Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин (мындан ары - Байланыш агенттиги) атайын эсебинин каражаттарын түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Атайын эсептин каражаттары байланыш тармагын өнүктүрүү жана Байланыш агенттигинин материалдык-техникалык базасын тиешелүү деңгээлде камсыздоо, ошондой эле Байланыш агенттигинин кызматкерлеринин нормалдуу иштеши, социалдык коргоо жана кепилдиктер үчүн зарыл болгон шарттарды уюштуруу максатында түзүлөт.
2. Атайын эсепти түзүү булактары
3. Байланыш агенттигинин атайын эсебинин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- шайкештик сертификаттарын берүүдө чыгымдарды компенсациялоо, стандарттарды иштеп чыгуу үчүн алынуучу бир жолку төлөмдөрдүн;
- радиомониторингдин мамлекеттик системасын жана байланыштын мобилдик түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик системасын колдоо, өркүндөтүү жана өнүктүрүү акысын кошкондо, радиожыштык спектринин радиожыштыктарынын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн;
- Байланыш агенттиги тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн чегерилүүчү суммалардын;
- башка гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамдарынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Байланыш агенттигинин атайын эсебинин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- материалдык-техникалык базаны чыңдоого, бекитилген тартипте кызматтык максаттар үчүн жабдууларды, компьютердик жана эсептөө техникасын, кызматтык автотранспортту сатып алууга, имараттарды курууга жана сатып алууга;
- радиомониторингдин мамлекеттик системасын жана байланыштын мобилдик түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- Байланыш агенттигинин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн программалык камсыздоону сатып алууга;
- илимий-изилдөө иштерин, программаларды, техникалык регламенттерди, ченемдик документтерди, методикаларды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгуу үчүн акы төлөөгө;
- улуттук радиожыштык ыйгарууларды көп тараптуу жана эки тараптуу негизде мамлекеттер аралык координациялоого жана аларды нотификациялоого;
- байланыш, маалыматташтыруу жаатында эл аралык уюмдарга, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагындагы интеграцияланган бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөөгө;
- радиожыштык ресурсун пайдалануу, байланыш тармагындагы эл аралык жана улуттук жөнгө салууну стандартташтыруу, шайкеш келтирүү жаатында конференцияларга, семинарларга, Эл аралык электр байланышы союзунун, Дүйнөлүк почта союзунун, Региондук шериктештиктин байланыш жаатындагы ишине жана байланыш тармагына тийиштүү башка иш-чараларга катышууга;
- өкүлчүлүк чыгымдарга, чет өлкөлүк делегациялардын жолугушууларын уюштурууга, ошондой эле Байланыш агенттигинин социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларын өткөрүүгө;
- Байланыш агенттигинин кызматкерлерин окутууга, стажировкаларга жиберүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
- Байланыш агенттигинин иши жөнүндө жыл сайын берилүүчү отчетторду жана жөнгө салуунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынган тарифтик чечимдерди жарыялоого;
- ченемдик документтердин, илимий жана техникалык адабияттын, стандарттардын, эрежелердин, регламенттердин маалыматтар базасын түзүүгө, ошондой эле мезгилдүү басылмалардын жана техникалык адабияттын көчүрмө бөлүктөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Байланыш агенттигинин ишине байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө;
- Байланыш агенттигинин жамааттык келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарууга байланышкан чыгымдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Эсеп алуу жана отчеттуулук тартиби
5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын региондук бөлүмүндөгү Байланыш агенттигинин өз алдынча эсебинде топтолот.
6. Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн кирешелерге ылайык ишке ашырылат.
7. Атайын эсептин каражаттарын тескөөчү жана алардын пайдаланылышына жооптуу адам болуп Байланыш агенттигинин жетекчиси эсептелет.
8. Отчеттук жылдын аягында чогулган атайын эсептеги каражаттардын калдыгы толук өлчөмдө кийинки отчеттук жылга өтөт.