Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 137
Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобо;
2-тиркемеге ылайык, кошумча макулдашуу;
3-тиркемеге ылайык, жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу жөнүндө шаар куруу корутундусунун формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин:
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик боюнча маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Абиров |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын “___”_________ №_____токтомуна 1-тиркеме |
Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83
токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул жобо муниципалдык менчикте турган жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү, ошондой эле жер участокторду алмаштыруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
II. Терминдер жана түшүнүктөр
3. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
администрациялык орган - мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле административдик жол-жоболорду туруктуу же убактылуу жүзөгө ашырууга мыйзам менен ыйгарым укуктар берилген атайын түзүлгөн органдар;
административдик жол-жоболор - администрациялык органдын кызыкдар адамдын арызынын, администрациялык органдын демилгесинин негизинде укуктарды жана/же милдеттерди белгилөө (берүү, ырастоо, күбөлөндүрүү, каттоо, камсыз кылуу), өзгөртүү же токтотуу, анын ичинде административдик актыны берүү (аны кабыл алуу, макулдашуу, бекитүү), же болбосо, кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо, мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн акча каражаттарын, башка мүлктү берүү жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча аракеттери;
жаңыдан түзүлгөн жер участогу - эки же бир нече жер участокторунун кошулуусунун натыйжасында, ошондой эле жер участогунун чек аралары өзгөргөндөн кийин түзүлгөн жер участогу.
башкы план - шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин долбоорлору;
шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөлөрү) жөнүндө, жер участокторун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участокторунун максаттуу, функционалдык дайындалышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурациясынын) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, жер пайдалануу жана куруу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;
жер участоктун чек аралары - топурак катмарын гана эмес, анын аймагында жайгашкан курулуштардын жана жаратылыш объекттеринин жыйындысын да бириктирүүчү жер аянтынын жайгашкан жерин аныктоочу контурдук сызыктар;
имараттар жана курулмалар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде батирлер, көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлар;
жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;
жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери;
жерди муниципалдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар;
жалпы пайдалануудагы жерлер - калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол боюндагы жер тилкелери, бак-дарактар, көк майсандар, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан, өткөн арык жана башка сугат тармактары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр ж.б.);
чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;
в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракт аркылуу добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу контролдонот же башкарылат;
г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын жыйырма пайызынын кем эмесине ээ болот;
д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак;
шаар курууну жөнгө салуу сызыктары - ченемдик талаптарга ылайык өзгөчө шарттамдар жана аларды пайдалануу эрежелери колдонулган чектердеги аймактардын чек аралары;
жер участогун өздөштүрүү - курулуш-монтаждык иштерди баштоо жана жер участокторун анын функционалдык дайындалышына ылайык пайдалануу үчүн бардык зарыл болгон уруксат документтерин алуу менен байланышкан долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди даярдоо боюнча иштер;
негизги жер участогу - ар түрдүү багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу, анын ичинде жеке көмөкчү чарба же жеке турак жай курулушун жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик кадастрдык эсептен өткөн, белгиленген тартипте укуктары катталган максаттар үчүн жеке же юридикалык жакка менчикке/пайдаланууга берилген жер участогу;
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык алынып салынды)
жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
жер участогуна укугун берүү - ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык менчикте турган жер участогун жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериши;
долбоордук документтер - курулушту, реконструкциялоону же курулуш объекттерине жана/же анын бөлүктөрүнө башка өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдүү жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
жер участогун уруксат берилген пайдалануу - шаар куруу документтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде сервитуттарда белгиленген шаар куруу регламенттерине ылайык жер участогун пайдалануу;
сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу;
ыйгарым укуктуу орган - жер участокторун башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укук берилген аймактык орган;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жер участокторун пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укук берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
жер участогун түзүү - чек араларды аныктоого, максаттуу (функционалдык) багытты белгилөөгө багытталган уюштуруучулук аракеттердин жана иштердин комплекси, анын ичинде Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык жер участогу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган документтерди даярдоо;
жерлердин функционалдык багыты - шаар куруу жана/же жерге жайгаштыруу документтерин эсепке алуу менен, жерлердин максаттуу багытына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык жер участогунун багыты.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Максаттар жана жөнгө салуу предмети
4. Ушул жобонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
муниципалдык менчикте турган жер участокторун натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде жер участокторунун жана капиталдык курулуш объекттеринин укук ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
курулуш чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өбөлгөлөө;
5. Ушул жобонун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү үчүн тартипти жана шарттарды белгилөө;
муниципалдык менчикте турган жер участокторду алмаштыруу шарттарын белгилөө.
