Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 17-марты ПЖ № 121
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо
киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жана системасын андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменин эскертүүсүнүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы" деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги" (статс-катчыларды кошпогондо) деген № 6 тиркемесинде:
2-мамычада (Аталышы).
1-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр менен толукталсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |