Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №21/5
Айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 19-ноябрындагы корутундусуна жана айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №396 сандуу сунушуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Итагар айылынын борбордук көчөсүнүн төмөндөгүдөй аралыктарына (чектерине) төмөндөгү жарандардын ысымдары ыйгарылсын.
1.1. Султаналиев Абдысалинин үйүнүн тушунан жогору карай Тажибаев Наржигиттин үйүнүн тушуна чейинки аралыкка эмгек ардагери Тажибаев Рамандын ысымы ыйгарылсын жана көчөнүн бул аралыгы «Тажибаев Раман көчөсү» деп аталсын.
1.2. Момунов Мадумардын үйүнөн Наркулов Эшенкулдун үйүнүн тушуна чейин Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, маркум Наркулов Мырзакеримдин ысымы ыйгарылсын жана көчөнүн бул аралыгы «Наркулов Мырзакерим көчөсү»деп аталсын.
1.3. Керимкулов Бакытбектин үйүнөн жогору карай Баркыбаев Талантбектин үйүнөн айланып, Кадыров Камчыбектин үйүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, маркум Кадыров Жоробектин ысымы ыйгарылсын жана көчөнүн бул аралыгы «Кадыров Жоробек көчөсү» деп аталсын.
1.4. Момунбеков Сейиттин үйүнөн жогору карай Турдалиев Абдрашиттин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, маркум Мырсалиев Тургунбайдын ысымы ыйгарылсын жана көчөнүн бул аралыгы «Мырсалиев Тургунбай көчөсү» деп аталсын.
1.5. Шоро участкасынын жашоочусу Меңдигулов Момункулдун үйүнөн Жүзүмдү участкасынын жашоочусу Эргешов Кутмандын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, маркум Акунбаев Жоробайдын ысымы ыйгарылсын жана бул аралыктагы көчө «Акунбаев Жоробай көчөсү» деп аталсын.
2. Бул тиешелүү ысымдар ыйгарылган көчөлоргө көрөнөктү тургузуу жана үйлөргө даректүү номерлерди берүү айыл өкмөтүнө ( Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017-жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мйызам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.О) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |