялык жана башка түрдөгү коопсуздуктун стратегиялык маселелери, калктын ден-соолугун сактоо, өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, болтурбоо жана анын залалдарын жоюу, туруктуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарын тышкы жана ички коркунучтан коргоо маселелери турат.
3. Коопсуздук кеңешинин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, улуттук коопсуздук жагындагы мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, ратификацияланган эларалык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
1. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарын аныктоо жана коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунучтарды табуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана аны камсыз кылуунун мамлекеттик программаларын даярдоону уюштуруу;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жагында ички жана тышкы саясат маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине рекомендацияларды даярдоо;
- олуттуу социалдык-саясый, экономикалык, аскердик, экологиялык жана башка залалдарга алып келиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча, ошондой эле андай залалдарды жоюу боюнча шашылыш чечимдери даярдоо;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл мыйзамдык жана уюштуруу чараларын кабыл алуу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган колдо бар органдарды реформалоо жана жаңыларын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү;
2. Коопсуздук кеңешинин негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маселелерин карайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы ички жана тышкы саясаттын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин долбоорун даярдайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы ички жана тышкы саясаттын маселелери боюнча мыйзам долбоорлорун карайт;
- Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясаты жагындагы стратегияны иштеп чыгууну уюштурат жана координациялайт;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарына ички жана тышкы коркунучтарга баа берет;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги критерийлерин аныктоо боюнча сунуштарды даярдайт жана улуттук коопсуздуктун абалынын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзөт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу процессинде аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүн жана каражаттарын түзүүгө, контролдоого, даярдыкта кармоого тиешелүү маселелерди карайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматтарды талдайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- коопсуздук Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштурат.
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат.
2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, ушул Жобонун негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн турат.
3. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн курамына кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин курамына республиканын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүн да кошушу мүмкүн.
4. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналышына алмашуу укугусуз катышат.
1. Коопсуздук кеңеши ишин анын төрагасы бекиткен план боюнча жүргүзөт.
Коопсуздук кеңешинин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Коопсуздук кеңешинин жыйналышынын күн тартиби жана маселелерди кароо тартиби Коопсуздук кеңешинин Катчысынын сунушу боюнча анын төрагасы тарабынан аныкталат.
Коопсуздук кеңешинин жыйналышын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алып барат.
2. Коопсуздук кеңешинин чечими анын жыйналышында Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын иштөө процессинде жана чечимдерди даярдоодо бирдей укуктарга ээ.
3. Маанилүү маселелер Коопсуздук кеңешинин жумушчу кеңешмелеринде алдын ала талкууланат, ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өткөрүлөт.
4. Карала турган маселенин мазмунуна жараша аны даярдоого жана коопсуздук Кеңешинин жыйналышына катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн.
5. Коопсуздук кеңешинин чечими коопсуздук Кеңешинин жыйналышынын протоколу менен таризделет. Коопсуздук Кеңешинин жарлыктары жана буйруктары чыгарылышы мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
1. Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кызматка дайындалып жана бошотулат.
Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен өзара аракеттенет.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппаратын башкарат, ал улуттук коопсуздук жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү боюнча Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылат.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын бир орунбасары болот.
2. Коопсуздук кеңешинин катчысы:
- Коопсуздук кеңештин ишин пландаштырат, анын жыйналышынын күн тартибин түзөт, каралып жаткан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин зарыл материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялайт;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын жетекчилерин же алардын өкүлдөрүн чакыруу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздук Кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу жана аппараттык кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясат жагындагы стратегиясын даярдоого багытталган ишти уюштурат жана камсыз кылат;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу процессинде аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылган министрликтер жана ведомстволор менен өзара аракеттерди уюштурат жана координациялайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына зарыл материалдарды даярдоо жана Коопсуздук кеңешинин компетенциясындагы башка маселелер боюнча Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларын, жумушчу топторун түзөт жана алардын ишин координациялайт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында ички жана тышкы саясат маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды жана рекомендацияларды киргизет;
- улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин ишке ашырууну контролдойт;
- тышкы жана ички коркунучтардын элементтерине жана факторлоруна, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуулугун төмөндөтүүчү башка көрүнүштөргө каршы аракеттерди уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү менен өзара аракеттенет;
- улуттук коопсуздук маселелерин караган Өкмөттүн жыйналыштарында, министрликтер менен ведомстволордун коллегияларында белгиленген тартипте катышат;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, директиваларын макулдашат, алардын аткарылышына контролдук кылат;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана Коопсуздук кеңешинин жыйналышында кароо үчүн ал долбоорлор боюнча корутундуларды даярдоо маселеси боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү уюштурат;
- Коопсуздук кеңешинин ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо үчүн зарыл болгон материалдарды мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан суратат жана алат;
- изилдөө, эксперттик жана башка иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана башка уюмдарды, мекемелерди жана алардын айрым кызматкерлерин, анын ичинде контракттык негизде тартат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин ушундай органдары, эларалык, мамлекеттер аралык, коомдук, диний жана башка уюмдары менен анын ишине байланыштуу маселелер боюнча мамилелеринде Коопсуздук кеңештин атынан өкүл болот;
- Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ишине жалпы жетекчилик кылат.
