Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылыдн 5-ноябры № 01-05/183
Жобону бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү Жобону жана ушул Жобо менен иш алып баруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдин негизинде бир кызматкерди коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча жумушка алууга жазган кайрылуу катын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642 токтомуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы №642 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү Жобого негиз түзүлгөн Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу үчүн шаардык мэрияда бир кызматкер жергиликтүү бюджеттен айлык акы төлөө негизде келишим менен кабыл алууга уруксат берилсин.
3. Жобого ылайык коррупциянын алдын алуу жана коррупция менен күрөшүү боюнча иш алып баруу жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдин негизинде кабыл алынган кызматкерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | Б. Артыков |
| Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 05-ноябрындагы № 01-05/183 токтому менен бекитилген. |
Кочкор-Ата шаардык мэриясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым уккутуу жөнүндө жобо коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун ишинин негизги багыттарын коррупцияга каршы саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча коррупцияны жүзөгө ашыруудагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Ыйгарым укуктуу муниципалдык кызмат ордун ээлейт.
Ыйгарым укуктууну кызматка дайындоо, кызматын өтөөсү жана кызматынан бошотуу Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жана шаардын мэри менен түзүлгөн келишим боюнча жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Коститутуциясынын конституциялык мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык укуктук ченемдерин ошондой эле Жобону жетекчилике алат.
Ыйгарым укуктуу өз ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басары, аппарат жетекчи, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Эл башы, квартал жетекчилери, Аксакалдар соту, адам ресурстарын башкаруу кызматы, этика боюнча комиссиялар, түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмдары менен өз ара байланышта жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуунун милдеттери
Ыйгарым укуктуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет.
- коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин координациялоо;
-коррупциянын алдын алуу чараларын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына алгачкы мониторинг жүрүзүү;
-органдын тутумунда коррупциянын алдын алуу чараларын методологиялык жана консультациялык коштоо.
Ыйгарым укуктуунун иш-милдеттери.
Ыйгарым укуктуу төмөнкүдөй иш-милдеттерди ишке ашырат:
-органда коррупциялык тобокелдиктерди баалайт жана башкарат, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу боюнча сунуштарды даярдайт:
-кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жолго салуу боюнча иштерди жургузөт.
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүм-турумдарынын этикалык стандарттарын жана үлгүлөрүн ак ниеттүү башкаруу принциптерин жайылтуу боюнча иштерди аткарат.
-түзүмдүк ведомствого караштуу бөлүнүштөр менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы программасын жана планын иштеп чыгып, алардын аткарылуу процесстерин координациялайт.
-органдын бөлүнүштөрүнүн арыздар, жарандардын жана юридикалык жактардын анын ичинде «ишеним телефону» жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн кайрылуулар менен иштөө боюнча коррупциялык фактылар жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигине талдоо жүргүзөт.
-органдын жетекчисине төмөнкүдөй маселелер боюнча материалдарды даярдайт жана сунуштайт:
-коррупция көйгөйлөрүнө, коррупциялык факторлого жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалаларга мониториңг жүргүзүү, жарандардын жана юридикалык жактардын коррупциялык кол салуулардан коргоо боюнча кайрылууларын карап чыгуу иштерин талдоо, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү органдын өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз аракеттер менен өз ара аракеттенүү;
-органдын кызматкерлерин коррупцияга каршы окутууну уюштурат, ошондой эле аларга жекече кеңеш берет.
-кызыкчылыктардын алдын алууга же жөнгө салууга ошондой эле «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин аткарылышын сактоого багытталган чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын органдын кызматкерлери тарабынан сакталышын камсыздоодо адам ресурстарын башкаруу кызматына көмөк көрсөтөт.
-кызматкерлердин коррупциялык укук бузууларды, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу иштерди жасоого аракет кылган факторлорду эсепке алуу жана аларга мындай жагдайларда зарыл болгон чараларды көрүү маселелери боюнча кенеш берет.
-органдын ичиндеги ачыктыкты жогорулатууга жана маалыматтын айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшөт.
-органда коррупциянын алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды өткөрөт.
-ишке ашырылып жаткан алдын алуу чаралары жөнүндө калк арасында коррупцияга каршы үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн программасын жана планын иштеп чыгат.
-кызматтык иликтөө жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө декларацияларды карап чыгуу жана талдоо боюнча комиссиялардын ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышат.
-органдагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин жана кызыкчылыктардын кагылышынын типтүү жагдайларынын маалымат баазасын түзөт.
-жергиликтүү кеңештин, коомдук кеңешинин ишин уюштурат.
Ыйгарым укуктуунун укуктары
Ыйгарым укуктуу өзүнүн иш-милдеттерин натыйжалуу камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн талдоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды тоскоолдуксуз сурап алууга:
-коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууга:
-коррупцияга каршы чаралар иш жүзүнө талаптагыдай эмес ашырылган учурлар жөнүндө мамлекеттик органдын жетекчилерине билдирүүгө:
-коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана аныкталган коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кароого милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө:
Ыйгарым укуктуунун милдеттери
Өз иш-милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн Ыйгарым укуктууга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
-коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программанын иш-чаралар планын жана ведомстволук пландардын ишке ашырылышын баалоо жана мониторинг жүргузүү үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө берүү үчүн квартал сайын органдын отчетун түзүү:
-Шаар калкы менен тыгыз иш алып баруу, ал боюнча протоколдорду түзүү жана маалымат берүү.
-шаардык мэриянын алдындагы коомдук уюмдар менен (аксакалдар соту жана аялдар кеңеши жана Эл башы, квартал башчылары) тыгыз иш жүргүзүү.
-органдын коллегиясында каралууга тийиш болгон маалыматтарды жыл сайын берүү: