Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №20/3
Айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы кошмо отурумунун корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мукур айылынын Көл-Кечүү участкасындагы Сапаралиев Орунбайдын үйүнөн Тилекматов Жээнкулдун үйүнө чейинки ички көчөгө маркум Байсейитов Жүнүсалынын ысымы ыйгарылсын.
2. Байсейитов Жүнүсалы көчөсүно көрөнөктү тургузуу жана үйлоргө даректүү номерлерди берүү айыл өкмөтүнө (Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017-жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом w.w.w. avletim. Аksy. kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жолдошов.К.О) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |