Загрузка документа…
КӨК- ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралы № 33/2
Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016- жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016-жылы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIII сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун берген маалыматы канаттандырарлык деп табылсын. (Маалымат 9 баракта тиркелет).
2. Бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде пайдаланылсын жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Ж.Юсуповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.
3. Сырттан инвестиция тартуу жолу менен жаңы иш орундарды ачуу шаарттарды түзүү шаардын мэри Ж.Юсуповго жана экономика маселелер боюнча башкы адиси М.Сафинага милдеттендирилсин.
4. Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обектерин Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23 сентябрь 2011-жылдагы № 571 токтомунун негизинде пайдаланылсын , аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |
Мэрдин отчету
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2016-жыл ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер боюнча отчет берип кетсем.
2016-жылдын12 айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 5 миллион 34 миң сом план чегерилип , жеткирилген тапшырма 5 миллион 699 миң 500 сомго аткарылып, пландан ашыкча 665 миң 500 сом көп түштү, 113,2%га аткарылды.
2016-жылдын 9-айында жергиликтүү бюджеттин берилген планы-тапшырма ашыкча аткарылганына байланыштуу, Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган социалдык мекеме-ишканаларына муктаждыктарын чечүү максатында сессияга коюлуп, Сиздердин колдоонуздар менен бекитилип 263,1 миң сом бөлүнүп берилди.
Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча:
-Салык органдары тарабынан алынуучу киреше салыгы (подоход салыгы )боюнча бекитилген план-тапшырма 2285,0 миң сом болсо, аткарылганы 2952,3 миң сом, ашыкча 667,3 миң сомго көп түшкөн, 102,3%-га аткарылды.
-Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 428,0 миң сом болсо, аткарылганы 553,7 миң сом, ашыкча 125,7 миң сомго къп түшкөн, 106%-га аткарылды.
-Сатуудан алынган салык боюнча бекитилген план-тапшырма 335,0 миң сом болсо, аткарылганы 167,5 миң сом.
-Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 51,0 миң сом болсо, 67,2 миң сомго аткарылды, ашыкча 16,2 миң сомго көп түшкөн, 131,8% түздү.
-Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 710,0 миң сом болсо, аткарылганы 792,1 миң сом, ашыкча 82,1 сомго ,111,6%-га аткарылды.
-Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 50,0 мин сом болсо, аткарылганы 50,9 миң сом, 102%-га аткарылды.
-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма 95,0 миң сом болсо, аткарылганы 105,5 миң сом, 111,1%-га аткарылды.
-Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы план-тапшырма 37,0 миң сом болсо, аткарылганы 37,8 миң сом, 102,2%-га аткарылды.
-Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 100,0 миң сом болсо, аткарылганы 534,8 миң сом, ашыкча 434,8 миң сомго көп түшкөн, 534,8%-га аткарылды.
-Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 202,0 миң сом болсо, аткарылганы 237,2 миң сом болду , 117,4% түздү.
-Имараттардын жана башка курулушттардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 72,0 миң сом болсо, аткарылганы 88,9 миң сом болду, 123,5 % түздү.
-Мамлекеттик пошлина бекитилген план-тапшырма 4,0 миң сом болсо, аткарылганы 3,6 миң сом.
-Административдик штраф бекитилген план-тапшырма 55,0 миң сом болсо, аткарылганы 29,6 миң сом.
-Пландан тышкары түшкөн төлөмдөр – 159,4 миң сом
Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу өсүү темпи 1012,3 миллион өстү же 12,1 % болду.
2016-жыл ичинде Көк-Жаңгак шаарына инвестиция тартуу жолу менен төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
-Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шаардык мэрия тарабынан «Ынтымак айылында сел каналды тазалоо» жана «23-квартал менен 40 квартал ортосундагы сел өтүүчү канал куруу » долбоорлору даярдалып өткөрүлдү.
-Ынтымак айылындагы көп жылдан бери тазаланбай келген сел өтүүчү 520 метр канал толугу менен тазаланды.
-23-квартал менен 40 квартал ортосундагы Ак-Мойнок участкасындагы аң толугу толтурулуп, 50 метр железо-бетонный канал куюлду. ОКМ тарабынан 8,5тонна цемент жана 700кг арматура бөлүнүп берилген. Жамгыр көп жааган учурда Север-1 карьеринен агып келген сел агындылары жана ылайкалары 23-кварталынын жашоочуларына коркунуч жаратып келген, бул көйгөйдөн быйыл толугу менен кутулдук десек болот. Бул каналды курууда коммуналдык менчик департаментинин кызматкерлери , 23-кварталдын жашоочулары менен биргеликте жана шаардын мекеме-ишканалардын түшкү тамактанууну уюштурууга жардамы менен иш толугу менен аткарылды.
