Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №168/28-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 14.12.2018-жылдагы №01-3/1831 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого карата төмөнкү сметалык суммасы 2 774 040 сомду түзгөн Талас облустук үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук системасын ондоо, сметалык суммасы 3 639 045 сомду түзгөн Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин айнектерин металлопластикага алмаштыруу, 2 333 692 сомго А.Абдуллаев атындагы №6 орто мектебинин айнектерин металлопластикага алмаштыруу жана сметалык суммасы 3 756 285 сомду түзгөн Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектебин капиталдык ондоп түзөө жөнүндө жалпы 4 долбоор сунушталсын жана алардын 25 пайыз өздүк салымы Талас шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|