Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгыменен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 , 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 287 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
1. Топтоочу пенсиялык системаны киргизүүнүн муктаждыгы жанамаксаттары
2. Пенсиялык системага топтоочу бөлүккө өтүүнүн сунуш кылынуучусхемасы
3. Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүн башкаруу
Глоссарий
ПБ Пенсиянын базалык бөлүгү
МТ Маалыматтык технологиялар
КР Кыргыз Республикасы
ЭЭУ Эл аралык эмгек уюму
ТПЭ Топтоочу пенсиялык эсептер
МЭПФ Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд
ПИН Жарандын персоналдык идентификациялык номери
Соцфонд Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
ПК1 Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү
ПК2 Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү
БК Башкаруучу компания
ШТЭ Шарттуу-топтоо эсеби
ЭТФ Эмгек акы төлөө фонду
IT Information Technology (англ. Маалыматтык технологиялар)
1. Топтоочу пенсиялык системаны киргизүүнүн муктаждыгы жана максаттары
1.1. Топтоочу пенсиялык системаны киргизүүнүн муктаждыгы
Азыркы учурда Кыргызстанда бөлүштүрүүчү пенсиялык система иштейт, ал тилектештик принцибине негизденген.
Өткөн жүз жылдыктын токсонунчу жылдарынын ортосундагы камсыздандыруу принциптерин киргизүү боюнча реформанын жүрүшүндө түзүмдүк кайра өзгөртүп түзүүлөр жүргүзүлгөн, алардын натыйжасында пенсия менен камсыз кылуунун мыйзамдык негиздери, пенсияга чыгуунун курактык чектери өзгөртүлгөн, жеңилдиктер жоюлган, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү киргизилген, камсыздандыруу кайра эсептөөлөрүнүн шарттары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана социалдык жардам принциптери аныкталган. Мунун натыйжасы социалдык камсыздандыруу системасын институттук бекемдөө, камсыздандыруу взносторун бардык тараптан камтуучу контролдук кылуу, камсыздандырылган адамдын эмгек акысы менен каражаттарды төлөп берүүнүн ортосундагы байланышты бекемдөө, социалдык камсыздандыруу органдарынын негиздерин бекемдөө жана статусун жогорулатуу, ал өз кезегинде камсыздандыруу базасынын өсүшүнүн оң динамикасына таасирин тийгизди, төлөнүүчү пенсиялык каражаттарды этап-этабы менен жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Соцфонд) финансылык туруктуу абалына жетүүсү болуп калды.
Пенсиялык система тилектештик системасына камсыздандыруу взносторунун эсебинен каржыланат. Бул учурдагы жылдын взностору учурдагы жылы пенсияны жабышы керек жана каражаттар келечекте төлөнүшү керек болгон эсептелген пенсияны камсыз кылуу үчүн топтолбойт дегенди билдирет.
Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасынын негизги компоненттери болуп курагы, майыптыгы, багуучусун жоготкондугу боюнча пенсия эсептелет, ал пенсияларды республиканын калкынын 10%ы алат. Кыргызстанда тилектештик принцибине негизденген бөлүштүрүүчү пенсиялык система иштейт.
Тилектештик пенсиялык система туруктуу өзгөрүүлөргө туш болот жана кайра эсептөө, теңдөө, көбөйтүү түрүндөгү өзгөчө колдоону талап кылат, бул болсо анын туруктуулугун төмөндөтөт жана саясый манипуляцияга тартылышын жогорулатат. Алсак, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 18-апрелиндеги №43 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамы камсыздандыруу взносторунун ставкаларын азайтуу менен чогуу алганда пенсиялык куракты төмөндөтүүнү жөнгө салган жана Соцфонддун финансылык туруктуулугуна терс таасир көрсөткөн.
Өлкөдө демографиялык кырдаалдын өзгөрүшү менен иштеп жаткан калктын жана пенсионерлердин санынын жагымсыз дисбалансынын натыйжасында ал пенсиялык фонддун тартыштыгына алып келиши мүмкүн болгон проблемаларды болтурбоо максатында пенсиялык системаны андан ары өркүндөтүү зарылдыгы келип чыгат.
Азыркы учурда башка өлкөлөргө жумушчу күчтүн кетип жатканын эске алганда иштеп жаткандардын жана камсыздандыруу взносторун төлөгөндөрдүн саны пенсионерлердин санынан көп деле ашпайт. Иштин ушундай абалында пенсионерлерди кармоо иштегендерге кыйла эле оорчулук келтирет жана иштеп жаткан калк дайыма өсүп жаткан пенсионерлердин санын камсыз кылууга алы келбей калат. 2007-жылдын акырына карата бир пенсионерге 1,8 камсыздандыруу взносун төлөөчү туура келген, ал эми фермерлер жана өздөрүн иш менен камсыз кылган адамдар взностордун жалпы көлөмүнө чоң салым кошо албаганын эске алганда реалдуу катыш бир пенсионерге 1,2 төлөөчүнү түзөт. Мында ЭЭУнун сунуштарына ылайык бир пенсионерге үчтөн кем эмес төлөөчү туура келүүгө тийиш.
Андан сырткары колдонуудагы пенсиялык системанын алкагында иштеп жаткандардын басымдуу көпчүлүгү татыктуу пенсия менен камсыз кылууга ээ боло албай калышты. Пенсиялардын өлчөмү эмгек акынын орточо өлчөмүнө карата ЭЭУ конвенциясы тарабынан аныкталган социалдык коргоонун минималдык стандарттары жөнүндө ченемге (№ 102) туура келбейт. Ордун алмаштыруу коэффициенти (пенсиянын орточо өлчөмүнүн эмгек акынын орточо өлчөмүнө катышы) азыркы учурда 27-28%ды түзөт. Бул минималдуу эл аралык стандарттардан төмөн. Орточо пенсиянын өлчөмү пенсионерлер үчүн минималдуу керектөө бюджетинен дээрлик 2 эсе аз.
Пенсиялардын өлчөмүнүн аздыгы проблемасы көбүнчө өлкөдөгү жалпы экономикалык шарттардын натыйжасы жана азыраак деңгээлде пенсиялык системанын өзүнүн түзүмүнүн же иштешинин натыйжасы болуп эсептелет. Камсыздандыруу взносторун эсептөө үчүн база болуп эмгек акы эсептелет, ал эми эмгек акы иштегендердин көпчүлүгүндө кыйла төмөн.
Пенсиялык системанын финансылык ресурстарынын олуттуу көлөмү пенсиялык базалык бөлүгүн төлөөгө жиберилет, ал болсо жыл сайын болжол менен үч миллиард сомду талап кылат жана мындан ары көбөйө гана берет. Бул каражаттар калктын аз камсыз болгон топторунун кирешелеринин минималдуу деңгээлин кармап туруу максатында кайра бөлүштүрүү үчүн пайдаланылат, ал эми ошол эле мезгилде камсыздандыруу взностору катары пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн түзүүгө тийиш.
Шарттуу-бөлүштүрүүчү системаны сактоодо узак мөөнөттүү келечекте кирешелердин жана милдеттенмелердин эквиваленттүүлүк, төлөнгөн взносторду инфляциядан коргоо проблемалары сакталат. Жекече камсыздандыруу эсептеринде чагылдырылган суммалар топтолбойт жана инвестицияланбайт, пенсияларды учурдагы каржылоого жиберет. Шарттуу-топтоо системасы пенсиялык активдердин өзүн эмес, пенсиялык милдеттенмелерди топтоо менен мүнөздөлөт.
Бүгүнкү шарттарда каржылоонун топтоочу методдоруна негизделген пенсиялык системанын субъекттери мамилелеринин жаңы моделдерине өтүү талап кылынат, ал узак мөөнөттүү топтоочу капиталдаштырыла турган ресурстарды түзүүгө негизденет, бул болсо каражатты төккөндөн кийин анын убакыт боюнча узак мөөнөттүү болушу (40 жана андан ашык жыл) менен байланышкан.
1.2. Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүнүн максаттары
Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргызстанда пенсия менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;
- орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү;
- өлкөнүн экономикасына инвестициялар катары пенсиялык "узак акчаларды" тартуу жана анын натыйжасы катары - экономикалык өсүштүн кыйла жогорку темптеринин байланыштарын камсыз кылуу;
- фондулук рынокту жана финансылык инфраструктураны өнүктүрүү. Колдонуудагы пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүү бөлүштүрүүчү система туш болгон саясый жана демографиялык пландагы проблемалардан пенсиялык системанын тикелей көз карандынын проблемасын чечүүгө жардам берет.
Топтоочу пенсиялык система узак мөөнөттүү келечекте кайра бөлүштүрүүчү пенсиялык системага оорчулукту жана улам өсүп бара жаткан кысымды алып салышы мүмкүн.
Пенсиялык топтоо инвестициялардан болгон кирешелерге барабар инвестициялык киреше алып келиши мүмкүн. Топтоочу пенсиялык системада жекече пенсиялык эсептердеги каражаттар түрдүү инвестициялык куржундарга, анын ичинде башкаруучу компаниялар (мындан ары - БК), менчик пенсиялык фонддор, банктар ж.б. аркылуу салынат. Топтоочу пенсиялык системанын операцияларын башкаруу атайын депозитарий, менчик БК, финансылык контролдоонун ыйгарым укуктуу органы жана Соцфонд тарабынан уюштурулат.
Топтоочу системанын элементтерин киргизүү пенсияга чыгууда пенсиялардын кыйла жогорку өлчөмдөрүн алуу, экономикадагы аманаттардын үлүшүн жогорулатуу, капиталдын рыногун түзүү жана турукташтыруу, ошондой эле пенсиялык активдердин инвестицияларынын эсебинен экономикалык өсүш мүмкүнчүлүктөрүн болжолдойт. Капиталдын рыноктук касиеттерине ээ болуу менен пенсиялык каражаттарды топтоо экономикада аманаттардын деңгээлин көбөйтүүгө жардам берет, финансылык рынокту өнүктүрүүгө түрткү болуп кызмат кылат, узак мөөнөттүү улуттук аманаттардын өсүшүнө шарт түзөт, экономикалык өнүктүрүү үчүн зарыл болгон финансылык мекемелерди (башкаруучу компанияларды, банктарды) түзүүгө дем берет.
Сунуш кылынуучу система пенсиялык активдерди түзүү, сактоо жана өстүрүү үчүн өлкөнүн финансылык түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтерин жогорулатат, бул рыноктук принциптердин талаптарына жооп берет. Топтоочу механизм толук боюнча өз ара атаандашуучу пенсиялык фонддордун системасы менен айкалышат, бул болсо пенсия менен камсыз кылуунун өзүнө рыноктук башталышты киргизүүгө мүмкүндүк берет. Атаандаш башкаруу экономикалык критерийлерге ылайык пенсиялык топтоону жайгаштырууга, пенсиялык фонд үчүн аманаттардан максималдуу кайтарым алууга, инвестицияларды диверсификациялоо аркылуу коркунучтарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүнүн ушул концепциясы министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын жана топтоочу система боюнча долбоорлордун сунуштарынын негизинде иштелип чыккан.
1.3. Коркунучтар жана проблемалар
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүдө төмөнкүдөй негизги проблемалар бар:
- макроэкономикалык туруктуулуктун жоктугу, ал калкты социалдык коргоо системасына олуттуу таасир көрсөтөт; пенсиялык системаны реформалоого түрдүү көз караштардын болушу пенсиялык системага ар кандай реформа жүргүзүүгө тоскоолдук келтириши же болтурбай коюшу мүмкүн. Топтоо бөлүгүн киргизүү социалдык коргоо системасын, администрациялык чыгымдарды каржылоо системасын олуттуу өзгөртүшү мүмкүн, өз ара мамилелердин жаңы рыноктук формасына алып келет, өз ара мамилелер субъекттеринин санын көбөйтөт. Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүнүн алдыда турган мезгили жөнөкөй эмес өткөөл мезгилде чыдамкайлыкты талап кылат;
- пенсия менен камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон коргоо, финансылык кызмат көрсөтүүлөр планында топтоочу пенсиялык системанын негизги катышуучуларынын - мамлекеттин, бизнестин жана калктын жетишээрлик даярдыктарынын жоктугу;
- алсыз инвестициялык рынок;
- каражаттарды топтоочу системага жиберүүдө пенсиялык системанын бюджетинин киреше бөлүгүнүн финансылык үзгүлтүккө учурашын республикалык бюджеттин каражаттары менен жабуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.
Топтоо бөлүгүндө анын катышуучулары үчүн белгилүү коркунучтар бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- рыноктун абалы менен байланышкан коркунучтар: жекече эсептеги инвестициялардын наркы жагымсыз рынок шарттарында өзгөрүп турушу жана өтө түшүп кетиши мүмкүн;
- экономикалык коркунуч: капиталды инвестициялоодон реалдуу пайда экономикалык шарттардын (инфляциянын жогорку деңгээли, экономикалык өсүштүн төмөндүгү) татаалдыгынан күтүлгөндөн төмөн болуп калышы мүмкүн;
- инвестициялар боюнча төлөбөй коюулардан болгон коркунуч: инвестициялар компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгү шартында жарым-жартылай же толук боюнча баркы кетиши мүмкүн.
Коркунучтардын башка түрлөрү да бар, алар компетенттүү эмес жетекчилик жана активдерди башкаруу, операциялык системалардагы токтоп калуулар, фискалдык саясаттагы өзгөрүүлөр жана башкалар менен байланышкан.
Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүдө төмөнкүдөй бир катар маселелерди чечүү зарыл:
- пенсиялык активдердин сакталышы жана кирешелүүлүгү үчүн жана пенсиялык системанын топтоочу бөлүгүнүн өзүн-өзү жөнгө салуу механизмин түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны жана зарыл болгон укуктук рычагдарды камсыз кылуу;
- толук даярдоо мезгилин камсыз кылуу жана ушул үчүн зарыл болгон бардык чараларды аткаруу, анын ичинде финансылык булактарды издеп табуу;
- камсыздандыруу взносторун пенсиялык системанын топтоочу бөлүгүнө которууда түзүлгөн Соцфонддун бюджетинин үзгүлтүккө учурашын каржылоо;
- топтолуучу каражаттардын кирешелүүлүгүн жана сакталуучулугун камсыз кылуу;
- пенсиялык топтоолорду башкарууга администрациялык чыгымдарды жабуу;
- маалыматтарды ачууну камсыз кылуу: пенсиялык топтоолордун каражаттарынан инвестициялык салымдар боюнча топтоочу пенсиялык фонддун (БК жана башка катышуучулар менен) кирешелүүлүгү жөнүндө;
- калктын маалымдар болушун камсыз кылуу.
2. Пенсиялык системага топтоочу бөлүккө өтүүнүн сунуш кылынуучу схемасы
өтүүнүн сунуш кылынуучу схемасы
Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүү мүмкүндүгү каралуучу шарттар аны ишке киргизүү үчүн жеткиликтүү болуп эсептелбейт. Барыдан мурда орто мөөнөттүү мезгилде финансылык туруктуулукту чыңдоонун эң башкы милдетин чечүү зарыл. Ушул максаттарда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- камсыздандыруу базасын кеңейтүү, жыйымдарды администрациялоону оптималдаштыруу жолу менен камсыздандыруу взносторун чогултууну көбөйтүү;
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында жалпы белгиленген пенсияга чыгуунун курагын эркектер үчүн 63 жаш жана аялдар үчүн 58 жаш деңгээлинде сактоо;
- 2009-жылы камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкасын жумуш берүүчүдөн 2 пайызга азайтуу (19 пайыздан 17 пайызга). Кызматкер үчүн ставканын өлчөмүн 8ден 10 пайызга чейин көбөйтүү, мында бирге алганда тилектештик жана шарттуу-топтоочу бөлүккө жиберилүүчү ставканын өлчөмүн сактоо, ал эми 2 пайызды пенсиянын топтоочу бөлүгүн түзүүгө жиберүү. Камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкасын андан ары кыскартуу мамлекеттик пенсиялык милдеттенмелердин жана аны финансылык камсыз кылуунун балансынын бузулушуна коркунуч түзөт;
- жекече камсыздандыруу эсептеринде камсыздандыруу взносторунун топтоочу баалуулуктарын сактоо үчүн аларды индексациялоонун тиешелүү механизмин иштеп чыгуу;
- ыктыярдуу топтоочу схеманы колдогон салыктык жеңилдиктерди иштеп чыгуу. Жогоруда аталган чараларга жетишүүгө мүмкүн болгон финансылык туруктуулукка жетишүү шарттарын аткаргандан кийин гана жана өлкөнүн стратегиялык документтеринде декларациялануучу айрым оң шарттарды көңүлгө алуу менен Кыргызстан төмөндө сунуш кылынган схема боюнча пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизе алат.