3. Коопсуздук кеңешинин катчысы Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу жана кабыл алынган чечимдерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
4. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары:
- Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ишине түздөн-түз жетекчилик кылат, ошондой эле алардын кызматкерлеринин өзара аракеттенишин координациялайт;
- түзүмдүк бөлүмдөрдө даярдалган документтерди Коопсуздук кеңешинин катчысына билдирет;
- Коопсуздук кеңешинин аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрөт;
- Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды аткаруу бийлик органдарынан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан суратат жана алат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын чечимин талап кылбаган маселелер боюнча кат алышат;
- Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ишинин таламында изилдөө, эксперттик жана башка иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана башка уюмдарды, мекемелерди жана алардын айрым кызматкерлерин тартат;
- Коопсуздук кеңешинин Аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди чечет.
5. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ишин камсыз кылуу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
VI. Коопсуздук кеңешинин Аппараты
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппараты (мындан ары - аппарат) "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө Жобо жана ушул Жобо менен белгиленген компетенциялардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өзалдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Аппараттын энчилүү бланкы жана символикасы болот, анын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Коопсуздук кеңешинин төрагасы тарабынан бекитилет.
Аппарат Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык талдоо жагынан камсыз кылат.
2. Аппараттын түзүмүн жана штаттык санын Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Коопсуздук кеңешинин төрагасы бекитет.
3. Коопсуздук кеңешинин аппаратынын кызматкерлерин Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси дайындайт жана бошотот.
4. Коопсуздук кеңешинин катчысынын чечими боюнча Аппараттагы бир катар жооптуу кызмат орундары ага Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, башка министрликтер менен ведомстволорунун аскер кызматчыларын, кызматкерлерин жиберүү жолу менен ээлениши мүмкүн.
5. Аппарат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешин маалыматтык-талдоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
7. Аппараттын ишин материалдык-техникалык, транспорт жактан камсыз кылууну, ошондой эле анын кызматкерлерин социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
1. Коопсуздук кеңешинин Аппаратынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук коопсуздуктун турмуштук маанилүү кызыкчылыктагы объекттерине ички жана тышкы коркунучтарга баа берүү, алардын булактарын табуу,;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасир көрсөткөн ички жана тышкы шарттардын жана факторлордун өзгөрүлүшүнө илимий негизделген божомолдоолорду даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана координациялоо, алардын натыйжалуулугун баалоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо жана иштетүү, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешин анын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдоо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу программаларын жана коопсуздук Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо.
2. Аппараттын негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- коопсуздук Кеңешинин, коопсуздук Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш планынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарына жана ага материалдарды даярдоону камсыз кылуу;
- коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- улуттук коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунучтарды табуу боюнча коопсуздук Кеңешинин ишин камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги критерийлерин аныктоо, улуттук коопсуздук абалынын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын ачык-айкын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн рекомендацияларды даярдоо боюнча коопсуздук Кеңешинин ишин камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун абалын талдоо жана божомолдоо;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук мааниси бар таламдарына ички жана сырткы коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча документтерди даярдоону уюштуруу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү процессинде аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу органдарды реформалоо же жаңыларын түзүү боюнча сунуштарды даярдоого катышуу;
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тиешелүү изилдөөлөрдү уюштуруу;
- коопсуздук Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын, жумушчу топторунун ишин камсыз кылуу;
- коопсуздук Кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашырууга контролдук кылуу;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарына ички жана сырткы коркунучтарды табууда, алдын алууда жана жоюуда, ошондой эле кризистүү кырдаалдарга мамиле кылуунун макулдашылган чараларын кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик уюмдардын өзара аракеттенишин камсыз кылуу;
- чет өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештери жана аларды алмаштырган органдары менен өзара аракеттенүү.
3. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн аппарат төмөнкүлөргө укуктуу:
- коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарына, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдары өткөргөн иш-чараларга катышууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана мекемелерден зарыл материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимдердин аткарылышынын жүрүшүнө контролдук кылууга.
4. Коопсуздук кеңешинин аппаратынын кызматкерлери Коопсуздук кеңешинин катчысы бекиткен кызматтык милдеттенмелерди бөлүштүрүүгө ылайык аларга жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
1. Коопсуздук кеңеши ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык туруктуу комиссияларды түзөт.
2. Зарыл болгон учурда Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу үчүн убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Убактылуу комиссияларды түзүү, алардын милдеттери жана жекече курамы жөнүндөгү маселелер Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти чечет.
3. Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча туруктуу жана убактылуу комиссияларды Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, алардын орунбасарлары же Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адамдар башкарышы мүмкүн.
4. Туруктуу жана убактылуу комиссиялар, жумушчу топтор Коопсуздук кеңешинин же анын катчысынын тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону жүргүзөт, улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка баа берүү боюнча талдоо ишин аткарат, мамлекеттик, экономикалык, коомдук, маалыматтык, аскердик, экологиялык, энергетикалык, азык-түлүк жана коопсуздуктун башка түрлөрү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгат, өз ишинин натыйжасы жөнүндө Коопсуздук кеңешине маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Б. Бакиев |