Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 387
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча координацияланган иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 584 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
- "2-1. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Ведомстволор аралык комиссиянын алдында анын жумушчу органы болуп саналган эксперттик-аналитикалык топ иштейт.";
- аталган токтомдун 2-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна 1-тиркеме |
"2-тиркеме
Оторбаев Джоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Усупов Усен Макаевич | - | Евразия экономикалык комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын өкүлү, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ибраев Данил Турсунбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын жетекчиси. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Таткулов Таалай Джумалыевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамбеталиев Искендер Султанович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Шыйкымбаев Саламат Капанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Байжуманов Джанбулат Байжуманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору; |
Жусупов Аширбай Бапович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Киселева Римма Хаджимуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы соода жана ДСУ бөлүмүнүн башчысы; |
Аданбаев Бердимамат Аданбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармасынын начальниги; |
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Дюшалиев Болот Камчибекович | - | "Кыргыз-Россия экономикалык кеңеши" ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Васильевич | - | Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Тологонов Фархад Тологонович | - | "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Мамытбеков Эдил Калмакович | - | Кыргыз Республикасынын Суу өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Джуманов Есен Абдужапарович | - | Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Фаридинова Бурул Фаридиновна | - | Бишкек ишкерлер клубунун юристи (макулдашуу боюнча).". |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна 2-тиркеме |
"3-тиркеме
1. Бул Жобо Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер жана Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин органдары менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу экономиканын өсүшүн камсыздоого багытталган мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын натыйжалуу интеграциясы боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- Бажы союзуна мүчө мамлекеттер жана Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул маселе боюнча ишин координациялоо.
5. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Евразиялык экономикалык комиссия менен сүйлөшүүлөрдү, кеңешмелерди, конференцияларды жана Евразиялык экономикалык мейкиндиктеги Кыргыз Республикасынын интеграциясы маселелери, анын ичинде тийиштүү чакыруу боюнча Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларды жүргүзөт;
- негизги товардык позициялардын тизмеги боюнча Евразиялык экономикалык комиссия менен оптималдуу консенсуска жетишүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- экономиканы өнүктүрүү жана диверсификациялоо боюнча чараларды караштырган механизмдер жөнүндө, өнүктүрүү фондун же институтун түзүү, ошондой эле алдыдагы интеграцияны эске алуу менен улуттук бизнес-климатты жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык жана фискалдык саясатын өркүндөтүү тууралуу сунуштарды иштеп чыгат;
- дүң базарлар аркылуу тышкы соода агымдарынын азайышынан улам келип чыккан жоготууларды минималдаштыруу жана алардын ордун толтуруу, ошондой эле алдыдагы интеграцияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кирешелердеги үлүшүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- материалдарды жалпылоону жана ар тараптуу талдоону жүргүзөт, ошондой эле Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча маалыматтык-аналитикалык документтерди даярдайт;
- интеграциялык процесстерге Кыргыз Республикасынын андан ары катышуусу боюнча бирдиктүү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- өзүнүн чечимдеринин аткарылышын, ошондой эле Кыргызстан тараптын жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Жумушчу тобунун протоколдорун жана биргелешкен документтерин мониторингдөөнү жүргүзөт.
6. Ведомстволор аралык комиссия коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишине зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна кирген маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин зарыл болгон учурда ишке тартууга;
- белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык комиссия менен өз ара аракеттенүүгө;
- жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
- Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу айрым маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- интеграциялык процесстерди талдоону жана болжолдоону жүргүзүү жана алардын Кыргыз Республикасы үчүн натыйжалары боюнча жумушчу топтордун жетекчилерине тапшырма берүүгө;
- ушул Жободо каралган функцияларга жана ыйгарым укуктарга байланыштуу башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп эксперттик-аналитикалык топ эсептелет.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурат жана пландайт;
- Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүү процессин координациялоо жана өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жагындагы маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук-методикалык, документтик камсыздоону уюштурат;
- Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу процессине байланышкан маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешмелерди уюштурат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын тапшырмаларынын жана чечимдеринин министрликтер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.".