-23 кварталдагы Комсомол көчөсүндөгү автоунаа өтүүчү көпүрө ар жылы сел болгондо сел суулары ашып, жанындагы жашап жаткан тургундарга зыян келтирилип тургандыктан көпүрөнү кеңейтип оңдоп-түзөө иштерине областтык МЧС аркылуу материалдар берилип, жашоочулардын күчү менен көпүрө толугу менен бүтүрүлдү.
-Шахтер көчөсүндөгү темир жол копуронун астындагы толуп калган куурдун арыгы 50-метр толугу менен тазаланды.
-Октябрь көчөсүндө жайгашкан 2 кабат бала бакчаны кайрадан ачып, оңдоп түзөө иштерине 3 миллион 600 миң сомдук проект түзүлүп, тендер жарыяланган. Тендерде ОсОО «ТЭРАН» утуучу болуп табылып , капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен аягына чыкты.
Бала бакчага эмеректерди алып келүүгө , балдар ойноочу аянтчаларды орнотууга жана дарбазасын курууга 1 605 миң сомдук акча каражат каралып, тендерде ОсОО «Авангард-Бизнес» жана ОсОО «Эверест» утуучу болуп табылып жумуш толугу менен аткарылып бүттү.
Бүгүнкү күнгө №1 бала бакча кабыл алуу комиссия тарабынан кабыл алынып,бала бакчага 90 бала кабыл алынып, толугу менен ишке киргизилген.
-Шаардагы маданият сарайынын чатырын алмаштырууга 2 миллион 850 миң 177 сомдук долбоор даярдалып, тендер откорулуп, тендерди ОсОО «Ай-Строй» 1 565,227 сом менен утуучу болуп табылды, бугунку кунго чатыры толугу менен алмаштырылып бүттү.
-Маданият сарайынын алдынкы фасадын оңдоп-түзөө иштерине 120,0 миң сом акча каражаты жергиликтуу бюджеттен жана 50,0 миң сом шаардык социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан бөлүнүп, жалпысынан 170,0 миң сомдук жумуш аткарылды.
-Шаардагы № 6 орто мектебинин спорт аянтчасына, кичи футбол аянтчасын курууга, Көк-Жаңгак коомунун демөөрчүлөр тарабынан 1 768,0 миң сом акча каражаты сарпталып, толугу менен ишке киргизилди.
-Мэриянын арт жагында Көк-Жаңгак шаарында эмгектенген кызматкерлерине ыссык тамак уюштуруу учун ашкана курулуп бүтүүдө.
-Кок-Жангак шаарынын жаштар коомунун демилгеси менен шаардык Ат майданы курулуп ачылды.
Шаардын жергиликтүү бюджетинен коммуналдык менчик департаменти аркылуу 2016-жылдын 12-айында негизги аткарылган жумуштарга токтоло кетсем.
-Шаардын борбордук стадиону 25,0 миң сомдук утурумдук ремонт иштери жүргүзүлдү;
-Шаардын Октярь, Артык Ажы,Коммунальная, Октябрьдын 60-жылдыгы көчөлөрүнүн жолдорун шагыл менен утурумдук жамоо иштери жүргүзүлдү.
-Шаардын Мира, Октябрь,Ленина көчөлөрүнө тунку жарыктандыруу коюлду;
-Шаардын ичиндеги сел арыктар толугу менен тазаланды.
Социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу 2016-жыл ичинде төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Жакырчылык деңгээлинин 2015-2016 жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөрү.
2015 жылы жакырчылык деңгээли 28,7 % түзүп, 630 үй бүлөө колдоого алынган.
2016 жылы жакырчылык деңгээли 20,64 % тузуп, 481 үй бүлөө колдоого алынган.
2015 жылы жергиликтүү бюджеттен колдоого алынган аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө даректүү жардам көрсөтүү үчүн 225,1 миң сом бөлунду.
2016 жылы жергиликтүү бюджеттен колдоого алынган аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө даректүү жардам көрсөтүү үчүн 244,1 миң сом бөлүндү.
2015 жылга салыштырмалуу 19,0 миң сомго көп бөлүнгөн.