Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
2018-жыл 27-декабры № 01-8/45
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алднча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин3-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гарнаттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү туурлуу” №230 токтомуна ылайык Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2019-жылга кабыл алынуучу иш чаралардын долбоорун бекитүү макстында Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Баткен шаарын 2019-жылга өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын кээ бир бөлүктөрү “Үлүштүк” ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу максатында төмөнкү иш чаралар бекитилсин.
-Баткен шаарынын К.Сабыров көчөсүнө “тротуар жаткыруу жана сугат ноолорун орнотуу”,
-Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнүн 2-бөлүгүнө “тротуар жаткыруу жана сугат ноолорун орнотуу”,
-Баткен шаарынын И.Жусубалиев көчөсүнө “түнкү жарыктандыруу куруу”.
2.Бекитилген иш чара шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |