Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/4
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2004-жылдын 10-ноябрындагы XXIV чакырылышынын, XII сессиясынын №24-12/5 токтому менен бекитилген "Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндөгү" Жобону жокко чыгаруу жана "Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндөгү" жаңы Жобону кабыл алуу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2016-жылдын 18-июлундагы кир.№01-7/378, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин 2016-жылдын 14-июлундагы кир.№01-7/375 каттарын карап жана талкуулап, жер рыногун мындан ары өркүндөтүүнү, жерлерди рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну, жер мамилелерин жөнгө салуунун иштиктүү механизмдерин калыптандырууну жана жер ресурстарын башкарууну, шаардын бюджетине кошумча акча каражаттарын түшүрүүнү камсыз кылуу максатында, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 10-ноябрындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXIV чакырылышынын XII сессиясында кабыл алынган №24-12/5 "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин Жоболорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57 "Калк отурукташкан пункттарда жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүүнү жана инвестициялык-курулуш ниеттерди ишке ашыруу боюнча" Жобонун 1 пунктунун, 1 подпункту: жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия жөнүндө Жобо жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия жөнүндөгү жаңы Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
3. Жогоруда аталган комиссиянын персоналдык курамы, өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (№2 тиркеме).
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметов жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
| №1 тиркеме Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2016- жылдын 29 июлундагы № 27-8/4 токтому менен "Бекитилди" |
Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды,
менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия (мындар ары - комиссия), өзүнүн ишмердүүлүгүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунун, ушул Жобонун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, шаардын мэриясынын башка ченемдик-укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
2.1. Каракол шаарынын биринчи вице-мэри, кызматы боюнча комиссиянын төрагасы болот жана ал комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат.
2.2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын теңтөрагасы болот.
2.3. Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин адиси комиссиянын жооптуу катчысы болот.
2.3.1 Комиссиянын жооптуу катчысы:
- Маалымат менен камсыз кылат, иш пландарды даярдайт, отурумдун күн тартибин түзөт, карала турган маселелер боюнча зарыл материалдарды даярдоону координациялайт, комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт. Документалдык материалдардын сакталышы үчүн толук жооп берет.
- Кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
2.4. Аукционду, комиссия дайындаган аукционист алып барат. Сатыктын башталышы болуп, аукционист лоттун номерин, сатык буюмунун баштапкы наркын жана аукциондук кадамды жарыялаганы эсептелет.
2.5. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу, өкүлчүлүк органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет. Комиссиянын курамы, ыйгарымдуу органдын сунушу боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан бекитилет:
- Каракол шаарынын мэриясы – биринчи вице-мэр – 1;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңеши - депутаттар– 5;
- Каракол шаарынын мэриясынын юристи – 1;
- Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти - башчысы -1;
- Жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча Каракол-Ак-Суу аймактык башкармалыгынын кадастр жана укуктарды каттоо Департаменти – башчысы -1;
- Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы–башчысы-1;
- Каракол шаардык финансы бөлүмү – башчысы -1;
- Ысык-Көл областы боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн, Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору – башчысы-1;
- Каракол шаары, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын регионалдык башкармалыгы – башчысы - 1 ;
- Коммерциялык эмес жана коомдук уюмдар - жетекчилери – 2;
2.6. Комиссиянын курамы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын биргелешкен токтому менен бекитилет.
2.7. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарымдары, мөөнөтүнөн мурда токтошу мүмкүн:
1. Комиссиянын мүчөлөрүнүн арызы боюнча;
2. Комиссиянын отурумдарына 3 жолудан ашык, себепсиз катышпаса;
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган, башка негиздер боюнча;
Уюштуруу-техникалык жактан, комиссиянын ишмердүүлүгүн , муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти камсыз кылат.
Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
3.1. Жер тилкелерине менчик жана мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга укуктарды берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга;
3.2. Департамент сунуштаган, лотко, баштапкы баалардын өлчөмүн же жер тилкелерин сатуу боюнча түздөн-түз сүйлөшүүлөр үчүн, алардын баштапкы бааларын бекитет;
3.3. Бекитилген тартипте конкурстардын жана аукциондордун жыйынтыктарын бекитет, сатуулардын жыйынтыктарын аныктайт;
3.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Каракол шаарындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жободо каралган, башка функцияларды.
3.5. Жер тилкесине укуктун түрүн (менчик, ижара), аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт;
3.6. Сатуулардын (конкурстардын, аукциондордун, түз сатуулардын) уюштуруучусу болот;
3.7. Ар бир лот боюнча (аукцион өткөрүлсө), баштапкы, мүмкүн болушунча минималдуу кадамын жана алардын санын аныктайт;
3.8. Аукционистти дайындайт;
3.2. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1. Каракол шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынан, бөлүкчөлөрүнөн, чарба жүргүзүүчү субъектерден, менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүлөрүнө карабастан, отурумда карала турган маселелерге тиешелүү, расмий корутундуларды, экспертизаларды жана башка материалдарды талап кылууга;
2. Эксперттерди, анын ичинде көз карандысыздарды, тиешелүү корутундуларды даярдоого, тартууга;
3. Өзүнүн ишмердүүлү боюнча материалдарды, массалык-маалымат каражаттарында жарыялоого;
4. Ага берилген ыйгарымдардын алкагында, сүйлөшүүлөр процессинде, шарттарды, жер тилкелеринин өлчөмүн, жайгашкан жерин жана бааларын өзгөртүүгө;
5. Жер тилкелери боюнча архитектура жана мамлекеттик каттоо тарабынан, берилген корутундуларга макул болбогон учурда, корутундуларды, аларга, негиздөө менен, кайра кароо үчүн жеберүүгө;
6. Мыйзамга ылайык, сатыктын түрүн өзгөртүүгө;
7. Каалаган убакытта, аукционду өткөрүүдөн, бирок аны өткөрүү күнүнөн 3 күнгө чейин, ал эми конкурсту өткөрүүдөн - аны өткөрүү күнүнөн 30 күнгө чейин, баш тартууга. Бул жөнүндө протокол түзүлөт, анда сатыкты өткөрүүдөн баш тартуунуну себеби көрсөтүлөт. Сатуулардан баш тартуу учурунда, ыйгарымдуу орган, бул жөнүндө сатыктын катышуучуларын, жазуу түрүндө, сатыктан баш таруунун себебин көрсөтүү менен, маалымдайт.
8. Департаменттин сунуштарын эске алуу менен, сатык буюмунун наркын төлөө мөөнөтүн жана түрүн аныктоого;
3.3 Комиссиянын жоопкерчилиги:
1. Комиссия, өз иши үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, жоопкерчилик тартат;
4. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
4.1 Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүн отурум түрүндө жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө даярдалат, протоколго катышкан мүчөлөрдүн баары кол коет. Отурумдардын мезгилдүүлүгүн, комиссиянын төрагасы аныктайт.
4.2 Комиссиянын отурумун анын төрагасы, ал жокто - теңтөрага алып барат.
4.3 Комиссиянын чечимдери, комиссиянын жалпы мүчөлөрүнөн 2/3 катышкан кворум болгондо, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана комиссиянын протоколуна төрага, комиссиянын катышкан мүчөлөрү жана сатуулардын жеңүүчүлөрү кол коюшат;
4.4 Комиссиянын чечимдерин, анын мүчөлөрүнөн сурап билүү жолу менен кабыл алууга тыюу салынат.
4.5 Комиссиянын чечимдери, добуштардын көпчүлүгү боюнча, ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо, төраганын добушу - чечүүчү болот.
4.6 Эгерде, комиссия мүчөсүндө, түздөн-түз финансылык кызыкчылык болсо, же ал арызы каралып жаткан адам менен туугандык мамиледе болсо, комиссиянын бул мүчөсү, бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана маселе боюнча добуш берүүгө анын укугу жок.
4.7 Комиссиянын отурумдарынын протоколдору жана анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка материалдар, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин архивинде, мыйзамдуулук бекиткен тартипте сакталат.
5. Отурумдарды өткөрүүнүн тартиби
5.1 Комиссиянын мүчөлөрү, боло турган отурум жөнүндө, жооптуу катчы тарабынан, 3 күн мурун маалымдалышат жана материалдар менен камсыз болушат.
5.2 Жоопту катчы жок болгон учурда, анын милдеттерин муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетектөөчү адиси Т.Илибаева аткарат.
5.3 Отурумдун башталышында, комиссиянын төрагасы, карала турган маселенин мүнөзүнө, ыйгарымдуу органдардын жана эксперттердин түшкөн расмий корутундуларынын мазмунуна жараша, иштөө регламентин аныктайт.
5.4 Сатуунун жана түздөн-түз сатуунун жыйынтыгынын протоколунун негизинде, ага кол коюлгандан кийин, 3 күндүн ичинде, Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти сатыктын жеңүүчүсү же жер тилкесин түздөн-түз сатуу жолу менен, сатып алган менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун негизинде, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акылуу менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун 65-пунктуна ылайык, сатып алуу-сатуу же жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзөт.
5.5 Каракол шаарынын мэриясы, комиссияга, отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка ишмердүүлүк үчүн, зарыл болгон бөлмөлөрдү бөлүп берет.
| №2 тиркеме Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2016- жылдын 29 июлундагы № 27-8/4 токтому менен "Бекитилди" |
Каракол шаарында жер тилкелерин пайдаланууга чектелген буюмдук укуктарды, менчикке жана пайдаланууга укуктарды берүү боюнча комиссиясынын
КУРАМЫ:
1. Каниметов А.Ж.-комиссиянын төрагасы, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри;
2. Сагымбаев М.Ө.-комиссиянын теңтөрагасы, Каракол шаардык депутаттар Кеңишинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
3. Исмаилакунова Д.А.-комиссиянын катчысы, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетектөөчү адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. Жакыпов А.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаарынын мэриясынын юристи;
2. Калмакиев К.Т.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык депутаттар Кеңишинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
3. Кожонова К.А.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык депутаттар Кеңишинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
4. Бараков А.С.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык депутаттар Кеңишинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
5. Кыргызбаев Ж.Ө.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык депутаттар Кеңишинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
6. Кожобаев К.Т.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы;
7. Сарыбаев С.-комиссиянын мүчөсү, Каракол шаарынын башкы архитекторунун м.а.
8. Сулайманбеков Э.- комиссиянын мүчөсү, Каракол-Ак-Суу аймактык жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоонун башкармалыгынын кадастр жана укуктарды каттоо департаментинин башчысы;
9. Жапаров Э.-комиссиянын мүчөсү, Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башкы адиси;
10. Макеев Т.- комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы;
11. Барктабасов У.- комиссиянын мүчөсү, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Каракол, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондору боюнча регионалдык башкармалыктын улук нускоочусу;
12. Мусина Л.С. - комиссиянын мүчөсү, Каракол шаардык балдарга билим берүү борборунун директору, коомдук уюм;
13. Молдалиев Т.- комиссиянын мүчөсү, Ооган согушунун ардагерлер Кеңешинин төрагасы, коомдук уюм.