Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 578 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартибин жана ага катышуунун шарттарын аныктайт.
2. Конкурс DVB-Т2 стандартында санариптик эфирдик телекөрсөтүү тарамдарын же жыштык ресурстарын, тарамдарды куруудагы финансылык чыгымдарды жана ресивердин наркын үнөмдөө көз карашы менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктардагы тилкелердеги DVB-T2 караганда көбүрөөк сапаттуу мүнөздөмөлөргө ээ болгон натыйжалуу стандартта уюштуруу боюнча мыкты сунуштарды аныктоо үчүн өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагы 10 чөлкөмгө бөлүнгөн жана ар бир чөлкөм үчүн жыштыктардын бөлүктөрүнүн деңгээлинде (ушул Жобонун 3-тиркемеси) санариптик телеберүүлөрдүн каналдары пландаштырылган.
4. Конкурска Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жыштык бөлүктөрүн пайдалануу тартибине (мультиплекстер) ылайык жыштык мультиплекстер коюлат.
5. Конкурс конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан өткөрүлөт, анын жеке курамы мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар сунуштаган талапкерлердин негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бекитилет.
6. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу жана конкурстук документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине жүктөлөт (мындан ары - Байланыш агенттиги). Жыштыктарды ыйгарууну бөлүштүрүү Байланыш агенттигинин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
7. Конкурстук комиссия жеке курамы бекитилгенден кийин өз ишин баштайт.
8. Конкурстук комиссиянын функциялары:
1) Конкурстук комиссиянын иштөө регламентин бекитүү.
2) Конкурстук сунуштарды талдоо жана баалоо.
3) Конкурсту өткөрүүнүн мөөнөтүн жана жерин аныктоо.
4) Талапкерлерди квалификациялык тандап алууну жүргүзүү.
5) Жеңүүчүнү аныктоо жана ага конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билдирүү.
6) Купуя маалыматтардын ачыкка чыгарылбасын камсыздоо.
9. Конкурстук комиссиянын негизги укуктары жана милдеттери:
1) Конкурстук комиссия конкурстун ар түрдүү аспекттери боюнча адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
2) Конкурстук комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын гана жетекчиликке алууга;
каралуучу маселелер жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
10. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Атаандаштыктын чектелүүсүнө же талапкерлердин кимисине болбосун кеңири укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуна алып келиши мүмкүн болгон башка талапкерлерге карата талапкерлердин ишин координациялоо боюнча аракеттерди жүзөгө ашырууга.
2) Талапкерлердин тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрүнө каршы келген ачыкка чыгаруу жана ак ниет атаандаштыкты ишке ашырууга жолтоо болгон маалыматтарды талапкерлерге берүүгө.
3) Талапкерлерди колдоо максатында консультация жана аларга купуя мүнөздөгү маалыматтарды берүүгө.
11. Конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү Байланыш агенттиги тарабынан республикалык мезгилдүү басма сөздөргө жана Байланыш агенттигинин сайтына жарыяланат.
12. Маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Конкурстун предметин.
2) Конкурстук документтерди кабыл алуучу жердин дарегин.
3) Конкурстук документтерди кабыл алууну аяктоочу мөөнөттү.
4) Конкурс өтүүчү күндү, убактысын жана ордун.
5) Конкурстук документтердин тизмегин, аларды тариздөөгө талаптарды.
6) Талапкерлердин конкурска катышуу укугун аныктоочу критерийлерди.
7) Конкурстук төгүмдү төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана мөөнөтүн.
8) Конкурстук төгүмдү төлөө үчүн Байланыш агенттигинин атайын депозиттик эсебинин маалымдаректерин.
9) Конкурстук милдеттенмени.
10) Талапкер конкурс жөнүндө маалымат, конкурстук документтердин пакетин алуучу даректи, телефон номерлерди, факс, e-mail.
11) Конкурс өткөрүүгө байланышкан башка зарыл маалыматты.
13. Конкурс өткөрүүгө байланышкан чыгымдар (конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, адистерди жана эксперттерди тартуу, арыздардын бланкаларын даярдоо ж.б.) конкурстук төгүмдүн эсебинен жабылат.
14. Конкурстук төгүмдөрдүн өлчөмүн Конкурстук комиссия бекитет.
15. Конкурстук төгүм Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт (төлөмдү төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча).
16. Эгер конкурс өткөрүлбөй калса, ошондой эле ага бир гана катышуучу катышканына байланыштуу, конкурстук төгүм кайра кайтарылып берилүүгө тийиш. Конкурстук төгүм конкурска катышууга жол берилбеген адамдарга жана конкурска катышып, бирок утушка ээ болбогон адамдарга да кайтарылып берилет. Кайтаруу конкурстун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат.
17. Талапкер конкурстук документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Байланыш агенттигине конкурска катышуунун жоболорун жана шарттарын тактоо боюнча суроо-талабы менен жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Байланыш агенттиги суроо-талап катталган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде кайрылуучунун суроо-талабына жооп берүүгө милдеттүү.
18. Конкурстук документтер талапкерлер тарабынан 2 нускада, «Түп нуска» жана «Көчүрмө» деген белги коюлуп, чапталган конверттерге салынып берилет.
19. Конкурстук документтер конкурстук комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан конкурс өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыялангандан кийин, конкурстук төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин тиркемеси менен кошо кабыл алынат. Конкурстук документтер маалыматтык билдирүүдө жарыяланган күнгө чейин кабыл алынат.
20. Конкурстук документтерди жооптуу катчы атайын журналга каттайт, анда документтер кабыл алынган так убактысы (сааты, мүнөтү), конкурстук документтерди тапшырган адамдын аты-жөнү, колу жана анын байланыш дареги да көрсөтүлөт.
21. Талапкерлердин конкурстук документтеринин түп нускалары жана көчүрмөлөрү, банктык кепилдик жөнүндө каттын түп нускасынан башкасы, кайтарылып берилбейт.
22. Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди беришкен жана ушул Жобонун 7-главасында жазылган конкурстук милдеттенмелерди кабыл алышкан юридикалык жактарга конкурска катышууга жол берилет.
23. Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү конкурстук документтерди Байланыш агенттигине берет:
1) Конкурска катышууга арыз (ушул Жобонун 1-тиркемеси).
2) Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана юридикалык жактын уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
3) Конкурстук төгүмдүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
4) Салыктык катталган жери боюнча салык органынын конкурс өткөрүлгөн күнгө чейин 1 айдан эрте эмес убакытта берилген маалымкаты.
5) Талапкердин колдонуудагы эсебинин маалымдаректери тууралуу банктын маалымкаты.
6) Акыркы 2 жылга бухгалтердик баланс (тиркемелери менен).
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринин өткөрүлүп жаткан конкурс боюнча финансылык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо жөнүндө банктык кепилдиги.
Талапкер Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө конкурстук сунуштарды объективдүү баалоого көбүрөөк мүмкүндүк берүүчү, конкурстун мазмуну боюнча өзү туура көргөн кошумча маалымат бере алат.
24. Документтердин ар бир пакети тигилип, ар бир бетине номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланышы керек.
25. Конкурстук комиссия конкурстук документтерди кароо боюнча иштерди конкурстук документтерди кабыл алуу бүткөн күндөн баштайт.
26. Комиссиянын жыйыны анын жалпы курамынын экиден үч мүчөсүнөн аз эмеси катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
27. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү чечимдерди талкуулоодо жана кабыл алууда бирдей добуш берүү укугун пайдаланышат. Добуштар бирдей болгон учурда, Конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Ишеним кат боюнча добуш берүү укугуна жол берилбейт.
28. Жыйындарга кеңеш берүүчү добуш укугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, бирок ар бир фракциядан бирден көп эмес өкүл катыша алат.
29. Жыйындарга Конкурстук комиссия тарабынан атайын чакырылган эксперттер, консультанттар, адистер жана башка адамдар кеңеш берүүчү добуш укугу жок эле катыша алышат.
30. Конкурстук комиссиянын төрагасы жыйынды ачат, конкурс жөнүндөгү жарыяны окуйт, конкурска катышуучулар жөнүндө конкурстук документтердин келип түшүү кезегинин тартиби боюнча маалымдайт жана ушул Жобонун 7-главасында жазылган конкурстук милдеттенмелерди окуйт.
31. Конкурстук комиссия конверттерди ачат, берилген конкурстук документтердин ушул Жобонун 23-пунктуна шайкеш келүүсүн текшерет жана конкурска катышуучулардын курамын (мындан ары - Катышуучулар) аныктайт.
32. Конкурстук документтерди ачуу бүткөндөн кийин Конкурстук комиссиянын төрагасы Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн конкурска катышууга жол берилген адамдардын тизмеси, башкача айтканда конкурстун Катышуучуларынын тизмеси менен тааныштырат. Берилген конкурстук документтерди кабыл албоого негиз болуп алардын ушул Жобонун 23-пунктунун талаптарына шайкеш келбеши саналат
33. Конкурстук комиссия өз ишин Катышуучулар берген конкурстук документтердин көчүрмөлөрү менен жүргүзөт. Конкурстук документтердин түп нускалары салынган конверттер берилген конкурстук документтер боюнча талаш маселелер пайда болгон учурларда пайдаланылат.
34. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктагандан кийин, талапкерлердин документтеринин түп нускалары салынган конверттер кайрадан чапталып, Байланыш агенттигине сактоого берилет.
35. Конкурстук комиссия андан ары кароого кабыл алынган конкурстук документтерди кароону конкурстук документтерди ачуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бүткөрүшү керек.
36. Конкурстук документтерди кароодо Конкурстук комиссия ар бир Катышуучуга өзүнүн конкурстук сунушу менен тааныштырууга мүмкүндүк берет.
37. Конкурстук сунуштарды кароонун жүрүшүндө Конкурстук комиссия Катышуучулардан кошумча маалыматтарды, чечмелөөлөрдү жана түшүндүрүүлөрдү суроого укуктуу.
38. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарыш сөздөрү чакырылган эксперттердин, консультанттардын жана адистердин катышуусу менен өткөрүлсө болот.
39. Конкурс онго чейинки баллдык система боюнча өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү конкурстук сунуштарды баалоонун критерийлери бар таблицаны (ушул Жобонун 2-тиркемеси) толтурушат.
40. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун негизги критерийи болуп өзгөчө мыкты конкурстук сунуштарды сунуштоо эсептелет. Конкурстун Катышуучулары көрсөткөн конкурстук сунуштарды кароодо Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү аларды төмөнкү критерийлер боюнча баалашат:
1) Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-маанилүү программаларды (балдар үчүн, маалыматтык, билим берүү) көрсөтүү менен камсыздоо, жергиликтүү жана ретрансляциялануучу программалардын өз ара катышы.
2) Санариптик эфирдик берүүлөрдүн тарамдарынын өнүгүү динамикасы.
3) Калктын социалдык аялуу катмарларын санариптик форматтагы телепрограммаларды кабыл алуулары үчүн абоненттик кошулуулар менен камсыздоо.
4) Кыргыз Республикасынын аймагында тарамды киргизүү учурунан баштап социалдык пакеттин акысыз көрсөтүлүүчү программаларынын саны.
5) Тартылган инвестициялардын көлөмү.
6) Персоналдарга кесиптик билим берүү боюнча пландар.
7) Жыштык ыйгарууларды алган учурдан тартып берүүнүн башталган мөөнөтү.
8) Түзүлгөн жумуш орундарынын саны.
9) Санариптик пакеттерди берүүлөрдүн контенти менен максималдуу толтуруу.
10) Мультимедиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү.
11) Конкурска катышуучунун адистерди даярдоо деңгээли жана берүүлөрдү уюштурууга зарыл болгон кызматкерлердин штатынын бардыгы.
12) Техникалык жабдуулардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январында № 24 токтому менен бекитилген «Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги жөнүндө» техникалык регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү.
13) Жер үстүндөгү эфирдик берүүлөр жаатындагы иш тажрыйбасы.
14) Пландаштырылган чыгымдарды жана кирешелерди көрсөтүү менен түзүлгөн бизнес-план, каржылоонун мүмкүн болгон булактары.
41. 45 баллдан кем эмес балл топтогон адамдар жеңүүчү болуп таанылат. Эгер конкурстун эки катышуучусу бирдей балл топтосо, төмөндөгү критерийлер боюнча эң жогорку балл алган Катышуучу утушка ээ болот: калктын социалдык аялуу катмарынын санариптик форматтагы берүүлөрдү кабыл алуулары үчүн абоненттик кошулуулар менен камсыздоо, социалдык пакетти акысыз кайталап көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-маанилүү берүүлөр менен камсыздоо (балдар үчүн, маалыматтык, билим берүүчү), тартылуучу инвестициялардын көлөмү.