Келечектеги пенсиялык система төмөнкүдөй үч компоненттен турат:
- мамлекеттик милдеттүү тилектештик пенсиялык система;
- милдеттүү топтоочу пенсиялык система;
- ыктыярдуу кесипкөй жана жекече топтоочу система.
Биринчи компонент азыркы учурдагы кайра бөлүштүрүүчү пенсиялык схемалардан турат, ал базалык пенсияны, пенсиялардын биринчи жана экинчи камсыздандыруу бөлүктөрүн камтыйт. Пенсия базалык, биринчи (ПК1) жана экинчи (ПК2) камсыздандыруу бөлүктөрүнөн турат. Базалык пенсиянын өлчөмү мурунку жылдар үчүн республика боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүнөн 12%га теңештирилет. Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү 1996-жылга чейинки мезгил үчүн 60 айга орточо эмгек акынын жана эмгек стажынын негизинде эсептелет. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү 1996-жылдан кийин төлөнгөн камсыздандыруу взносторуна жараша болот. Камсыздандыруу бөлүгүнүн өнүгүү тенденциясы жарандардын шарттуу-топтоо эсептерине негизделген пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн акырындык менен көбөйтүүнү болжолдойт. Соцфонд дайыма тилектештик системаны өркүндөтүүнүн үстүндө иштейт.
Экинчи компонент уюштуруу секторунда (мамлекеттик мекемелерде, түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы менчик компанияларда) иштеген, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берилүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген курактан улуу жарандары үчүн милдеттүү. Адегенде жарандар эмгек акы фондунан 2% топтоого камсыздандыруу взносторун которушат. Милдеттүү мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд үчүн тариф жыл сайын каралат жана бекитилет. Жалпысынан алганда топтоочу бөлүккө камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкасын көбөйтүүгө жана кызматкерден бардык чегерүүлөрдү топтоого акырындык менен өтүүгө тенденциялар колдоого алынат.
Үчүнчү, «ыктыярдуу», топтоочу компонент ыктыярдуу кесипкөй жана жекече топтоочу схемалардан турат. Кесипкөй топтоочу пенсиялык схема ири иш берүүчүлөргө же тармактык же кесипкөйлүк белгилери боюнча бирикмелерге турдүү корпоративдик жалпы же атайын топтоочу тарифтерди камтуучу өздүк топтоочу пенсиялык схеманы уюштурууга мүмкүндүк берет. Жекече топтоочу пенсиялык схема кызматкер үчүн камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкаларынын чектеринде жекече топтоочу взносторду болжолдойт. Ыктыярдуу топтоочу пенсиялык фонд үчүн камсыздандыруу взносторун минималдуу чегерүүлөр жын сайын каралат жана бекитилет. Мында ыктыярдуу топтоочу системага камсыздандыруу взносторун төлөөчү жумуш берүүчү жана кызматкер үчүн пайдага салыкты жана жеке киреше салыгын төлөөдө жеңилдетилген салык салууну кароо сунушталат.
Топтоочу пенсиялык системаны киргизүүнүн алгачкы мезгилинде Соцфонд жаңы системага «кыйналбай эле» өтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду уюштурат жана башкарат. Соцфонд пенсиялык топтоочу агымдардын борбордук бөлүштүрүүчү звеносу болуп калат. Андан ары агымдын бөлүгүн түздөн-түз БКнын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (МЭПФ) башкаруусуна которуу менен пенсиялык каражаттарды башкарууну борбордон бөлүүнү жүргүзүү максатка ылайыктуу. Ушундай атаандаштык чөйрө жалпысынан активдерди башкаруунун сапатына оң таасир көрсөтөт. Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду администрациялоо үчүн Соцфонд пенсиялык активдерди жайгаштыруудан инвестициялык кирешелердин үлүшүн пайдаланат.
Топтоочу бөлүккө салуу үчүн арналган взностор Соцфонд тарабынан ай сайын чогултулат.
Пенсиялык топтоолордун эсебин Соцфонд жарандардын топтоочу пенсиялык эсептеринде жүргүзөт.
Топтоочу пенсиялык системанын катышуучулары пенсиялык топтоолорду жайгаштыруу үчүн Соцфонд, БК, ал эми келечекте МЭПФ тарабынан берилүүчү түрдүү инвестициялык куржундарды тандоо укугуна ээ. Мында алар жылына бир жолу гана инвестициялык куржунду тандай алышат.
Камсыздандырылган адамга пенсиялык топтоолорунун өлчөмү жөнүндө жыл сайын маалымдап туруу каралууда.
Пенсиялык топтоолор ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимге ылайык жайгаштырылат жана менчик БКларга берилет, алар конкурстук негизде тандалууга жана ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын алууга тийиш. Алардын иштерине кошумча талаптарды кароо зарыл (инвестициялык куржундун курамына жана түзүмүнө талаптар, өздүк капиталдын өтүмдүүлүгү, пенсиялык топтоонун катышуучуларынын мүлкүн БКнын менчик мүлкүнөн бөлүү). Пенсиялык активди кесипкөй катышуучулар башкарууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ылайык инвестициялык каражаттарды башкаруу кесипкөй ишмердик болуп эсептелет, ага юриспруденциялык талаптар коюлат: өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү, финансылык абалы жана квалификациялуу адистердин болушу, - башкача айтканда пенсиялык топтоочу системанын каражаттары инвестициялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча иштерди жүргүзүү укугуна лицензиясы бар жана менчик каражаттардын пропорциялуу өлчөмдөрүнө туура келген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын башкаруусуна өткөрүп берилиши керек.
Пенсиялык топтоолордун каражаттарын Соцфонд тарабынан которуу тартиби жана мөөнөттөрү БК тарабынан пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими менен аныкталат. Ушундай башкарууга типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Пенсиялык системага топтоочу бөлүктүн өнүгүшүнө жараша кызматкерге пенсиялык топтоолорун мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго которууну тандоо сунушталат.
Пенсиялык топтоолор инвестициялануучу активдерди сактоо жана эсепке алуу, ошондой эле БКнын пенсиялык топтоолорду инвестициялоо боюнча эрежелерди жана чектөөлөрдү сакташын контролдоо тиешелүү лицензиясы бар адистештирилген депозитарий тарабынан жүргүзүлөт. Депозитарий Типтүү келишимге ылайык депозитарийлик тейлөөгө Соцфонд менен келишим түзөт.
Отчеттук жылдын камсыздандыруу взносторунун каражаттарын убактылуу жайгаштыруудан алынган таза финансылык натыйжа андан ары тандалган БКга берүү үчүн аталган каражаттарга сатып алынган баалуу кагаздарды Соцфонддун толук саткан күнүнө эсептелет жана жарандын пайдасына отчеттук жылы Соцфондго түшкөн камсыздандыруу взносторунун суммасына пропорционалдуу болгон жарандын топтоо эсебинде чагылдырылат.
Пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоо пенсиялык активдерди коргоонун жана коопсуздугунун куралы болуп эсептелүүчү пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жөнүндө атайын мыйзам менен жөнгө салынат.
Пенсиялык топтоолор мамлекеттик баалуу кагаздарга (эң чоң үлүшү), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына, күрөө менен камсыздалган корпоративдик облигацияларга, банктык депозиттерге, ипотекалык кредиттөө секторуна жана чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагазына инвестицияланат.
Пенсиялык топтоолордун сакталышы төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
- БКнын жана адистештирилген депозитарийдин иштерин лицензиялоо;
- пенсиялык топтоолорду жайгаштырууда жана алардын инвестициялык куржунунун жана өздүк каражаттарынын структурасына, башкаруучу компаниялардын уюштуруучуларына, жетекчилерине жана адистерине коркунучту азайтуу, диверсификациялоо боюнча БКнын талаптарын аныктоо;
- БКнын жылдык финансылык отчетторуна ар жылкы аудитордук текшерүүлөрдү милдеттүү жүргүзүү;
- Соцфонддун жана башка мамлекеттик органдардын алдында БКнын туруктуу финансылык жана статистикалык отчет бериши;
- өздүк каражаттардын жана пенсиялык топтоолордун өз-өзүнчө эсебин жүргүзүү;
- администрациялык чыгымдарга чектөөлөрдү киргизүү;
- пенсиялык топтоолорду инвестициялоодо БКнын жана депозитарийдин жоопкерчилик коркунучун камсыздандыруу.
Негизги контролдоочу орган болуп пенсиялык топтоолордун каражаттарын түзүүнү жана инвестициялоону жөнгө салуучу, контролдоочу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
Пенсиялык топтоолордун каражаттары кызматкердин менчиги болуп эсептелет, башка деңгээлдердеги бюджетке алынбайт, пенсиялык топтоолорду түзүү жана инвестициялоо боюнча процесстин субъекттеринин жана катышуучуларынын милдеттенмелерин күрөөгө коюу же башкача камсыз кылуу предмети болуп эсептелбейт.
Иш чаралар планында (тиркелет) белгиленген мөөнөттө тиешелүү түрдө даярдоо иштерин аткарууда топтоо бөлүгүн Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына киргизүү 2010-жылдын 1-январынан баштап каралууда. Өтүүнүн ушул схемасында пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнүн күтүлүүчү бюджетине өтүү 2010-жылы 693,3 млн. сомго барабар болот жана андан ары Кыргызстандын рынокторунун шарттарында ушул системанын «кыйналбай эле» көнүп кетиши үчүн топтоочу пенсиялык системанын жай өсүшүн камсыз кылуу зарыл. Өз кезегинде жаңы пенсиялык система пенсиялык топтоолордун деңгээлин реформанын алгачкы жылдарында болгон канааттандыруучу натыйжалардын учурунда көбөйүү жагына пенсиялык топтоолордун деңгээлин жөнгө сала алат.
Жылдардын өтүшү менен топтоочу бөлүккө аманатчылардын үлүшү көбөйөт, ал эми тилектештик системага кескин азаят.
Топтоочу пенсияларды алгачкы төлөө системаны киргизгенден үч жылдан кийин башталат. Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнүн натыйжасында 2030-жылдан тартып пенсионерлердин санынын кескин кыскарышына карата тенденция башталат, алар пенсияны тилектештик системасынан гана алууга тийиш, бул болсо жалпысынан пенсиялык фонддун жалпы финансылык абалына оң таасир этет. Пенсиянын өзүнүн түзүмү дагы байкалаарлык өзгөрүүлөргө туш болот. ПК1 боюнча пенсиялык төлөөлөрдүн үлүшү (ал 1996-жылга чейинки орточо эмгек акыга жана стажга жараша эсептелет) кыскарат жана ПК2 үлүшү (бул жарандардын шарттуу-топтоо эсептери боюнча эсептелет) байкалаарлык көбөйөт, ал эми 2040-жылдан 2050-жылдарга чейинки мезгилде ПК1 боюнча пенсияларды төлөө толугу менен токтотулат.
Кыргызстанда пенсиялык система жетишээрлик чыңалган ритмде иштейт. Тилектештик системада да, аралаш системада да пенсиялык фонддорду тартыштыктар коштойт. Бирок буга карабастан пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнүн олуттуу артыкчылыгы иштегендердин мурунку муунуна оорчулуктун азайышы, ушул системанын түздөн-түз бенефициарына - жаранга карылык үчүн жоопкерчиликти акырындык менен которуу болуп эсептелет жана ошентип пенсиялык системанын топтоо бөлүгү узак мөөнөттүү келечекте финансылык туруктуулукка жетишине мүмкүндүк берет. Тилектештик системанын чоң кемчилиги анын мезгил-мезгили менен өзгөрүп турган демографиялык кырдаалга байланышкандыгы эсептелет. Алсак, 2012-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилде жана 2040-жылдан тартып иштеп жаткан калктын жана пенсионерлердин эң начар балансы күтүлөт жана бул пенсиялык фонддун абалына таасир этет.
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгү демографиялык өзгөрүүлөргө эмес, пенсиялык топтоолордун жана инвестициялык кирешелердин чоңдугуна жараша болот.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүн башкаруу
Мурунку главалардан алганда Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасында топтоо бөлүгүнүн төмөнкүдөй администрациялык түзүмү сунушталат (схеманы кара).
┌───────────────┐ ┌─────────────────┐ ┌──────────────────┐
│Ыйгарым укуктуу│ │ Социалдык фонд │ │ Депозитарий │
│ орган │<──────>│ жана Мамлекеттик│ │ │
│ │ │ топтоочу │ │ │
│ │ │ пенсиялык фонд │ │ │
└─────┬┬─┬──────┘ └────────┬────────┘ └──────────────────┘
││ │ │
││ │ ┌────────────────────┼─────────────────┐
││ └───┼────────────────────┼─────────────────┼───┐
│└─────┼────────────────┐ │ │ │
│ │ │ │ │ │
v v v v v v
┌───────────────────┐ ┌──────────────────┐ ┌───────────────────┐
│ Менчик башкаруучу │ │Топтоочу пенсиялык│ │ Менчик башкаруучу │
│ компаниялар │ │ фонддор │ │ компаниялар │
└─────────┬─────────┘ └─────────┬────────┘ └──────────┬────────┘
│ │ │
v v v
┌────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Инвестициялык куржундар │
└────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Үч-беш жылга созулуучу алгачкы өткөөл этапта каражаттарды инвестициялоо негизинен Соцфонд тарабынан ишке ашырылат. Иштерди уюштуруу жарандардын топтоочу пенсиялык эсептери менен башкаруу аркылуу жүргүзүлөт.
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнүн катышуучуларынын милдеттери төмөндө келтирилет.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө өтүүнүн башталгыч этабында Соцфонддо персонификацияланган эсепке алуунун өнүккөн системасынын болушун, персонификацияланган эсептерде финансылык маалыматтарды каттоо үчүн администрациялык аппараттын болушун, инвестициялоо үчүн финансылык каражаттардын кеңири чөйрөсүнүн жоктугун көңүлгө алып убактылуу, түзүлүп жаткан системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Соцфонд топтоочу пенсиялык фондду башкаруу функцияларын бөлүштүрүшү керек. Ушуга байланыштуу Соцфонд жекече топтоочу пенсия менен камсыз кылуу системасын уюштуруу жана пенсиялык топтолгон каражаттарды которуу функцияларын менчик БКларга бериши, инвестициялык кирешелерди бөлүштүрүшү жана топтолгон пенсияларды төлөп бериши кыйла натыйжалуу болот.
Келечекте пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнүн схемасы практикалык иш процессинде жолго коюлган учурда жарандарга мамлекеттик эмес пенсиялык фондду тандоо укугун берүү мүмкүн болот.
Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд максаттуу камсыздандыруу фонду катары Соцфонд тарабынан түзүлөт.
Топтоочу пенсиялык фондду администрациялык башкарууну Соцфонд ишке ашырат.
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) пенсиялык топтоо фондунун эсебине Социалдык фондго келип түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн финансылоого камсыздандыруу взносторунун суммалары;
б) мыйзамда белгиленген тартипте пенсиялык топтоолордун каражаттарын жайгаштыргандан жана инвестициялагандан кийин ала турган инвестициялоодон кирешелер;
в) келишимдерге ылайык туумдар, башка каражаттар.
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары (пенсиялык топтоолор) төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) камсыздандырылган жактардын пайдасына киреше алуу максатында инвестициялоого;
2) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
3) мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарын администрациялык башкаруу менен байланышкан Социалдык фонддун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө.
