АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
2018-жылдын 20-ноябры №21/3
Спорт аянтчага ат коюу жөнүндө
Айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мукур айылынын Чикилдек участкасындагы балдар ойноочу спорт аянтчага маркум Токтоназаров Камбарбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтоназаров Камбарбек атындагы спорт аянтчаны спорт жана жаш балдар ойноочу шаймандар менен жабдуу жана ага көрөнөктү тургузуу айыл өкмөтүнө (Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин, ал эми спорт аянтчаны жабдып жана жасалгалоо иштерине ыктыярдуу түрдө көмөктөшүү Токтоназаров Камбарбектин уул-кыздарына сунушталсын.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом w.w.w. avletim. Аksy. kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жолдошов.К.О) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |