Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/3
"Каракол шаарынын 2016-2020-жж. карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясын" бекитүү жөнүндө
"Атуул" КБи тарабынан сунушталган, "Каракол шаарынын 2016-2020-жж.карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясынын" долбоорун карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол шаарынын 2016-2020-жж.карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясы" бекитилсин (тиркелет).
2. Каракол шаарынын мэриясы, "Каракол шаарынын 2016-2020-жж.карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясына" ылайык, Каракол шаарынын 2017-жылдын бюджетин түзүүдө жана келерки жылдарга акча каражаты каралсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
| Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2016 жылдын 01 декабрынын № 27-11/3 токтому менен бекитилди |
Каракол шаарын 2016-2020 жж. абаттоо жана жашылдандыруу cтратегиясы
Мазмуну
Кириш сөз
Каракол шаарын 2016-2020 жж. жашылдандыруунун негизги стратегиялык приоритеттери.
1-приоритет. Каракол шаарын жашылдандыруусуна жооптуу юридикалык жана физикалык жактарды аныктоо.
2-приоритет. Каракол шаарын жашылдандыруу Эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү.
3-приоритет. Каракол шаарын абаттоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды, практикалык аракеттерди уюштуруу жана ишке ашыруу.
1-тиркеме
Каракол шаарын жашылдандыруунун Эрежелери
2-тиркеме
Каракол шаарын 2016-2020 жж. абаттоо жана жашылдандыруунун иш-чараларынын жана практикалык аракеттердин болжолду программасы
3-тиркеме
Каракол шаарынын жашылдандырууу аймактарында отургузууга сунуш кылынган бактардын тизмеси
Кириш сөз
«Стратегия»-деген сөз латын тилинен которгондо «аскерге жол башчылык» -дегенди түшүндүрөт. Башка булактарда бул түшүнүк байыркы грек тилинде «кол башчынын максатка жетүү үчүн туура багыт табышы»-дегенди билдирет. XX-кылымдын 60-70 жж. баштап, бул түшүнүк башкаруу ишмердүүлүгүндө кеңири пайдаланып келет.
Каракол шаарын 2016-2020жж. жашылдандыруу стратегиясын иштеп чыгуучулардын оюу боюнча, бир гана стратегия «Жашылдандыруу чарбасы» МИ канткенде, качан, кайсы жерде, кандай иш-чаралардын жана практикалык аракетттер аркылуу өзүнүн максаттарына жете алат деген суроолорго жооп бере алат. Стратегия кыска мөөнөттү максаттарды камтыйт. Аларга «Ушул жерде жана азыр»-деген принцип менен жетсе болот. Мисалы, жазындагы иштер: бактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, жашылдандыруу аймактарын отургузууга даярдоо ж.б. Узак мөөнөттү максаттар : каржылоону жана башка уюмдар менен макулдашууну талап кылган маселелер: күнөс каналардын , питомниктердин капиталдык ремонту, реконструкциясы.
Стратегияны иштеп чыгуу процессинде, биз, бири-бири менен байланышкан жана ыраатту түрдө коюлган максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк берген, приоритеттерди аныктадык. Эгерде жашылдандыруунун жаңы Эрежелери жашылдандырууга кызыкдар болгон юридикалык жана физикалык жактар үчүн жумушчу документ болсо, абаттоо жана жашылдандыруунун иш-чараларынын жана практикалык аракеттердин Программасы 2020-жылга чейинки, ар кайсы аракеттердин комплексин камтыйт.
Ушул стратегия – шаардын коомчулугунун жана өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардын жашылдандыруу маселесинде биримдигин камсыз кылат. Стратегияны ишке ашыруу, тургундарды экологиялык жана эстетикалык жактан жагымдуу чөйрө менен камсыз кылат. КР 1991-жылдын 17-апрелиндеги «Жаратылышты коргоо» Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, « Ар бир адам, анын ден соолугуна байгерчилигине жаккан чөйрөдө жашаганга акылуу». Бул шарт Орхусс конвенциясынын негизги оюу. Кыргызстан 2001-жылы бул конвенцияга биринчилерден болуп кошулган.
Узак жылдар боюу, жашылдандыруу маселелери шаардын өнүгүү стратегиясында тигил же бул уюмдун кошумча милдети катары каралып келген. 2015-жылдын 15-декабрында Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин №26-34/2 токтому менен «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин Уставы бекитилген. Ишкананын түзүүчүсү- шаардын мэриясы.
Тарыхый- архивдик маалыматтар.
Революцияга чейин, Каракол шаары Кыргызстандын эң таза шаарларынын бири болгон. Анын көчөлөрү түз, бактары көп болгон. Ар бир үй куруучу бак, эшиктин алдына алея тигүүгө милдеттү болгон. Шаардын аты 2-3 жолу өзгөргөн, 1989-жылдын 23-мартында Орто Азияда Н.Н.Пржевальскийдин атын түбөлүккө сактоо максатында, ал Пржевальск деп аталган. 1992-жылы шаарга анын тарыхый аты кайтарылды.
2007-жылы Н.М.Барсовдун 150 жылдыгы болгон. Шаардын тарыхында Николай Михайлович жакшы из калтырган. Ал Лазареттин врачы, шаардын старостасы, коллегиянын кеңешчиси, шаардын жетимдер сотунун төрагасы жана багбан болгон. Анын аракети менен шаардын мектептеринин, саламаттыкты сактоонун иштери алдыга жылган. Анын демилгеси боюнча Жети-Сууда 1902-жылы биринчи китеп кана ачылган. Ал театрлаштырылган музыкалдык кечелерге активдүү катышкан. Шаарга калтырган чоң байлык катары, маданият жана эс алуу паркы эсептелет. 1924-жылга чейин аны Барсовдун багы деп аташкан.
Пушкин атн. маданият жана эс алуу паркы шаардын ортосунда жайгашкан. Ал шаардын борбордук жашылдандырылган аймагы. Анда Тянь-Шань карагайы, декоративдүү бадалдар, кайыңдар, туя, сейрек кездешүүчү көгүлтүр карагай, байтеректер өсөт. Каракол шаарынын администрациясынын 1992-жылдын 30-декабырндагы чечими менен парк өзүнчө сактай турган жаратылыш жана тарыхый, маданий эстеликтердин тизмегине киргизилген. КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июлундагы №69 токтому менен, 764,8 сомго бааланып, парк Каракол шаарынын коммуналдык менчигине өткөн объектилердин тизмегине кирген. Анын аянты 5, 7 га түзөт.
«Атуул» коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, шаардын тургундары парктын тарыхый, маданий өзгөчөлүгүн эске алуу менен, ал шаардын тургундарынын сүймөнчүлүгүнө айланган экологиялык зонага айланат деген үмүттөрүн билдиришкен.
Мурда комсомол сквери деп аталган азыркы «Жеңиш багы» дагы, андагы жашыл көчөттөрдү багуу маселесине олуттуу көңүл буруну талап кылат. Улуу Ата -Мекендик согуштагы Жеңиштин 7 жылдыгына карата бир топ иштер жүргүзүлгөн: тозмонун ремонту, жолдун ремонту, эстеликтин рестоврациясы ж.б.
1-приоритет. Каракол шаарын жашылдандыруусуна жооптуу юридикалык жана физикалык жактарды аныктоо.
Каракол шаарын 2016-2020жж. абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн, КР аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, жашылдандыруу процессин жетектөөгө ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар, жоопту юридикалык жактарды аныктоо жана жаратылышты пайдалануу жана шаарларды жашылдандыруу тармагында негизги укуктук актыларды карап чыгуу зарыл эле. Бул тармакта аракеттеги укутук-ченемдик документтер төмөнкүлөр:
КР Конституциясы;
КР Жарандык Кодекси;
КР Кылмыш Кодекси;
КР Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекс;
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамы
КР «Айлана- чөйрө жөнүндөгү» Мыйзамы. 16.06.1999ж. №33;
КР 2009-жылдын 5-апрелиндеги №5 «Ишкердик ишмердүүлүктү жөндөөнүн ченемдик-укуктук базасын оптимизациялоо жөнүндөгү» Мыйзамы;
КР 1998-жылдын 29-декабрындагы «Ичүүчү сууну жеткирүү кызматы үчүн тарифтерди аныктоо жөнүндөгү» Мыйзамы;
КР 2013-жылдын 30-мартындагы №46 «Сууну пайдалануучулардын биримдиктери (ассоциациялары) жана сууну керектөөчүлөрдүн ассоциацияларынын союздары жөнүндөгү» Мыйзамы;
КР 1999-жылдын 2-майындагы №45 Жер Кодекси;
КЧжЭ;
«Орхусск конвенциясынын» материалдары. Кыргызстан 2001-жылы, биринчилерден болуп, Орхусск конвенциясына кошулган;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №26-34/2 токтому менен бекитилген «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин Уставы;
КР 2013-2017 жж. ТӨУС.(НСУР)
Жоопту юридикалык жана физикалык жактарды бекитүү маселесин чечүүдө, биринчи кезектеги документ- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрында кабыл алынган «КСТжЖЧдан бөлүп, өз алдынча «Жашылдандыруу чарбасы» МИсин түзүү жөнүндөгү» токтому. Чарбалык эсептеги «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин түзүүчүсү- Каракол шаарынын мэриясы.
Каракол шаарында жашылдандыруу аймактын жалпы аянты 40,8 миң га түзөт. Анын ичинде борбордук сквер- 4,3 га, спорт стадионунун аймагындагы сквер- 5,2 га, «Тагай Бий» сквер- 0,42 га, «Жеңиш багы»- 8 га, «А.С.Пушкин» атн. маданият жана эс алуу парк- 12 га, моряктар үйүнүн сквери- 0,55 га, областтык мамлекеттик администрациянын сквери- 0,45 га, шаардагы клумбалар жана гүлзарлар- 0,40 га.
Каракол шаарын жашылдандыруу стратегиясында «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин төмөнкү уюмдар менен милдетүү, өз ара пайдалуу кызматташтыгы каралган:
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги;
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Ысык-Көл областтык башкармалыгы;
«Чыгыш-электро» ААКнын Каракол электр тармагы;
«Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл областтык филиалы;
Каракол токой чарбасы;
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси;
Каракол шаарынын МАБ;
Каракол шаарынын «Суу түтүк» КИси;
Иштелип чыккан Каракол шаарынын жашылдандыруу Эрежелеринде (№1-тиркеме) жана 2016-2020жж. жашылдандыруунун иш-чараларынын жана практикалык аракеттердин үлгүлүү Программасында юридикалык, кызмат адамдарынын жана жарандардын жашыл көчөттөрдү кармоо, алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча милдеттери так аныкталган. Каракол шаарын жашылдандыруу Эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке өзгөчө көңүл бурулган.
2-приоритет.
Каракол шаарын жашылдандыруу Эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү.
Жашылдандырылган аймактар- Каракол шаарынын бөлүнбөс бөлүгү. Архитектура менен бир катар, жашылдандыруу объекттери, Каракол шаарынын көркүн ачат жана санитардык-гигиеналык, жаратылышты, чөйрөнү коргоочу, чөйрөнү калыптоочу, рекреациондук, ландшафттык- архитектуралык, маданий жана илимий мааниге ээ.
Абанын газдалганы, чаңдалганы, абанын, жер кыртышынын, температуралык жана нымдуулук режиминин өзгөчөлүктөрү, жер кыртышынын жагымсыз, химиялык, физикалык-механикалык өзгөчөлүктөрү, таш, бетон, металл төшөндүлөрдүн бардыгы, көчөлөрдүн, жолдордун таш, асфальт менен төшөлүшү, тамырлар тутамдарынын жайгашкан зонада жер алдындагы коммуникациялардын, курулмалардын бардыгы, калк тарабынан шаардагы көчөттөрдү интенсивдүү пайдаланышы, шаардын экологиялык чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн , анын өсүмдүктөрдүн биологиялык, экологиялык өзгөчөлүктөрү калыптанган табийгый шарттардан кескин түрдө айырмаланышын шарттайт.
Шаардын экологиясынын өзгөрүшүнүн натыйжасында, заттардын алмашуу процессинин туруктуулугу бузулат, өсүмдүктөрдүн өсүшү токтойт, алардын адаптациялык мүмкүнчүлүктөрү төмөндөйт. Натыйжада өсүмдүктөрдүн физиологиялык карылыгынын келиши тездейт.
Шаар ичинде туруктуу, көп жашай турган декоративдик көчөттөрдү кармоонун негизги шарты – жашыл көчөттөрдү, алардын табигый чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, аларды багуунун Эрежелерин аткаруу. Жашыл көчөттөрдү багуу - Эрежелер жана аларды багуунун ченемдик-өндүрүштүк регламент менен аныкталат.
Багуунун жетишсиздиги, чаралардын өз убагында аткарылбагандыгы, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө терс таасирин тийгизет.
Ушул Эрежелер жашылдандыруу аймактарында аткарыла турган практикалык иштердин, чаралардын бардык түрлөрүн камтыйт: сугат, кыркуу, газондорду, гүлзарларды багуу, аймакты жашылданыдрууга даярдоо, отургузула турган көчөттөргө талаптарды, бактарды, бадалдарды отургузуу ж.б.
Жаңы Эрежелер «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин негизги документи болуп саналат. Анткени бул Эрежелерде кызматкерлердин аткара турган иштери ыраатту түрдө, конкреттүү көрсөтүлдү. Жашыл көчөттөрдү талапка ылайык багуу, сактоо боюнча милдеттер менен катары, юридикалык уюмдардын, физикалык жактардын, Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтери дагы каралган. Эрежелерде жашыл көчөттөрдү инвентаризациялоо боюнча сунуштар берилди. Инвентаризация, паспортизация жашыл көчөттөрдүн абалы, саны, түрлөрү, жашы боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет (1-тиркеме).
Күтүлүүчү натыйжалар:
Жашылдандыруу Эрежелери- «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин кызматкери үчүн, негизги иш документтеринин бири болду.
Шаардын жашылдандыруу аймактарында жүргүзүлүп жаткан бардык иштердин сапаты жакшырды.
Жашыл көчөттөрдү өстүрүү, аларды сактоо боюнча сунуштар натыйжалуу пайдаланылды.
Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндөгү маалымат, юридикалык, кызматтык, физикалык жактарга жеткирилди.
Ар кандай багыттагы объекттерди долбоорло жана курууда, жашыл көчөттөрдүн сакталышы камсыз кылынды.
Бактарды жана бадалдарды отургузууда КЧжЭ, агротехникалык ченемдер аткарылды.
Жашыл көчөттөрдү багуу, бардык жерде жүргүзүлүүдө.
Жашылдандырылган аймактар инвентариацияланды.
3-приоритет
Каракол шаарын абаттоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды, практикалык аракеттерди уюштуруу жана ишке ашыруу.
Иштелип жаткан стратегияда шаарды жашылдандыруудагы приоритетти аныктоо чоң мааниге ээ. 3-приоритет катары иштелип чыккан программа сунуш кылынат. Жашылдандыруу иштерин пландоо, координациялоо үчүн, Каракол шаарын 2016-2020жж. абаттоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралардын, практикалык аракеттердин комплекстүү программасы иштелип чыккан.
Бул программа , жашыл көчөттөрдүн өсүшүн камсыз кылуу, алардын коргоочулук, экологиялык функцияларын калыбына келтирүү, шаардын ландшафттык – архитектуралык көркүн калыбына келтирүү иштерин өзүнө камтыйт.
Программа «Каракол шаарын өнүктүрүү стратегиясынын жана аны 2014-жылга чейин ишке ашыруу боюнча аракеттердин планын» , жаратылышты пайдалануу, шаарларды жашылдандырууда мамилелерди жөнгө салуучу акттарды: КР Конституциясын, КР Жарандык Кодексин, «Жаратылышты коргоо жөнүндөгү», «Ишкерлик ишмердүүлүктү жөндөөчү ченемдик-укуктук базаны оптимизациялоо жөнүндөгү» мыйзамдарды эске алуу менен иштелип чыкты.
«Каракол шаарын 2016-2020 жж. абаттоо жана жашылдандыруу программасынын негизги максаты – шаардын табигый жана жашылдандырылган аймактардын комплексин башкаруунун эффективдүү системасын уюштуруу аркылуу, шаардын тургундарына жагымдуу экологиялык чөйрөнү түзүү».
Программанын негизги милдеттери:
- шаардын жашыл фонду боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү;
- жашылдандыруу объектилеринин сапаттык, сандык көрсөткүчтөрүн ченемдик деңгээлге жеткирүү;
- шаардын жашыл фондунун ирдүүлүгүн жана туруктуу кайра өсүшүн камсыз кылуу;
- туруктуу, эстетикалык жактан жагымдуу, абатталган санитардык, коргоочу мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон ландшафттык комплекстердин системасын калыптоо;
- шаардын табигый жана жашылдандырылган аймактарынын копмлекстеринин иштешинин рыноктук механизмдерин иштеп чыгуу.
Программаны иштеп чыгуу процессинде, 2016-жылдын февралына карата жашылдандыруунун SWOT- анализи жүргүзүлгөн. Фокус топтун отурумуна шаардын жашылдандыруусуна жоопту уюмдардын өкүлдөрү чакырылган (тизме тиркелет). SWOT- анализдин бардык тараптары бири-бирине байланыштуу. Жашылдандыруунун күчтүү жагы, алсыз болуп калышы мүмкүн, алсыз жагы – коркунуч жаратышы мүмкүн. Келечекке көз чаптыруу, мындан ары эмне кылуу керек, кандай чараларды көрүү керек деген суроолорго жооп берет.
Каракол шаарынын жашылдандыруусунун учурдагы абалынын SWOT- анализи.
Күчтүү жактар:
2015-жылдын 25-декабрында Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында «Жашылдандыруу чарбасы» МИнин Уставы бекитилди.
«Атуул» коомдук бирикмесинин жардамы менен ирригациялык тутамды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө (шлюздар орнотулду, арыктар тазаланды).