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары (пенсиялык топтоолор) бардык деңгээлдердеги бюджеттерге алып коюлбайт, күрөөнүн же көрсөтүлгөн каражаттардын менчик ээсинин жана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын милдеттенмелерин башкача камсыз кылуунун предмети болуп саналбайт.
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдарын эсепке алуу Социалдык фонддун борбордук аппаратынын деңгээлинде жүзөгө ашырылат.
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүндө Социалдык фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) пенсиялык топтоо каражаттарын пенсиялык топтоону инвестициялоо жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдалануу;
2) мамлекеттик пенсиялык топтоо фондун түзүү жана башкаруу;
3) пенсиянын топтоо бөлүгүнө камсыздандыруу взносторун чогултуу;
4) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттө пенсиялык топтоолордун көрсөтүлгөн каражаттарын башкаруучу компанияга берүү;
5) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө;
6) пенсиялык топтоо каражаттарын, аларды жайгаштырууну, алынган инвестициялык кирешени өзгөчөлөнгөн эсепке алууну жүзөгө ашыруу;
7) эсептөө тартиби аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленүүчү пенсиялык топтоо каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо эсептериндеги пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдыруу;
8) отчетторду аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген формалар боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтүү;
9) камсыздандырылган адамдарды аларды жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу;
10) инвестициялык куржунду (БК) тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдардын арыздарын арыз берилген жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө карап чыгуу;
11) арыз ээсине анын арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө камсыздандырылган адам инвестициялык куржунду (БК) тандоо жөнүндө арыз берген жылдан кийинки жылдын 31-мартынан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүү;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсиялык схемаларга ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү жүзөгө ашыруу.
Ыйгарым укуктуу орган
Ыйгарым укуктуу орган - бул инвестициялык рынокту контролдогон мамлекеттик уюм.
Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамиле субъекттери пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташына контролдукту камсыз кылуу;
2) өз компетенциясынын чектеринде пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
3) депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө Социалдык фонд аны менен келишим түзүшү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурстарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүү;
4) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин Социалдык фонд аны менен түзүшү үчүн БК тандоо боюнча конкурстарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүү;
5) пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ишти ал жүзөгө ашырышы менен байланышкан маалыматты, ошондой эле башка маалыматты берүү жөнүндө суроо-талаптарды өз компетенциясынын чектеринде мамиле субъекттерине жөнөтүү;
6) БКнын, депозитарийдин финансылык абалынын жана төлөөгө кудуреттүүлүгүнүн стабилдүүлүгүнө баа берүү жана зарылчылык болгон учурда абалды жакшыртуу жана табылган эреже бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берүү;
7) пенсиянын топтоо бөлүгүн финансылоого камсыздандыруу взносторунун келип түшүшү жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жөнөтүү жөнүндө, камсыздандырылган адамдардын топтоо бөлүгүндө эсепке алынган каражаттар, пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөөлөр жөнүндө, ошондой эле БКга ишенимдүү башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө Социалдык фонддун отчетторун жана маалыматтарын карап чыгуу;
8) мамиле субъекттеринин отчеттуулугуна аудитордук корутундуларды карап чыгуу;
9) тиешелүү мамиле субъекттеринин ишине көзөмөлдү жана контролдукту, алардын отчеттуулугунун тартибин, формасын жана мөөнөттөрүн өз компетенциясынын чектеринде белгилөө;
10) пенсиялык каражаттарды инвестициялоо жөнүндө мыйзамда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы жөнүндө жободо каралган башка аракеттерди жүзөгө ашыруу;
11) пенсиялык топтоо каражаттарынын менчик ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун кесепеттерин жоюу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамиле субъекттери келтирген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор менен сотко кайрылуу.
Мамлекеттик эмес пенсиялык топтоо фонддору (МЭТФ)
Кыргызстанда ушул мезгилге чейин мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун толук баалуу системаларын түзүүгө мүмкүн болгон эмес, анткени тиешелүү экономикалык шарттар түзүлгөн эмес, финансылык рыноктор жетиштүү даражада өнүккөн эмес, жумушчу күчүнүн миграциясынын деңгээли жогору, ал эми калкта жеке пенсиялык системаларга ишеним жок. Мындан тышкары, эмгек акынын төмөн деңгээли ыктыярдуу пенсиялык схемаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Келечекте, экономика өнүгүшүнө, реалдуу абалда эмгек акынын өлчөмү көбөйүшүнө жараша МЭТФлар камсыздандыруучу катары милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу системасына тартылат, алар милдеттүү пенсиялык топтоо активдери жагынан операцияларды жүргүзө алат. МЭТФ башкаруучу компания аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар болгон шартта пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жагынан иш алып бара алат. Мында МЭТФлар айрым талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- төмөнкүлөргө ээ болууга:
мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашыруу боюнча кеминде эки жылдык иш тажрыйбасына;
энчилүү пенсиялык эсептердин айрым санын бир эле учурда киргизүү тажрыйбасына;
уставдык ишти камсыз кылуу үчүн мүлккө акчалай баа берүүнүн айрым чоңдугуна;
- төмөнкүлөрү болбоого:
иштин кеминде соңку эки жылынын ичинде актуардык баалоонун натыйжалары боюнча актуардык тартыштыгы;
иштин соңку эки жылынын ичинде лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу фактылары болбоого.
МЭТФ аманатчыларды тейлөө жөнүндө Социалдык фонд менен келишим түзөт. Ошондой эле МЭТФ БК, депозитарий менен үч тараптуу келишим түзөт.
Башкаруучу компаниялар
БК - пайлык инвестициялык фонддордун жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун операторлору. Мындай уюмдарга өз каражаттарынын өлчөмү, иштин принциптери жана контролдоочу органдардын алдындагы отчеттуулугу боюнча катуу талаптар коюлат. БК жеке инвесторлордун каражаттарын тартуу, аларды фонддорго топтоо, андан соң билдирилген инвестициялык декларацияга ылайык фонддун каражаттарына ар кандай финансылык активдерди сатып алуу жагынан иш алып барат. Рыноктогу кырдаалдарга жараша БК фонддордун жана, тиешелүү түрдө, ар бир аманатчынын кирешелүүлүгүн мүмкүн болгон максималдуу көбөйтүү үчүн фонддордун каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
БК - инвестициялык фонддордун каражаттарын башкарган жана пенсиялардын топтоо бөлүгүн инвестициялоону камсыз кылган уюм. БК ийгилиги көбүнесе анда иштеген кесипкөй трейдерлерге, финансылык аналитиктерге жана башка адистерге байланыштуу, алар рыноктук кырдаалды эске алуу менен фонддордун каражаттарын алда канча пайдалуу жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
БК төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтоолордун каражаттарын камсыздандырылган адамдардын таламдарында гана инвестициялоого;
2) пенсиялык топтоолорду инвестициялоо мыйзамдын талаптарына ылайык келиши үчүн пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген жоопкерчиликти тартууга;
3) ишенимдүүлүк, өтмө, кирешелүүлүк жана диверсификация принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына таянуу менен пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
4) депозитарий менен келишим түзүүгө жана анын контролдугу астында Социалдык фонд башкарууга берген пенсиялык топтоолордун каражаттары жагынан операцияларды жүзөгө ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын ченемдик укуктук актыларына ылайык учурдагы рыноктук наркты жана башкарууда турган накта активдердин наркын дайыма эсептеп турууга;
6) пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө үчүн каражаттарды мыйзамдарда жана пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Социалдык фондго которууга;
7) өзүнүн жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандырууга;
8) башкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата өз каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте сактоого;
9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте жана мөөнөттө акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматты ачууга;
10) депозитарийдин же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жагы болбоого;
11) пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоо жөнүндө отчетту, ошондой эле инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчетту пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Социалдык фондго жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берүүгө;
12) лицензияны кайра чакыртуу же убактылуу токтотуу жөнүндө, башкаруучу компаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Социалдык фондго жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына маалымдоого;
13) башкарууда турган пенсиялык топтоолордун каражаттарын кредиттик уюмда өзүнчө банктык эсепте обочолотууга, пенсиялык топтоолордун каражаттары жагынан операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн эсепти жүргүзүүгө;
14) мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Социалдык фонд жана депозитарий менен келишимдерде каралган башка талаптарды сактоого.
Депозитарий
БКнын пенсиялык топтоолорду жайгаштыруу боюнча негизги контролдоочу органдарынын бири болуп депозитарий саналат.
Социалдык фонд пенсиялык топтоо активдерин сактоо жана пенсиялык топтоолордун каражаттарын тескөө жагынан БКнын ишине контролдукту жүзөгө ашыруу боюнча келишим түзөт. Депозитарий баалуу кагаздарга жана пенсиялык топтоолордун каражаттарына инвестицияланган документтик баалуу кагаздардын сертификаттарын сактоого укукту эсепке алууну жүргүзөт.
Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн БК менен тилектеш жоопкерчилик тартууга;
2) пенсиялык топтоолордун каражаттарына сатып алынган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу үчүн депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн ар бир БКнын атына өзүнчө эсеп ачууга;
3) баалуу кагаздарды эсепке алууну жана пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында сатып алынган баалуу кагаздарга укуктар өтүшүн эсепке алууну жүргүзүүгө;
4) Социалдык фонд БКга ишенимдүү башкарууга берген пенсиялык топтоолордун каражаттары жагынан бардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алууга жана сактоого;
5) контролдукту жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө табылган олуттуу эреже бузуулар жөнүндө алар табылган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматына, Социалдык фондго, тиешелүү БКга билдирүүгө;
6) операцияларды аткаруу, келишимге ылайык эсепке алынуучу баалуу кагаздардын түрлөрү жана наркы жөнүндө отчеттуулукту аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген формалар боюнча жана мөөнөттө мамилелердин субъекттерине берүүгө;
7) лицензияны кайра чакыртуу жөнүндө же убактылуу токтотуу жана уюштуруу документтериндеги башка өзгөрүүлөр жөнүндө Социалдык фондго жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө маалымдоого;
8) пенсиялык топтоолордун каражаттары жагынан жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими боюнча башкарууда турган накта активдердин наркы жөнүндө маалыматты Социалдык фондго жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө;
9) депозитарийдин регламентин жана ага киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматында каттоого;
10) депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон өз жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандырууга;
11) тейленүүчү активдердин көлөмү жагынан өз каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте сактоого;
12) акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматты аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттө жана тартипте ачууга;
13) пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырып жаткан БКлардын же көрсөтүлгөн БКлардын аффилирленген жактарынын биринин да аффилирленген жагы болбоого.
Депозитарий Социалдык фонддун да, пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырып жаткан БКлардын биринин да аффилирленген жагы болуп саналбайт.