ТоктомКүчүндө

Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №59 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БЕДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бердике баатыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

 

2017-жылдын 20-декабры №59

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо”   институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Бердике Баатыр айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып  Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезектүү  №13  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бердике Баатыр  айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо  боюнча материалдары бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бердике Баатыр айыл аймагынын айыл  өкмөтүнөн суралсын.

Тѳрага

А. Алымбеков