Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 6 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибине (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 токтому менен бекитилген);
6. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
автомобиль жолу - транспорт каражаттарын ченемдик укуктук актылар аркылуу чектелген ылдамдык, салмак жана көлөм менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүнө арналган инженердик курулмалар комплекси;
жол тилкеси - автомобиль жолунун тиешелүү конструкциялык элементтерин жана инженердик курулмаларын, ошондой эле пайдалануу үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды жайгаштырууга, коргоочу жана декорациялык өсүмдүктөрдү отургузууга бөлүнгөн автомобиль жолдору ээлеген жерлер;
жол боюндагы тилке - автомобиль жолуна бөлүнгөн жол тилкесинин эки тарабында аны бойлото жайгашкан жана алардын чектеринде автомобиль жолунун өнүгүү келечегин эске алуу менен, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо, аны сактоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылуу максатында, аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер участоктору. Жол боюндагы тилкенин туурасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
муниципалдык жолдор - калктуу конуштардын чегинин ичинде жайгашкан жана транспорт байланышын камсыз кылган жана алардын инфратүзүмүнүн курамдык бөлүгү болгон жолдор, көчөлөр, өтмөктөр жана транспорттук жолдор;
жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору – Кыргыз Республикасынын менчиги болгон, өлкөнүн калктын социалдык-экономикалык жана коргонуу муктаждыгын алымсындыруу үчүн кызмат кылуучу шаарлар менен калктуу конуштардын ортосунда жүк, жүргүнчү ташууга кызмат кылуучу шаар сыртындагы автомобиль жолдору жана алардагы курулмалар;
автомобиль жолдорун пайдалануу - бул жол кыймылын, ошонун ичинде жүктү жана жүргүнчүлөрдү автомобиль аркылуу ташууну, ошондой эле автомобиль жолдоруна караган жерлерде дагы башка ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылчу иш;
автомобиль жолдорун пайдалануучулар - жол кыймылына катышуучулар, ошондой эле автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн жерлерде иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар;
жол иштери - автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жүргүзүлүүчү иштер;
автомобиль жолдорун күтүү - автотранспорт каражаттарынын натыйжалуу иштешин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылгыдай кармоо максатында автомобиль жолдорунда жол иштеринин комплексин аткаруу.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагындагы калктын сапаттуу муниципалдык жолдорго болгон муктаждыктарын канааттандырууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорунун тармагын өнүктүрүү;
- муниципалдык жолдордун жайлуулугун камсыз кылуу;
- муниципалдык жолдорду жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп бере турган абалда кармоо жана оңдоп-түзөө.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорун өнүктүрүү боюнча программалардын долбоорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- унаа токтотуучу жайларды (токтотуучу орундарды) түзүү жана пайдалануу, анын ичнде акы төлөө негизинде түзүү тартибин белгилейт.
аткаруу жана колдоо функциялары
- айылдык кеңеш бекитип бергенден кийин Айыл аймагынын муниципалдык жолдорун өнүктүрүү боюнча программаларды аткарууну камсыз кылат;
- автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана кайра куруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөөчүлүк аракеттердин комплексин жүзөгө ашырат;
- муниципалдык жолдордун жайлуулугу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды түзөт жана жайгаштырат;
- муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды түзөт;
- муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын уставдарын бекитет;
- муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- муниципалдык жолдордун курулушун, бир калыпта кармоону жана оңдоп-түзөөнү каржылоону жүзөгө ашырат;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат;
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорун өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- муниципалдык автомобиль жолдорун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын ишмердигине контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорун өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу колдонулушуна контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорунун иштеши боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контроль жүргүзөт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын муниципалдык жолдорун өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу, анын ичинде муниципалдык жолдорду пайдалануу жана коргоо тартиби боюнча документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.