Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 03-августу №26/1
Бир топ жылдар бою Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтунун тургундарынынын жер тилкелерине болгон муктаждыктарын эске алып, Уч-Коргон айылык кенеши 2015-жылдын 26-декабрындагы V чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын чечими менен тузулгон комиссиясынын, 2016-жылдын 17-февралындагы V чакырылышынын кезектеги XXI сессияларынын, Кадамжай райондук мамлекеттик адмиинистрациясынын 2015-жылдын 25-декабарындагы №1-17/02-2164 катынын негизинде тузулгон Боз участкасын инвентаризациялоо боюнча комиссия курамы тарабынан тузулгон АКТ, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 16-октябрындагы №1-5/366-б буйругунун, Уч-Коргон айыл өкмөтунун 2014-жылдын 21-июлундагы №03-04/158-б буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентарицазиялоо жонундогу” жобонун тартибине ылайык, райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 24-июнундагы №1-5/227-б буйругунун алкагында Уч-Коргон айыл окмотунун 2014-жылдын 21-июлундагы №03-04/158-б буйругу менен тузулгон комиссия курамынын Боз участкасын инвентарицазиялоо комиссияларынын маалыматтарына негиз, КР Өкмөтунун 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак уй куруу учун жер участокторун беруунун тартиби жонундо жобону бекитуу тууралуу” токтомуна ылайык Боз участкасынан трансформацияланган 235 га жер аянттарын бөлуштуруу маселесин угуп жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13,32-1 статьяларынын жетекчиликке алып, Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтунун тургундарынын жер участкаларына болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында “Боз” участкасынан 235 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. КР Өкмөтунун 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак уй куруу учун жер участокторун беруунун тартиби жонундо жобону бекитуу тууралуу” токтомуна ылайык Боз участкасынан трансформацияланган 235 га жердин ичинен 47 га жер аянты социалдык обөектилерге жана ички жолдорго ажыратылып 8.0 га калганжер аянты Уч-Коргон айыл аймагынын мекеме-ишканаларына жана муниципалдык кызматкерлерге, социалдык тармакта эмгектенген эмгекчилерге муктаж болгон адамдарга бөлунуп, калган 180 га жер аянты төмөндө көрсөтулгөн жер аянттары боюнч айылдардын калкынын санына жараша пропорцияналдык турдо 0,12 га жер аянттары бөлунуп берилсин:
-Уч-Коргон айылына -102.24 га жер аянты;
-Тажик-Кыштак айылына -11.30га жер аянты;
-Валакыш айылына -15.62 га жер аянты;
-Какыр айылына -4.17 га жер аянты;
-Калача айылына -3.14 га жер аянты;
-Калтак айылына -10.96 га жер аянты;
-Боз айылына -5.0 га жер аянты;
-Сулайманабод айылына -3.47 га жер аянты;
-Разөезд айылына -9.60 га жер аянты;
-Камбарабод айылына -4.0 га жер аянты;
-Чаувай айылына -2.9 га жер аянты;
-Суухана айылына -7,62 га жер аянты;
Жалпысы -180 га жер аяттары бекитилсин.
3. Кадамжай райондук мамлекетик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укукту каттоо башкармалыгынан тийиштуу иш кагаздарын даярдап беруу жагы суралсын.
4. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жер тилкелерине тийиштуу болгон архитектуралык пландарын даярдоодо керектуу иш кагаздарын жургузуу жагы суралсын.
5. Уч-Коргон айыл өкмөтунун башчысы А.Абдурахмановго токтомдун аткарылышын жеке жетекчилигине алып, райондук тиелешелуу жетекчиликтер менен биргеликте, 2016-жылдын 15-сентябрына чейин аткарууга алсын.
6. Айыл өкмөтунун ФЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге жер аянттарына тиешелуу болгон иш кагазадыр жургузууго керектелуучу финансалык каражаттарын бөлуп беруу жагы тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин бардык туруктуу комиссияларына жана жеке өзумдун көзөмөлумө калтырамын.
Тѳрага | Дж. Норматов |
|
|