2014-жылы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу 700 көчөт отургузулду, 783 бак, бадал кыркылды, түрү тосмонун 24010 п.м. кыркылды, 1786 метр бордюрлар тазаланды, акталды, 20500 бак акталды.
2015-жылы Бишкек шаарынын айлана-чөйрөнү коргоо Агенттигинен көчөттөр алынды.
Пржевальск шаары байтеректер аллеялары менен даңазаланган.
Жагымдуу климат, тоолу рельеф, Каракол шаарын экологиялык, туризмдин, тоо-лыжа спортунун борбору болушуна себеп болууда.
2015-жылы «Жеңиш багында» капиталдык ремонт жүргүзүлгөн (тосмо, жолдор оңдолду, эстелик реконструкцияланды).
Жашылдандыруу стратегиясы, аракеттерди бириктирет, юридикалык жана физикалык жактардын жоопкерчилигин аныктайт.
Алсыз жактары:
Кыш мезгилинде шаардын көркү пасаңдайт, ийне жалбырактуу көчөттөр аз тигилет.
Жетишсиз каржылоо шаардын жашылдандыруусуна терс таасирин тийгизет.
Арыктар тутамынын абалы канагаттандырарлык эмес (өзгөчө шаардын борбордук жана төмөн жактарында).
Шаардын 47% гана сугат үчүн арык бар.
Заманбап технологиялар жана атайын техника сугатта пайдаланылбайт.
Көчөттөрдү өстүрүүчү күнөсканалар ремонтту талап кылат.
Көчөттөрдү отургузууда алардын ирденип кетүүсү эске алынбайт.
Бактарды жана көчөттөрдү отургузууда регламенттик ченемдер сакталбайт (2-3 м карагай, сосналар өспөй калды).
Теректердин тамырлары үйлөрдүн фундаменттерин бузууда, тамдарда жаранкалар пайда болууда.
Теректердин айрым түрлөрү аллергияга алып келүүдө.
Белгилүү датага же майрамдарга карата өткөрүлгөн акциялар сейрек болгон, багылбагандыктан өсүмдүктөр куурап калган.
Тургундар шаарды жашылдандырууга кызыкдар эмес, жашыл көчөттөр багылбайт.
Шаардын жашылдандыруусу менен ар кандай уюмдар алектенген, мэрияда атайын структура болгон эмес.
2015-жылы каржылоо убагында жүргүзүлбөгөндүктөн шаардын борборундагы жашыл көчөттөр жакшы каралган эмес.
Перспективалар:
Бардык кызыкдар юридикалык жана физикалык жактардын байланышы, тыгыз кызматташтыгы каалаган натыйжаларга алып келет.
«Жашылдандыруу чарбасы» МИси, өз алдынча структура катары шаарды жашылдандыруу үчүн бардык аракеттерди жумшайт жана кадыр –баркка ээ болот.
Калк арасындагы жашыл көчөттөргө аяр мамиле кылуу боюнча маалыматтык- агартуулук иштер жакшы натыйжаларды берет.
А.С.Пушкин атн. парк мурдагы калыбына келип, шаардын тургундарынын эң жакшы эс алуу жайына айланат.
Коркунучтар:
Форс-мажордук шарттар шаарды жашылдандыруу боюнча аракеттерди жокко чыгарат.
«Жашылданыдруу чарбасы» МИсин жетишсиз каржылоо- ишкананын ишин солгундатат.
Иштелип чыккан жашылдандыруу стратегиясы жетишээрлик колдоого ээ болбойт.
«Каракол шаарын 2016-2020 жж. абаттоонун жана жашылдандыруунун иш- чараларынын, практикалык аракеттердин Программасын ишке ашыруунун натыйжасында»:
- Каракол шаарынын экологиялык абалы жана айлана-чөйрөсү жакшырат;
-шаардын жашыл фондун башкарууда эффективдүү укуктук жөндөөгө жетишүү;
- жашылдандырылган аймактар, шаардын ажарын ачып, тургундардын мактоосуна татыйт;
- тургундар жашыл көчөттөргө аяр мамиле кылып, аларды көбөйтүшөт;
- «Жашылдандыруу чарбасы» МИси коммерциялык, ортомчулук, камсыз кылуучу аракеттери өнүгөт;
- «Жашылдандыруу чарбасы» МИне таандык питомниктер, күнөсканалар оңдолду, талаптарга ылайык болушту;
- Каракол шаары мурдагы «Жашыл, таза, шаар-бак» даңкын калыбына келтирет;
- «Жеңиш багы», А.С.Пушкин атн. парк- тургундардын эң жакшы эс алуу жайлары;
- Каракол шаары - экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк туристер үчүн жагымдуу жай.