Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик мекемелерди, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун 2-пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана мекемелерди" деген сөздөр жана экинчи абзацындагы "же мекемени" деген сөздөр ", мекемелерди же ишканаларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттун биринчи абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ыйгарым укуктуу органдын жана баланс кармоочунун (ал болсо) расмий интернет-сайттарында жайгаштырылууга тийиш. Эгерде объект Бишкек шаарында жайгашса, баланс кармоочу маалыматты республикалык маанидеги басылмалардын бирине жарыялайт. Объект региондордо жайгашса, баланс кармоочу маалыматты региондук же жергиликтүү басмалардын бирине жарыялайт. Тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү тоорук өтүүчү күндөн отуз күн мурда ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайтында жалпыга жарыяланууга тийиш.";
- 9-пункттун биринчи абзацындагы "өлчөмүнүн 10%" деген сөз жана цифра "өлчөмдөгү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Эгерде тоорукка тиешелүү түрдө талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү катышса, талапкердин атынан ишти жүзөгө ашырууга анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат (түп нускасы жана көчүрмөсү) берилет.";
- 11-пункттун экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункту менен толукталсын:
"111. Жеке өнөктөшкө мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү караган Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн айырмаланган, бирок мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүнөн ашпаган ижарага берүү мөөнөтү белгиленүүсү мүмкүн.
Жеке өнөктөшкө мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү караган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Мамлекеттик мүлк төмөнкү учурларда ижарага тоорук өткөрүлбөстөн берилет, эгерде:
- ижара объектиси болуп кыймылдуу мамлекеттик мүлк эсептелсе;
- кыймылсыз мамлекеттик мүлктүн ижарага бериле турган аянты жетимиш кв.м ашпаса;
- ижарага алуучу чарбалык эсептин негизинде ишин жүргүзүүчү мамлекеттик же муниципалдык ишкана болсо;
- ижарага алуучу мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталдын элүү пайыздан ашык үлүшүнө (акциясына) ээлик кылган чарбалык коом болсо;
- мамлекеттик мүлк, убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөшкө берилсе;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында каралган болсо.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн административдик имараттарындагы жайлар, имараттар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларындагы имараттар жана курулмалар иши аталган мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин социалдык-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган субъектке ачык тоорук жүргүзбөстөн берилет.
Мамлекеттик мүлк аянтына карабастан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында тоорук өткөрбөй туруп жеке өнөктөшкө ижарага берилет";
- 19-пунктта:
үчүнчү абзац "көчүрмөлөрү" деген сөздөн мурда "баланс кармоочу уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын";
төртүнчү абзацтагы "нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн" деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Ошондой эле баланс кармоочу мамлекеттик мүлктү арендага берүү келишимин PDF электрондук форматындагы аталган документтер менен ыйгарым укуктуу органга макулдашууга берүүгө укуктуу.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Мамлекеттик мүлктү электрондук форматта ижарага түз берүү ушул токтомдун 11-тиркемесинде келтирилген тартипте ишке ашырылат.";
- 21-пункттун төртүнчү абзацындагы "көчүрмөлөрү" деген сөз "баланс кармоочу уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 37-пункттун алтынчы абзацы "көчүрмөлөрү" деген сөздөн мурда "баланс кармоочу уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-пункттун экинчи абзацындагы "кароонун жыйынтыктарынын негизинде" деген сөздөр "карала турган күнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 45-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- расмий тилдеги тексттин 48-пунктундагы ", о прямом предоставлении объекта в аренду" деген сөздөр алып салынсын;
- 49-пунктта:
экинчи сүйлөмдөгү "жыйырма" деген сөз "жети" деген сөз менен алмаштырылсын;
- үчүнчү сүйлөм "график-планын" деген сөздөрдөн мурда "ижара төлөмдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 68-1-пункт менен толукталсын:
"68-1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда жеке өнөктөшкө мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акынын жеңилдетилген өлчөмүн белгилөө жөнүндө шарт каралуусу мүмкүн.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда мамлекеттик мүлктү жеңилдетилген негизде ижарага берүүнүн бир шарты катары ижара акынын өлчөмү, аны киргизүүнүн тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.";
- 69-пункттун экинчи абзацындагы "ижарага алуучуга" деген сөз алып салынсын;
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 9-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 11-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге 2017-жылдын 30-январына чейин мамлекеттик менчикте турган айыл чарбалык эмес багыттагы жер участокторун ижарага берүүнүн тартибин иштеп чыксын жана тиешелүү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин эсепке алуу жана каттоо" (мындан ары - электрондук портал) электрондук порталын 2017-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 22-ноябрында № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
|
| "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 9-тиркемеси |
Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
____________________________________________________
(мамлекеттик мүлктүн аталышы)
____________________________________________________
(баланс кармоочу уюмдун аталышы)
20__-жылдын ___________ айы
№ | Ижарага алуучунун аталышы | Келишимдин номери, датасы | Ижара акысы айына (сом) | Ижара акысы - келишим боюнча жылдык план (сом) | Республикалык бюджетке которулуучу бир айлык ижара акынын 30% | Отчеттук мезгилдин башталышына калдык (карыз) (сом) | Которулду (сом) | Айдын аягына калдык (карыз) (сом) | |
Төлөм тапшырмасынын датасы жана номери | Айдын жыйынтыгы (сом) | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| баары | баары | баары | баары |
Дата
Жетекчи | _________________________________________ (аты-жөнү) |
|
Башкы бухгалтер | _________________________________________ (аты-жөнү) | М.О.". |
2-тиркеме
|
| "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 11-тиркемеси |
Мамлекеттик мүлктү электрондук форматта ижарага түз берүүнүн ТАРТИБИ
1. Мамлекеттик мүлктү ижарага түз берүү үчүн баланс кармоочу "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин эсепке алуу жана каттоо" (мындан ары - электрондук портал) электрондук порталына төмөнкүдөй тиркемелери менен электрондук арызды жиберет:
- ижара келишиминин долбоорунун сканерленген көчүрмөсүн;
- техникалык паспорттун сканерленген көчүрмөсүн, ал жок болсо, ижарага бериле турган объектти идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү (схема, план) ижарага тапшырылып жаткан мамлекеттик мүлктүн башка техникалык документацияларын;
- ижарага алуучу - жеке жак үчүн:
ким экендигин ырастоочу документтин сканерленген көчүрмөсүн;
- жеке ишкерлер үчүн:
ишкердик менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же патенттин сканерленген көчүрмөсүн;
- юридикалык жак үчүн:
юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсүн.
2. Электрондук арыз толтурууда баланс кармоочу ижаранын болжолдуу мөөнөтүн, ошондой эле ай сайын бериле турган ижара акысынын өлчөмүн эсептөө үчүн зарыл болгон ижара объектиси жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
3. Ыйгарым укуктуу орган баланс кармоочу электрондук арызды жиберген күндөн баштап бир айдын аралыгында төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- ижара келишимин макулдашат жана каттайт;
- эгерде ижара келишими ушул Жобонун ченемдерине шайкеш келбесе, ижара келишиминин долбоорун кайра толуктап иштөөгө кайтарат;
- эгер ижарага бериле турган кыймылсыз мүлк объектинин аянты жетимиш кв. метрден жогору болсо, баланс кармоочуга ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүү зарылчылыгын билдирет.
4. Ижара келишимин мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук порталда ага идентификациялык номер берүү аркылуу ишке ашырылат.
5. Каттоодон өткөн ижара келишимдери жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар электрондук порталда ачык-айкын жайгаштырылууга тийиш:
- ижара келишиминин идентификациялык номери жана катталган датасы;
- ижарага берилүүчү объекттин аталышы (кыймылсыз мүлк үчүн жайгашкан жерин, аянтын, пайдалануу максатын көрсөтүү менен);
- ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун аталышы;
- ижара келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
- ай сайын төлөнүүчү ижара акысынын өлчөмү.".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |