Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 14-январы N 19
Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын кесиптик сактоочуларын акчалай, азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыз кылуу жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын ыктыярдуу сактоочу кошуундарынын типтүү штаттык структурасын, жабдылышын бекитсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын коргоо иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
| Н.Танаев |