Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 28-июлу № 2
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле “Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” жетекчиликке алып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу (№1тиркеме) жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси(№2 тиркеме) менен бекитилсин;
2. Аталган токтом тиркемелери менен Ала-Бука райондук маамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомдун тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары C.Манасовага тапшырылсын.
Төрага | Б.Нышанов |