42. Конкурстун жеңүүчүсүнүн өз ишин аткаруу графиги, инвестицияларды салуу, жабдууларды алып келүү жана монтаждоо милдети лицензиялык макулдашууга кошо киргизилет.
43. Конкурстук комиссиянын конкурстун жыйынтыгы жөнүндө чечимдери протокол менен таризделет, ага Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколго төмөнкүлөр жазылат:
1) Конкурстук комиссиянын курамы, конкурс өткөрүлүүчү күн, убактысы жана өткөрүлүүчү жер.
2) Конкурстун катышуучулары , жеңүүчүлөрү жана алар чогулткан баллдар жөнүндө маалыматтар.
Протоколго милдеттүү түрдө конкурстук документтер тиркелет.
44. Конкурстун жеңүүчүсү санариптик берүүлөрдүн тарамын Байланыш агенттиги тарабынан аныкталган аймактарда, бирдей жыштыктагы SFN тарамдарынын негизинде гана түзүүгө милдеттенет.
45. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын санариптик эфирдик берүүлөрдүн тарамына кирүү шартын кабыл алат, алар:
1) Жер үстүндөгү санариптик телекөрсөтүүлөрдүн тарамын DVB-T2 стандартта көрсөтүү.
2) Трансляциялануучу программаларды берүүгө мониторинг жүргүзүү борборун өз тарамында түзүү жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнө түздөн-түз жана алыстан пайдаланууга толук мүмкүнчүлүк берүү.
3) Кыргыз Республикасынын бардык калктуу конуштарын 2016-жылга эң аз дегенде бир мультиплексте санариптик телеберүүлөр менен камсыздоо.
8. Бул Жобонун талаптары бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик жана талаштарды чечүү тартиби
46. Бул Жобону аткарууда пайда болгон талаштарды чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
47. Конкурстук комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
| 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кимге: Конкурстук комиссияга Кимден: ______________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы) 201__-жылдын «____» ____________
Катышуу жөнүндө АРЫЗ
174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна өткөрүлгөн конкурска катышууга _____________________________________________ ___________________________________________________________ чакырууга карата (чакырылган күн) _______________________________________________________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы)
жогоруда аталган конкурска катышууга өзүнүн ниетин билдирет жана конкурстук документтерин берет.
Муну менен, ________________________________________________________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы)
174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо камтылган бардык шарттар менен макул экенибизди ырастайбыз. Арызга төмөнкү документтер тиркелет: ____________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адам) (аты-жөнү, колу)
М.О
|
| 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Баалоо бланкы____________________________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы)
Конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери
|
Критерийлери | Баллдын максималдуу саны - 10 |
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-маанилүү программаларды көрсөтүү менен камсыздоо (балдар үчүн, маалыматтык, билим берүү), жергиликтүү жана ретрансляциялануучу программалардын өз ара катышы |
|
Санариптик эфирдик берүүлөрдүн тарамдарынын өнүгүү динамикасы |
|
Калктын социалдык аялуу катмарларынын санариптик форматтагы телепрограммаларды кабыл алуулары үчүн абоненттик кошулуулар менен камсыздоо |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында тарамды киргизүү учурунан баштап социалдык пакеттин акысыз көрсөтүлүүчү программаларынын саны |
|
|
|
Критерийлери | Баллдын максималдуу саны - 5 |
Тартылган инвестициялардын көлөмү |
|
Персоналдарга кесиптик билим берүү боюнча пландар |
|
Берүүлөр башталган күн |
|
Түзүлүүчү жумушчу орундардын саны |
|
Санариптик пакеттерди берүүлөрдүн контенти менен максималдуу толтуруу |
|
Мультимедиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү |
|
Конкурска катышуучунун адистерди даярдоо деңгээли жана берүүлөрдү уюштурууга зарыл болгон кызматкерлердин штатынын бар экендиги |
|
Техникалык жабдуулардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январында № 24 токтому менен бекитилген «Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги жөнүндө» техникалык регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү |
|
Жер үстүндөгү эфирдик берүүлөр жаатындагы иш тажрыйбасы |
|
_______________________________ ____________ ______________________ Төрага / төраганын орун басары/ колу аты-жөнү комиссиянын мүчөсү
201__ -жылдын «___» ____________
|
| 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча «Женева-06» планына ылайык жыштыктарды бөлүштүрүүлөрдү бөлүштүрүү