Загрузка документа…
| № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (мындан ары - Сот департаменти) Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагында иштеген мамлекеттик орган болуп саналат.
Сот департаменти аскер сотторунан тышкары жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык, усулдук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга, мыйзам менен каралган соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көзкарандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка мүнөздөгү иштерди аткарууга чакырылган.
2. Сот департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, соттук өзалдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Өз ишинде Сот департаменти Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине отчет берет.
3. Сот департаменти юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар, аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган мөөрү болот, мыйзамга ылайык юридикалык жактын укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчилигине ээ.
Сот департаменти өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнө ээ, алар Сот департаментинин директору бекиткен жоболордун негизинде филиалдын укугунда иштейт.
4. Сот департаменти төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- ар бир жергиликтүү сотту, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешин, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешин, Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайын, Сот департаментин жана анын бөлүмдөрүн финансылоонун өлчөмүн, чыгымдардын башка статьяларын көрсөтүү менен алар белгилеген мөөнөттө бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын жана башка органдардын актыларынын аткарылышын камсыз кылат;
- жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан талаптагыдай камсыз кылуу, сот актыларын аткаруу маселелери боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өзара аракеттенет;
- соттор, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши, соттук өзалдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары менен өзара аракеттенүү менен судьялардын көзкарандысыздыгын, кол тийбестигин жана коопсуздугун, ошондой эле алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору менен өзара аракеттенет, Кыргыз Республикасынын судьяларынын, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу маселесинде ага көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын, Кыргыз Республикасынын судьяларынын Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин ишин (уюштуруу, усулдук, материалдык-техникалык жана башкача) камсыз кылат;
- жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылууну өркүндөтүү максатында Сот департаменти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен байланышты түзүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин чечиминин негизинде муктаж болгон жергиликтүү соттордун судьяларына, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына кызматтык турак жай берет;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын, Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жана башка кызматчыларынын жеке ишин жүргүзөт;
- судьялардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын жүгүнүн ченемдери боюнча илимий жактан негизделген сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын жекече эсебин жүргүзөт;
- жергиликтүү соттор караган соттук иштердин жана материалдардын (соттук статистика) маалыматтарын жыйынтыктайт жана Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку сотуна изилдөө жана талдоо үчүн;
- соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча статистикалык эсепти жүргүзөт;
- мыйзамдарды системага салуу жана кодификациялоо боюнча иш жүргүзөт, ченемдик-укуктук актылардын банкын жана мыйзамдардын жалпы укуктук классификаторун түзөт;
- электрондук сот өндүрүшүнө иш кагаздарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон автоматташтырылган маалыматтык-укуктук системаны иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде жарандардын даттанууларын жана арыздарын карайт, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын судьяларынын Кеңешинин кароосуна киргизет;
- Сот департаментинин аймактык бөлүмдөрүн башкарат, алардын ишин материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, алардын аппараттарынын, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн ишин Кыргыз Реснубликасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча башка чараларды жүзөгө ашырат.
5. Сот департаменти өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- соттордон, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук, жеке мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан, алардын кызмат адамдарынан Сот департаментинин милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке мекемелерден жана ишканалардан, алардын кызмат адамдарынан жана жарандардан мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды, ошондой эле башка мамлекеттердин сотторунун актыларын, эгерде ал өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган учурда жана тартипте аткарышын талап кылууга;
- Сот департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларынын аракетине жарандардын жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен Сот департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча өзара аракеттенүүгө;
- судьялардын Кеңешине жергиликтүү соттордун судьяларынын, жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек, материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу шартын жакшыртуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Сот департаментинин, соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн, башка кызматчылардын эмгек тартибин сакташына жана кызматтык милдеттерди аткарышына контролдук кылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- чарбалык келишимдердн түзүүгө, доочу жана жоопкер болууга;
- жергиликтүү соттордон, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин, соттук өзалдынча башкаруу органдарын жана Сот департаментинин мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга;
- мыйзам долбоорлорун, эксперттик, изилдөө иштерин аткаруу жана консультация берүү үчүн илимий уюмдарды, мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, адистерди жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга.
6. Сот департаментинин милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, ошондой эле Сот департаментинин мамлекеттик кызматчыларынын аракеттерине даттануунун тартиби "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамынын жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылардын ченемдери менен жөнгө салынат.
7. Сот департаментинин, сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жеке жана юридикалык жактардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана таламдарын так сактоого милдеттүү.
8. Сот департаментинин, сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчылары өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
9. Сот департаментине Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалып жана бошотула турган директор башчылык кылат.
10. Сот департаментинин директору Кыргыз Республикасынын башкы сот аткаруучусу болуп саналат.
11. Сот департаментинин директорунун бир орунбасары болот, ал Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Сот департаментинин директорунун жана анын орунбасарынын кызмат орду Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
Сот департаментинин директоруна жана анын орунбасарына Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жогорку атайын класстык чендер берилиши мүмкүн.
12. Сот департаменти борбордук аппараттан, аймактык бөлүмдөрдөн турат. Сот департаменти мыйзамда каралган соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга чакырылган сот аткаруучулардын штатына ээ.
13. Сот департаментинин борбордук аппаратынын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн түзүмү жана штаттык саны Сот департаментинин мамлекеттик кызматчыларынын жалпы штаттык санынын Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген чектерде Сот департаментинин директору тарабынан бекитилет.
14. Сот департаментинин директору:
- Сот департаментинин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде соттук аткаруучулардын ишине жетекчилик кылат;
- өзү менен орунбасарынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына, Сот департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин, уюмдардын ишине катышат;
- Сот департаментинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана анын аймактык бөлүмдөрү жөнүндө Жоболорду, нускамаларды бекитет;
- Сот департаментинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат жана камсыз кылат, алардын жетекчилеринин отчетторун угат, Сот департаментинин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүн, мамлекеттик жана башка кызматчыларына карата сыйлоо жана тартип жазасын көрүү чараларын колдонот;
- жергиликтүү соттордун кредиттерин тескөөчү болуп саналуу менен республикалык бюджетте каралган сот системасынын бюджетине ылайык жергиликтүү соттордун финансылык ишин камсыз кылат;
- дайындоо үчүн жергиликтүү соттун төрагасынын сунушуна кошумча жергиликтүү соттун судьясынын жазуу жүзүндөгү сунушу талап кылынган судьялардын жардамчыларынан тышкары тийиштүү жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштары боюнча жергиликтүү соттордун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын кызмат ордуна дайындайт; мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү соттордун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларын кызмат ордунан бошотот;
- мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык Сот департаментинин жана анын айчактык бөлүмүнүн мамлекеттик кызматчыларын кызматка дайындайт жана бошотот;
- жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди белгиленген тартипте берет;
- төмөнкү мамлекеттик кызматчыларга карата сыйлоо жана тартип жазасын көрүү чараларын колдонот:
- Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн;
- тийиштүү жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунушу боюнча жергиликтүү соттордун аппараттарынын;
- өз компетенциясынын чегинде Сот департаментинин кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышына контролдук кылат;
- судьялар Кеңешинин алдында жыл сайын Сот департаментинин иши жөнүндө отчет берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы ПЖ N 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Сот департаментинин директору төмөнкүлөр үчүн жекече жоопкерчилик тартат:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин, судьялык өзалдынча башкаруу органдарынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылуу;
- жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, соттук аткаруучулар кызматы бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун карамагында турган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;
- Сот департаментине жүктөлгөн башка функцияларды аткаруу.
16. Сот департаментинин директорунун орунбасары өз ишин ага жүктөлгөн функцияларга ылайык жүргүзөт.
17. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Сот департаментинин директорун жана анын орунбасарын сот системасынын, жергиликтүү сотторду финансылоо жагында бюджетин аткаруу жөнүндө Сот департаментинин ар жылдык отчетунун жана Сот департаментинин иши жөнүндө анын жетекчисинин отчетунун жыйынтыгы боюнча кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылууга укуктуу.
18. Сот департаментинин директору же анын орунбасары аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай эмес аткарган учурда судьялар Кеңеши ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн ар жылдык отчетту укканга чейин аларды ээлеген кызматтарынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүүгө укуктуу.
19. Сот департаментинин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын укуктук жана социалдык жактан коргоо мамлекеттик кызмат, социалдык, пенсиялык камсыздандыруу, эмгек маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын чегинде камсыз кылынат.
20. Сот департаментинин иши ал кайра уюшулган же жоюлган учурда токтотулат. Сот департаментин кайра уюштуруу же жоюу, Сот департаментинин аталышын өзгөртүү, ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
21. Сот департаментинин иши токтотулган учурда анын иштөө учурунда пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндөгү мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат.