Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 314
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Байланыш тармагын өнүктүрүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |