Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана утилдештирүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө”
№ 11 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана утилдештирүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн эрежелерине (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 токтому менен бекитилген);
8. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана утилдештирүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
калдыктар (өндүрүштүк жана керектөө) – өндүрүү же керектөө процессинде пайда болгон чийки заттын, материалдын, жарым фабрикаттын, башка буюмдардын жана азыктардын калдыктары, ошондой эле өзүнүн керектөөчүлүк касиетин жоготкон, алар пайда болгон жана табылган жерде андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогон жана ээлери аларды таштаган, таштоого ниети болгон же зыянсыздандыруу, кайра иштетүү же жайгаштыруу жолу менен кутулушу керек болгон товарлар (продукция);
катуу тиричилик калдыктары (мындан ары – КТК) – адамдардын жашоо-тиричилигинин натыйжасында, анын ичинде тамак даярдоодо, турак жайларды тазалоодо жана оңдоп-түзөөдө, үйгө тийиштүү аймакты жана жалпы пайдалануучу жерлерди кармап турууда, турак жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоодо пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле үйдөгү күндөлүк тиричиликтеги жараксыз болуп калган буюмдар;
таштанды – КТК, ири тыш өлчөмдүү таштанды, керектөө жана өндүрүш калдыктарын кошкондогу бардык таштандылар;
калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
калдыктарды көмүү - калдыктарды изоляциялоо, ал булгай турган заттардын айлана-чөйрөгө келип түшүшүн четтетүүгө багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат;
тиричилик калдыктарын жана таштандыны чогултуу – мындай калдыктарды андан ары иштеп чыгуу, иштетүү, зыянсыздандыруу, транспорттоо, жайгаштыруу максатында адистештирилген уюмдардын үй ээлеринен тиричилик калдыктарын жана таштандыны кабыл алуусу жана келип түшүүсү;
тиричилик калдыктарын жана таштандыны топтоо – аларды андан ары иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу, ташып чыгуу максатында, мындай максаттар үчүн атайын жабдууланган жайларга тиричилик калдыктарын жана таштандыны убактылуу топтоо;
тиричилик калдыктарын жана таштандыны ташып чыгуу - тиричилик калдыктарын жана таштандыны адистештирилген уюмдун унаа каражатынын жардамы менен үй ээсинин жеке менчигинде болгон жер участогунун чегинен сыртка ташуу;
калдыктарды иштетүү – алардын технологиялык циклинин этаптарында кирешелерди пайдалануу менен байланышкан ишмердик жана/же иштен чыгарылган буюмдарды кайрадан (экинчи ирет) пайдаланууну же кайра иштеп чыгууну камсыз кылуу.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органданын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын жарандарынын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын камсыз кылууга;
- Айыл аймагынын калкынын санитардык-экологиялык бейпилдигин камсыз кылууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат
- Айыл аймагында КТК чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча тейлөөлөрдү көрсөтүүнү уюштуруу;
- аз таштанды чыгаруучу технологиялык процесстерди жайылтуу;
- таштандыларды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык түрткү берүү механизмдерин пайдалануу;
- өндүрүш жана керектөө калдыктарынын жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирлерине бөгөт коюу;
- Айыл аймагына тиричилик калдыктарынын жана таштандылардын санкцияланбаган чогулушуна бөгөт коюу;
- айлана-чөйрөнү жана калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы экологиялык, санитардык жана ар кандай талаптарды сактоо;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымат берүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу тарифтерин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- тирчилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, алардын аткарылышын камсыз кылат;
- калдыктарды пайдалануу жаатындагы аймактык, ошондой эле мамлекеттик программалардын аткарылышын жана ишке ашышын камсыз кылат;
- калдыктарга байланышкан кырсыктарга, аварияларга бөгөт коюу чараларын ишке ашырат;
- калдыктарга байланышкан кырсыктардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды ишке ашырат;
- компоненттерди (тамак-аш калдыктарын, түстүү жана кара металлдарды, текстилди, айнек, кагаз ж.б.) бөлүп чогултууда каралгандай калдыктарды чогултуунун, сактоонун, дайыма ташып чыгаруунун, зыянсыздандыруунун, иштеп чыгуунун, ошондой эле ведомстволук аймактарда рекультивациялоонун рационалдуу тутумун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча калдыктарды топтоочу жана көмүүчү жайларды аныктайт;
- тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү боюнча муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзөт;
- тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү боюнча муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин уставдарын бекитет;
- тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү боюнча муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат;
- калдыктарды иштеп чыгуу, кайра иштеп чыгуу жана көмүү боюнча жаңы объектилердин курулушун каржылоо, иштеп жаткан объектилерди кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан, жергиликтүү бюджеттен жана бюджеттик эмес фонддордон каражат чогултууну уюштурат;
- калдыктарды пайдалануу, аларды аймактарда сактоонун жана кайра иштетүүнүн абалы жөнүндө маалымат менен калкты камсыз кылат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу программаларынын аткарылышын контроль жүргүзөт;
- тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүү боюнча муниципалдык ишканалардын ишин контроль жүргүзөт;
- тиричилик калдыктарын чогултууга, ташып чыгарууга жана утилдештирүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
- калктуу жайлардын аймактарын кармоонун белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контроль жүргүзөт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу программаларын бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу тарифтерин аныктайт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана утилдештирүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.