IV. Бишкек шаарындагы жер участоктун чек араларына, функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алмаштыруу жөнүндө арыздарды кароо тартиби
6. Арыз ыйгарым укуктуу органга берилет жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
а) арыз ээси жөнүндө (аны так идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, тактап айтканда: инсандыгын ырастоочу документтин маалым даректери, ал катталган жер жөнүндө маалыматтар: жеке адамдар үчүн - (катталганы) жана (же) иш жүзүндө жашаган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги, байланыш үчүн телефондордун номерлери, ижарачынын атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын маалым даректери; юридикалык жактар үчүн, ал чет өлкөлүк экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана анын жайгашкан орду жөнүндө.
Арызга төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
а) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин;
б) арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документтин жана эгер арыз берүүчү юридикалык жак болсо уюмдаштыруучу документтердин;
в) (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык алынып салынды)
г) ыйгарым укуктуу органга кайрылган күнү даярдалган Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө бөлүктүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн бар болуу предметине карата (Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) карап чыгат. Чектөөлөр болгон учурда ыйгарым укуктуу орган арыз катталган күндөн тартып, 3 жумушчу күндүн ичинде даттануунун тартибин көрсөтүү менен, негиздүү баш тартууну чыгарат жана арыз ээсине жөнөтөт.
8. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болсо, катталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жер участоктун чек араларына, функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алмаштыруу жөнүндө арызды жөнөтөт.
V. Бишкек шаарында жер участогун түзүү жана жер участогунун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби
9. Жер участокту түзүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү тартипте жүзөгө ашырат. 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын өтүнмөсүнүн негизинде суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине ылайык келүүсүн белгилейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Суралган жер участок боюнча билдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, ошондой эле чектөөлөр (Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын аткылары) бар болгон учурда арыз катталган учурдан баштап 3 жумушчу күндүн ичинде негиздүү баш тартуу чыгарат жана даттануу тартибин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
Суралган жер участок боюнча билдирилген куруу ниеттери шайкеш келгендиги аныкталган учурда 10 жумушчу күндүн ичинде 1:500 масштабында топографиялык планды аткарат, ага жер участогу менен өткөн инженердик-техникалык тармактардын трассаларын жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктарын түшүрөт, анын негизинде 7 жумушчу күндүн ичинде жер участогунун схемасын даярдайт, ага бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен жана участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен жер участогунун чек араларын түшүрөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жер участогунун чиймеси даярдалган күндөн баштап кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле мезгилде жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды милдеттүү тартипте жөнөтөт:
а) жер участогунун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктарынын болушун, бул жер участогуна оордуктардын жана чектөөлөрдүн бар экендигин тактоо жана жер участоктун чиймесин макулдашуу үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга.
Зарылчылыкка жараша:
а) корутундуларды жана макулдашууларды алуу үчүн (инженердик коммуникациялар, ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жаткандыгы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү тууралуу маалыматтар болгон учурда) электр, суу менен жабдууну жана канализация, жылуулук жана газ менен жабдууну камсыз кылган инженердик-техникалык кызматтарга;
б) тийиштүү корутундуларды алуу үчүн (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучунун зонасында болгон учурда) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына;
в) тийиштүү макулдашууларды алуу үчүн (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында турган учурда) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
г) бак-дарактарды пайдалануу, анын ичинде аларды кыюу жана көчүрүп отургузуу шарттары тууралуу маселелерди чечүү үчүн (муниципалдык менчикте турган жер участогунда бак-дарактар болсо) бак-дарактарды күтүү жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
д) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүмдөргө (жер участогу жолдордун боюнда жана көрүү үч бурчтугунун чегинде болсо);
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мамлекеттик коргоо менен жөнгө салынган объекттер болгон учурда).
Жер участогу төмөнкү учурларда түзүлдү деп эсептелинет, эгерде:
а) жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо (сервитуттар аркылуу бекитилип берилген укуктардан тышкары);
б) жер участогунун белгиленген чек аралары бар болсо;
в) жер участогунун функционалдык багыты жана уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка зарыл болгон шаар куруу регламенттери бар болсо;
г) бул жер участогуна карата инженердик коммуникациялардын, учурдагы бош кубаттуулуктардын бар же жок болушу жөнүндө маалыматтар берилсе;
д) бул жер участогуна карата бул райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү планы жөнүндө, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болуучу кубаттуулуктары жөнүндө, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар берилсе;
е) бул жер участогунда жайгашкан бак-дарактарды (алар бар болсо) пайдалануу, кулатуу, көчүрүү макулдашылса, тийиштүү документтер бар болсо жана компенсациянын наркы аныкталса.
(Абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык алынып салынды)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар чек араларды өзгөртүү, жер участогунун функционалдык багыты же жер участогун алмаштыруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларды карайт.
Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда, анын ичинде чектөөлөр болгондо (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) арыз катталган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде даттануу тартибин көрсөтүү менен арыз ээсине негиздүү баш тартуу жиберет.
Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болгон учурда, 5 жумушчу күн ичинде арыз ээси тарабынан берилген документтерди архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте макулдашуу же түзүү үчүн жөнөтүүгө милдеттүү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды жана башка зарыл болгон документтерди даярдоодо берилип жаткан маалыматтын толуктугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келүүсү үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
14. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң корутундулардын негизинде, 7 жумушчу күндүн ичинде жер участогунун шаар куруу корутундусун белгиленген формада, үч нускада даярдайт.
Жер участоктун шаар куруу корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөр түшүрүлгөн 1:500 и 1:2000 масштабындагы топографиялык планга аткарылган жер участоктун чиймеси түрүндөгү графикалык материал:
а) бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен же участоктун чек аралары;
б) инженердик-техникалык тармактар өткөн трассалардын долбоорлору жана аларга туташуу чекиттери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникациялар жылдырылуучу трассалар;
в) шаар курууну жөнгө салуу сызыктары;
г) суу коргоо зоналарынын, санитардык-коргоо зоналарынын жана санитардык сактоо зоналарынын чек аралары;
д) участокко өтүүчү жолдорду уюштуруу;
е) жер участогунун чек араларындагы курулуштун максималдуу пайызы;
2) төмөнкүлөр каралган тексттик материал:
а) жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
б) сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бар болушу жөнүндө маалыматтарды кошуу менен жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү);
в) суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине, жер участогунун функционалдык багытына шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматтар.
Участок тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда жер участогунун шаар куруу корутундусуна төмөнкү кошумча шаар куруу регламенттери колдонулат:
а) куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча;
б) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча.
Жер участогу жайгашкан орунга жана объекттин функционалдык багытына жараша төмөнкү кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
а) көрктөндүрүүгө жана фасаддарга;
б) токтотмо орундарды жана участокко өтүү жолдорду, анын ичинен курулуш жүргөн мезгилге убактылуу уюштурууга;
в) курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды которуп жылдырууга (жеке менчикте тургандардан тышкары);
3) шаар куруу корутундусуна милдеттүү тартипте тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары тиркелет.
Шаар куруу корутундусуна архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коёт. Жетекчинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кол тамгасы уюмдун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Шаар куруу корутундусу катталган күндөн тартып үч жылдын ичинде жарактуу болот. Шаар куруу корутундусунун аныктыгы үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органы жоопкерчилик тартат. Жер участокту түзүү баскычында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын өтүнмөсү келип түшкөн күндөн тартып 35 жумушчу күндү түзөт.
Шаар куруу корутундусу үч нускада: архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган үчүн, ыйгарым укуктуу орган үчүн жана тапшырыкчы үчүн бир нускадан даярдалат.
(Абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомуна ылайык алынып салынды)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган мөөнөттөр бүткөн күндөн баштап кийинки күндөн кечиктирбестен шаар куруу корутундусун ага тиркелген бардык материалдар менен бирге ыйгарым укуктуу органга берет.
17. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде жер участоктун чек араларына, функционалдык багытына же алмашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Арыздарды кабыл алуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын эсепке алуу менен акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Жер участогунун шаар куруу корутундусун даярдоо менен байланышкан чыгымдарга жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар берген эсептөөлөргө ылайык, арыз ээсинен түшкөн каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөнөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын төлөөнү кошумча макулдашуу түзүлгөнгө чейин жүргүзүшөт. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде, арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кошумча макулдашуу жер участогунун чек араларын (конфигурациясын) же функционалдык багытын өзгөртүү жөнүндө жазууну, Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча арыз ээсине жөнөтүлүүгө тийиш. Кошумча макулдашууну каттоо жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Бишкек шаарында жер участоктун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу боюнча арызды кароо тартиби
22. Төмөнкүлөр көрсөтүлгөн арыз ыйгарым укуктуу органга берилет:
а) арыз ээси жөнүндө маалымат (аны так идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, тактап айтканда: инсандыгын ырастоочу документтин маалым даректери, ал катталган жер жөнүндө маалыматтар: жеке адамдар үчүн - (катталганы) жана (же) иш жүзүндө жашаган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги, байланыш үчүн телефондордун номерлери, ижарачынын атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын маалым даректери; юридикалык жактар үчүн, ал чет өлкөлүк экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана анын жайгашкан орду.
Арызга жер участогунун укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
23. Жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) башка жер участок коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мөөнөттүү пайдаланууга мурда берилген жер участок алынган учурда, ошондой эле ага көз каранды болбогон жагдайлар (инженердик тармактардын жана коммуникациялардын же бул райондо инженердик коммуникациялардын пландалган өнүгүүсү жөнүндө маалыматтардын, пландалып жаткан инженердик коммуникациялардын мүмкүн болуучу кубаттуулуктарынын, аларды киргизүү мөөнөттөрүнүн, ошондой эле жер участогун берүү мыйзамсыз болгон учурда, көзөмөл жана сот органдарынын жүйөлүү чечимдеринин, кошуна субъекттердин даттанууларынын болуусу) боюнча жер участокту өздөштүрүү мүмкүн болбогон учурда гана берилет. Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары менен тастыкталат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Берилген жер участогунун аянты мурда берилген жер участогунун же алмаштырылуучу жер участогунун жалпы аянтынан ашпашы жана коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу экономикалык-пландоо зонасында жайгашпашы керек. Ошентип, теңдеш жер участокту берүү комиссиянын чечими менен аныкталат.
Муниципалдык менчикте турган жер участокту мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынып коюла турган жеке менчикте турган жер участокко алмаштырууга жол берилет. Ошентип, жеке менчикте турган жер участок муниципалдык менчик жерлерине которулат, ал эми жеке же юридикалык жакка анын ордуна берилген жер участок тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө менен бул жактын жеке менчигине которулат.
Пайдалануунун белгилүү бир түрү үчүн жер участогу ижарага берилген же тоорукта ижара келишими түзүлгөн ижарачы шаар куруу регламентинде каралган түрлөрдүн тизмегинин алкагында жер участоктун функционалдык багытын өзгөртүүгө укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Ушул жобонун 6-главасында көрсөтүлгөн учурларда ордуна берилүүчү жер участогун түзүү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул жобонун V главасына ылайык толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
26. Макул тапкан шаар куруу корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде жер участогуна укук ырастоочу документти жол-жоболоштуруу үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлө турган жер участогун өзүнө бекитүү жөнүндө чечим чыгарылат.
27. Укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган 5 жумушчу күндүн ичинде материалдарды тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн комиссиянын жыйынына жиберет.
28. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде коомдук же мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып жаткан жер участоктун ордуна жер участокту алмаштыруу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Арыздарды кабыл алуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын эсепке алуу менен акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Жер участогунун шаар куруу корутундусун даярдоо менен байланышкан чыгымдарга жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар берген эсептөөлөргө ылайык, арыз ээсинен эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөнөт.
Юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын төлөөнү кошумча макулдашуу түзүлгөнгө чейин жүргүзүшөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Алып коюу менен башка жер участогун берүүнүн ортосундагы убакытта ижаралык төлөмдөр боюнча карыз бар болгон учурда бул карыздар жокко чыгарылат.
Мурун берилген жер участок үчүн ижара акысы боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда, алып коюу менен башка жер участок берүүнүн ортосундагы аралыкта, бул каражаттар берилген башка жер участок үчүн төлөнгөн акынын эсебине чегерилүүгө тийиш.
Ижара төлөмдөрдү кошуп эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген эсептерге ылайык жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кошумча макулдашуу мөөнөттүү пайдалануу укугунун келип чыгышы жөнүндө жазууну Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ижарачыга жөнөтүлөт. Мында кошумча макулдашууну түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Бишкек шаарында комиссиянын ыйгарым укуктары, материалдарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
33. Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу менен байланышкан маселелерди чечүү максатында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын коллегиялык органы болуп саналган жер участокторду берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
34. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
Муниципалдык менчик жана жер маселелерин тейлеген вице-мэр төрагасы болуп саналат.
Муниципалдык менчик жана жер маселелерин тейлеген вице-мэр төрагасы болуп саналган, комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес же башка уюмдардын өкүлдөрү киришет.
35. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштурууну ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Комиссиянын катчысы болуп ыйгарым укуктуу органдын начальнигинин орун басары саналат.
Комиссиянын катчысы жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери протоколдун туура түзүлүшүнө жана протоколдун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келүүсүнө жоопкерчилик тартат.
36. Ыйгарым укуктуу орган жыйын өткөрүү датасына чейин 10 календардык күн мурда комиссиянын мүчөлөрүн боло турган жыйын жөнүндө кабарлайт жана материалдар менен камсыз кылат.
Материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) шаар куруу корутундусунун көчүрмөсүн;
б) жер участогунун жайгашкан орду жөнүндө маалыматты;
в) жеке жана юридикалык жактын арызынын көчүрмөсүн;
г) жер участогун убактылуу пайдалануу укугунун наркын.
37. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден жыйында карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого;
б) комиссиянын кароосуна киргизилүүчү материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же толук эмес көлөмдө даярдалган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө;
в) Бишкек шаарынын мэриясына комиссиянын жыйындарына үч жолу катары менен келбеген комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө өтүнүүгө.
38. Комиссия өз иш-аракеттерин жыйын формасында жүзөгө ашырат, жыйындардын жыйынтыктары комиссиянын жыйыны өтүп жаткан күнү, комиссиянын катчысы, төрагасы жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюла турган протоколдор менен жол-жоболоштурулат.
39. Комиссиянын жыйынынын протоколу 3 нускада түзүлөт, анын бир нускасы арыз ээсине берилет.
Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйынынын типтүү протоколун иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
40. Комиссиянын жыйындары айына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
41. Комиссиянын жыйындарын Комиссиянын төрагасы алып барат, ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
42. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Комиссия чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
43. Комиссиянын чечимдери кворум болгондо катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен, ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
44. Комиссиянын жыйынынын протоколдору жана Комиссиянын иш-аракеттерине байланыштуу башка материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
45. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тарамында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) түз видеотрансляция жолу менен онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт, комиссиянын катчысы сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
46. Бишкек шаарынын мэриясы комиссияга жыйындарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракеттер үчүн керектүү жайларды берет.
47. Эгерде комиссиянын мүчөсү түз кызыкчылыктарга ээ болсо же арызы каралып жаткан адам менен туугандык мамиледе болсо, ал ушул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
VIII. Корутунду жоболор
48. Жер участогунун чек араларын (конфигурациясын), функционалдык багытын өзгөртүүгө жана алмаштырууга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын “___”_________ №_____токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды берүү боюнча ижара келишимине кошумча макулдашуу
Бишкек шаары 2019-жылдын “___”___________ |
|
|
Бир тарабынан мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан __________________________________________________________________ жана экинчи тарабынан мындан ары “Ижарачы” деп аталуучу ___________________________________________________________ атынан (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) _________________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) бирге “Тараптар” деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
|
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү боюнча 20__-жылдын “___”_______________ аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине ылайык ___________________________________________________________ ______________________________________________________________ үчүн
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)
ушул келишимге тиркелген Бишкек шаары__________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты______ чарчы метр жер участогун ____жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга берет.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижаралык төлөмдөр жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын отчёттук кварталдан кийинки айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижаралык төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептердин негизинде аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. Берилген жер участогунда Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарага берүүчү тарабынан чечилет.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай эмес түрдө аткарган учурда жана келишимдин колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин башка бирдей шарттарда жаңы мөөнөткө ушул ижара келишиминин мөөнөтүн узартууга башка жактардын алдында артыкчылык укугуна ээ;
3.1.4. Ушул келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда же колдонуу мөөнөтүнүн убагында Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен бул участокко менчик укукту белгиленген тартипте алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.6. Ижарачы жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.1.7. Ижарага алынган жер участогун максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.
3.1.8. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ушул келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.
3.1.9. Укукту ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин 3 күндүн ичинде шаар куруу боюнча кезметтик планды жүргүзүү үчүн “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында каттоодон өтүүгө.
3.1.10. Жер участогуна укукту ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин бир айдын ичинде “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.
3.1.11. Зарыл болгон учурда бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында келишим түзүлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга.
3.1.12. Долбоорду макулдашуудан жана бекитүүдөн кийин бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, белгиленген тартипте объектти курууга киришүүгө.
3.1.13. Объекттин курулушун аяктоого жана объектти ________ (ай, жыл) ичинде эксплуатацияга берүүгө.
3.1.14. Берилген жер участогунда жана ага жанаша турган аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн зарыл учурларда эркин кирүүнү камсыз кылууга.
3.1.15. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), суугарууну (арыктарды калыбына келтирүү), унаа өтүү жолдорун асфальттоону жана “таманташ” тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөнү аткарууга, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыз кылууга.
3.1.16. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылууга, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө;
3.1.17. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга келишим түзүүгө.
3.1.18. Өз эсебинен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короон аймагын санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоону жана калыбына келтирүүнү.
3.1.19. Төмөнкүлөргө жол бербөөгө:
- жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
- ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге;
3.1.20. Накта чек аралары белгиленгенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга.
3.1.21. Жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды жана курулмаларды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгер бул жер участогун берүүнүн зарыл шарты болуп саналса, берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө.
3.1.22. Курулуштун ушул келишимде белгиленген мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө.
3.1.23. Өзүнүн эсебинен ижарага алынган участокто чөп-чар толуп калуудан, сууга батыруудан, сазга айлануудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга.
3.1.24. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.1.25. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижара берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга.
3.1.26. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин кирүүсүн белгиленген тартипте камсыз кылууга.
3.1.27. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү убагында төлөөгө. Ижаралык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участогун ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт;
3.1.28. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына берилет.
3.1.29. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.1.30. Зарыл учурда, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтотулганда өзүнүн эсебинен ижарага алынган жер участогунан имараттарды жана курулмаларды бузууга жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө.
3.1.31. Ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда турган жер участогун Ижарачы укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган жана (же) курулуш даярдыгы долбоордук документте каралган 70 пайыздан кем эмести түзсө, бийиктиги беш кабаттан кем болбогон, эксплуатацияга берилген көп батирлүү үй бар жер участогун менчикке сатып алууга укуктуу.
3.1.32. Келишим аяктагандан кийин жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.1.33. Ушул келишимдин колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого.
3.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачынын төмөнкүлөргө укугу жок:
3.2.1. Ижаралоонун ушул келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун бекер пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланылганда;
б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;
д) ушул келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул келишимдин шарттары бузулганда Ижарачы тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
4.3.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бөлүгүн пайдалануу укугун келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттеринин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө тийиш.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарылбайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул келишимди буза алат.
7.3. Ушул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О |
| М.О. |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын “___”_________ №_____токтомуна 3-тиркеме |
|
|
|
Форма
Жер участоктордун чек араларын жана функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу жөнүндө шаар куруу КОРУТУНДУСУ
Жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участоктун идентификациялык коду (эгер ыйгарылган болсо)
_________________________________________________________________________________
Объекттин (жер участоктун) жайгашкан орду:
_________________________________________________________________________________
Жер участоктун чек аралары
_________________________________________________________________________________
Жер участоктун аянты
_________________________________________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу
_________________________________________________________________________________
Суунун сиңүү тереңдиги
_________________________________________________________________________________
Участок кооптуу табигый жана техногендик процесстерге кабылган (кабылган эмес) __________
_________________________________________________________________________________
1. Графикалык бөлүгү:
1:500 жана 1:2000 масштабында жер участогунун чек араларын түшүрүү менен, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен топографиялык негизде аткарылган жер участогунун чиймеси.
2. Тексттик бөлүгү:
1. Пайдалануунун билдирилген ниеттери үчүн тандалган жер участогунун шаар куруу документтерине жана куруу, жер пайдалануу эрежелерине (жер пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) шайкеш келиши | |
Башкы план | Шаар куруу документтери жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери бар экенин көрсөтүү (маалым даректери менен) жана аларга шайкеш келиши |
Деталдуу пландоонун долбоору |
|
Башка шаар куруу документтери |
|
Куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участогун пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенттери (жер участогун уруксат берилген пайдалануунун параметрлеринин чектери): | |
2.1. Жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү: |
|
2.2. Жер участоктун чек аралары |
|
2.3. Жер участоктун функционалдык багыты: |
|
2.4. Объекттин чектүү кабаттуулугу (максималдуу жана/же минималдуу кабаттуулугу (бийиктиги): |
|
2.5. Участоктогу курулуштардын максималдуу пайызы |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участок тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда: | |
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча | Шарттардын болуусун көрсөтүү |
санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык күзөт зонасынын шарттары боюнча |
|
суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функционалдык багытына жараша жер участокту пайдаланууга коюлуучу кошумча талаптар: | |
Көрктөндүрүү боюнча талаптар |
|
Фасаддарга коюлган талаптар |
|
Токтотмо орундарын уюштурууга (токтотмо орундарынын саны) жана участокко баруучу жолдорго коюлган талаптар |
|
3.3. Ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкүлөр боюнча корутундулары: экологиялык көзөмөл боюнча; санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча; өрткө каршы көзөмөл боюнча; жерге жайгаштыруу жана каттоо; тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча; бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча; мамлекеттик корголууга тийиш болгон объекттер боюнча; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүм боюнча |
|
4. Болгон инженердик тармактарды туташтыруу шарттары жана долбоорлонуп жаткан инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу боюнча | |
4.1. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик тармактардын трассаларынын өтүүсү боюнча талаптар |
|
4.2. Пайдаланууга бөлүнгөн аймак боюнча инженердик тармактардын трассаларынын өтүүсү боюнча талаптар |
|
4.3. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: трансформатордук көмөк чордон (ТКЧ) шкафтык газды жөнгө салуучу пункт (ШГЖП) көтөрүүчү насостук станция (КНС) |
|
4.4. Колдонуудагы инженердик тармактардын болуусу жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгон учурда аларды жылдыруу боюнча талаптар |
|
5. Жер участокту пайдалануу жөнүндө сунуш |
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |