Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №12.3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Терек-Суу орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечимине жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечими жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
2. «Терек-Суу» орто мектебине Терек-Суу айылынын тургуну Акун Турганбаевдин аты ыйгарылсын жана Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы «Терек-Суу» орто мектеби деп аталсын.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинен суралсын.
Тѳрайымы | П.Сайдилканова |
|
|