Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы N 19 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык бул Жобо куткаруучулардын укуктук негизин, милдеттерин, укугун жана жоопкерчилигин, куткаруучулардын иштөө (кызмат) жана эс алуу режимин, эмгегине акы төлөө тартибин, куткаруучуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн укуктук жана социалдык жактан коргоону жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамадминистрациялардын чечими менен белгиленген башка кошумча укуктук жана социалдык гарантияларын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга тартылган куткаруучу эмес жарандарды социалдык жактан коргоонун гарантияларын аныктайт.
1.2. Куткаруучулардын иш-аракеттеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдары, указдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары түзөт.
2. Куткаруучулар, ыктыярдуу куткаруучулар жана алардын статусу
2.1. Кыйроодон куткаруу кызматтарын жана кыйроодон-куткаруу кошуундарын түзүү, ошондой эле алардын күчтөрүнө жана каражаттарына жетекчилик кылуу Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
2.2. Кыйроодон куткаруу иштерине издөө-куткаруу, анын ичинде акваторияга, өрт өчүрүү менен байланышкан тоо кырсыктарынан куткаруу жумуштары, өзгөчө кырдаалдардын медицина-санитардык кесепеттерин жоюу боюнча иштер кирет, бул тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен толукталышы мүмкүн.
2.3. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон, куткаруу кошуундарынын куткаруучуларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- адамдардын өмүрүн куткаруу жана өз убагында жардам көрсөтүү;
- өзгөчө кырдаалдар зонасына жөнөөгө жана өзгөчө кырдаалдарды калыбына келтирүү боюнча кыйроодон куткаруу кызматтарын жүргүзүүгө дайыма даяр туруу;
- тейлөөдөгү объектилерде же аймактарда жана акваторияларда өзгөчө кырдаалдарды жоюу.
Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын куткаруучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- тейлөөдөгү объекттер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн алдын ала болжолдонгон эксперттерди жүргүзүүгө катыша алат;
- өзгөчө кырдаалдар зонасынан калкты көчүрүп чыгууга жана айыл чарба жаныбарларын айдап чыгуу боюнча иш-чараларга катыша алат;
- кыйроодон куткаруучу каражаттарды иштеп чыгууга, тейлөөдөгү объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу пландарын, ошондой эле башка объектилерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара аракет кылуу пландарын иштеп чыгууга катыша алат;
- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында көзөмөлдү ишке ашырат;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында технологиялык жана инженердик-техникалык талаптардын сакталышына контроль жүргүзө алат;
- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында маалыматтык пропаганда жүргүзүүгө, калкты жана уюмдардын кызматчыларын өзгөчө кырдаалдар шартында аракеттенүүсүн даярдоого катыша алат;
- өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн номенклатуралык курамды жана материалдык ресурстар резервинин көлөмүн түзүү, жайгаштыруу, аныктоо боюнча чечимдерди даярдоого катыша алат.
3. Куткаруучулар
3.1. Кыргыз Республикасынын 21 жашка толгон, жалпы (толук) орто билими бар жарандары Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн, дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди толтургандан, куткаруучуларды даярдоонун программалары боюнча окуп бүткөндөн, кыйроодон куткаруучу жумуштарды өткөрүүгө аттестациядан өткөндөн жана врачка чейинки жардам берүүнү билгенден кийин куткаруучу статусун алууга укуктуу.
3.2. Куткаруучулардын статусу - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген жана мамлекет кепилдигин алган укуктардын жана милдеттердин жыйындысы. Куткаруучулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жумуштарына катышуу боюнча жана алардын өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч менен байланышкан иштерге катышуусу боюнча аларга тапшырылган милдеттер менен аныкталат.
3.3. Кыргыз Республикасынын жарандарына аттестациялык комиссия аркылуу куткаруучунун статусу берилгенде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен белгиленген үлгүдөгү күбөлүк, куткаруучунун китепчсси жана бетине куткаруучунун фамилиясы, аты-жөнү, канынын тобу жана каттоодон өткөн номери жазылган жетон берилет.
3.4. Куткаруучунун китепчеси куткаруучунун өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкандыгын эсепке алуу үчүн арналган. Куткаруучунун китепчеси жөнүндөгү жобону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
3.5. Куткаруучулар эки жылда бир жолу аттестациядан өтөт, куткаруучуларды даярдоо программасы боюнча окушат жана аларга тиешелүү класстагы "Куткаруучу" наамы ыйгарылат. Сууда куткаруучулар жана тоо кырсыгынан куткаруучулар 1 жылда бирден кем эмес белгиленген нормативдерди тапшыруу менен аттестациядан өтүп турушат.
Аттестациядан өтпөй калган куткаруучу, куткаруучу статусун жоготот.
3.6. Куткаруучуларды аттестациялоо үчүн 9 адамдан турган аттестациялык комиссия Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен түзүлөт.
3.7. Куткаруучуларды комплектөө тараптардын макулдашуусу боюнча келишим (контракт) түзүү жолу менен ден соолугунун абалы жана медициналык органдардын корутундусу боюнча кызматка жарамдуулар, квалификациялык деңгээли жана жеке арызы менен ишке ашырылат.
3.8. Издөө-куткаруу жумуштарын (ИСЖ) натыйжалуу жүргүзүү түздөн-түз куткаруучулардын кесиптик билиминин, чеберчилигинин, машыккандыгынын даражасына жана ар тараптуу өнүккөндүгүнө жараша болот. Куткаруучулардын кесиптик даярдыгынын деңгээли квалификациялык мүнөздөмөсү менен шартталган, адистиги боюнча стажына, практикалык иш тажрыйбасына, өздөштүргөн аралаш кесиптеринин санына жараша аныкталат.
3.9. Куткаруучу төмөндөгү квалификацияга (наамга) ээ болот:
1. чебер-куткаруучу;
2. 1-класстагы куткаруучу;
3. 2-класстагы куткаруучу;
4. 3-класстагы куткаруучу.
Класстуулугу эки жылда бир жолу ырасталып турат.
3.10. Чебер куткаруучу эки жылдан кем эмес биринчи класстагы куткаруучунун жумушун аткарышы; биринчи класстагы куткаруучуга коюлган талаптарга жооп бериши; жогорку же атайын орто билимге ээ болушу; куткаруучу жумуштарга катышуусу керек.
Чебер куткаруучу наамы квалификациялык комиссиянын көрсөтмөсү боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен ыйгарылат.
3.11. Биринчи класстагы куткаруучу экинчи класстагы куткаруучу болуп эки жылдан кем эмес иштеши; командирлик же инструкторлук даярдыктын машыгууларына ээ болушу; экинчи класстагы куткаруучуга коюлган талаптарга жооп бериши; атайын орто техникалык же медициналык билимге ээ болушу; өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга бир нече жолу катышуусу; үч адистикке же куткаруучунун эки адистигине ээ болушу жана инструкторлук бир аттестациядан өтүшү керек.
3.12. Экинчи класстагы куткаруучу үчүнчү класстагы куткаруучу болуп эки жылдан кем эмес иштеши; үчүнчү класстагы куткаруучуга коюлган талаптарга жооп бериши; куткаруучунун эки адистигине ээ болушу; куткаруу жумуштарында жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышуу тажрыйбаларына ээ болушу керек.
3.13. Үчүнчү класстагы куткаруучу куткаруучу болуп эки жылдан кем эмес иштеши; сөзсүз түрдө "В" категориясындагы айдоочунун адистигин жана куткаруучунун бир адистигин билиши керек.
куткаруучу атайын окуу-курсунун даярдыгынан өтүшү керек.
3.14. Куткаруучу квалификация алуу үчүн төмөндөгү тизмедеги адистиктерге ээ болушу керек:
Биринчи класстагы куткаруучу: атайын командирлик курстун даярдыгынан өткөн же "Куткаруучу отряд" жетонуна даярдыктын кайсы бир түрүнөн өтүшү, альпинизм боюнча инструктор-методист, туризм боюнча инструктор-методист, суу алдындагы спорт боюнча инструктор, авиаөрт өчүрүү командасынын инструктору, парашюттук-өрт өчүрүүчү топтун инструктору, парашютист-инструктор, парашюттук жана десант-өрт өчүрүүчү кызматтын инструктору, анча терең эмес суу алдында иштердин инструктору, кыйроо-куткаруучу чебер, кемени алып чыгуучу, суу алдындагы техникалык жана башка куткаруу жумуштары, спорттун прикладдык түрлөрү боюнча (экинчи разряддан кем болбогон) спортчу-разрядчы-альпинист, спелеолог, парашютист, аскага чыгуучу, аткыч.
Экинчи жана үчүнчү класстагы куткаруучу: өрт өчүрүүчү-десантник, өрт өчүрүүчү-парашютист, өрт өчүрүүчү (респираторчу), газдан куткаруучу, врач, фельдшер, кинолог, аба транспортунун куткаруучусу, альпинисттик базанын куткаруучу отрядынын начальниги, кыйроодон-куткаруучу жумуштар боюнча инженер (техник), автомобиль айдоочу, өзү жүрүүчү механизмдердин айдоочусу, механик-айдоочу, жардыргыч, пиротехник, жер казуучу жана курулуш техникасынын машинисттери, аквалангист, суучул, көтөрүлүүчү жүктөрдү байлагыч, кемеде керектелүүчү шаймандар менен иштегич, газ менен кесүүчү, газ менен ширетүүчү, бийиктикте-монтаждоочу, радиотелеграфчы, радиооператор, байланыш электромеханиги, медсестра, ашпозчу, матрос, кеме айдоочу, насостук станциялардын оператору, тоо өткөөлчү, планшетчи, электр монтеру, жүк көтөрүүчү техниканын машинисти. Куткаруучуларды кесиптик окутууну уюштуруу жана өткөрүү жана табигый, техногендик, эпидемиологиялык жана социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга алардын даярдыгын дайыма жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында куткаруучуларды кесиптик даярдоонун көп баскычтуу системасы иштелип чыккан. Система өзүнө кесиптик окутуунун бир нече формасын камтыйт, алардын негизгилери баштапкы (базалык) жана үзгүлтүксүз болуп эсептелет.
Баштапкы (базалык) окутуудан кыйроодон-куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) бардык куткаруучулары жумушка алынгандан кийинки биринчи үч айдын аралыгында өтүшү керек. Окууну бүткөндөн кийин куткаруучулар экзамен жана зачет беришет. Окууну ийгиликтүү аяктагандарга "куткаруучу" статусу ыйгарылат, куткаруучунун китепчеси жана жетону берилет.
Үзгүлтүксүз окутуу-куткаруучунун кесиптик деңгээлин кармап туруунун жана жогорулатуунун негизги формасы, ал Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү иштеп чыккан куткаруучуларды даярдоо окуу программасынын негизинде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Куткаруучуларды аттестациялоо
4.1. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен Жобого ылайык өзгөчө кырдаалдар зонасындагы жумуштарга куткаруучулардын даярдыгынын деңгээлин баалоо үчүн алар аттестациялоодон өтүшөт.
5. Куткаруучулардын укуктары, милдеттери жана иш-аракетинин гарантиялары
5.1. Кесиптик кыйроодон-куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) куткаруучулары күзөттө турганда кыйроодон-куткаруучу кызматтарды (кошуундарды) кармоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен чыгымын төлөп тамак-аш менен камсыз кылынууга.
5.2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга тартылган куткаруучулар көрсөтүлгөн жумуштарды өткөрүүчү орунга барууда транспорттун бардык түрүнө кезексиз билет алуу укугуна ээ.
5.3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүү учурунда куткаруучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- өз милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон толук жана ишенимдүү маалыматтарга ээ болууга;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин аймактарына жана өндүрүштүк объектилерине, турак жайларга тоскоолдуксуз өтүүгө;
- кыйроодон-куткаруучу жумуштарды жүргүзүү технологиясына ылайык кийим-кече жана жабдыктар менен камсыз болууга;
- адамдарды куткаруу үчүн жана өтө зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө кырдаалдар зонасында жайгашкан уюмдардын байланыш жана транспорт каражаттарын, мүлктөрүн жана башка материалдык каражаттарын колдонууга;
- өзгөчө кырдаалдар зонасында жумуштарды жүргүзүүгө катышпаган тараптардын бардыгын коопсуз зонага кетирүүгө жана белгиленген коопсуздук чараларды куткарууну талап кылууга.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкан куткаруучулар республиканын медициналык мекемелеринин жана реабилитациялык борборлорунун базаларында бекер медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.
Куткаруучулар аларга эмгек келишими (контракт) менен тапшырылган милдетин аткаруунун жүрүшүндө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүдө жабыркаган башка куткаруучулар дагы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык компенсациялык төлөмдөргө укуктуу.
5.4. Куткаруучу-аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жеңилдетилген пенсия менен камсыз болууга укуктуу.
5.5. Кыйроодон-куткаруучу кызматтардын адис куткаруучулары жана ыктыярдуу кыйроодон-куткаруучу кошуундар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өздөрүнүн теориялык билимдерин жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө катышууга даяр болууга;
- өзүнүн дене тарбиялык, атайын, медициналык, психологиялык даярдыгын өркүндөтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү ыгын, жумуш ыкмасын жекече болобу же кыйроодон-куткаруу кошуундардын курамында болобу өркүндөтүүгө;
- кыйроодон-куткаруу жумуштарын жүргүзүү технологиясын так сактоого;
- жабыр тарткандарды активдүү издөөгө, аларды сактап калуу боюнча чараларды көрүүгө, аларга биринчи медициналык жардам жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
- куткаруучулар курамында катышып жаткан кыйроодон-куткаруу кызматынын (кошуундардын) жетекчилеринин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн милдетүү аткарууга.
5.6. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө тартылган куткаруучуларга, аларды кыйроодон-куткаруу жумуштарын аткаруучу жерге жеткирүүдө жана ал жумуштун жүрүшүндө мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде транспорттук жана башка зарыл болгон материалдык каражаттарды берүүгө милдеттүү.
5.7. Өзгөчө кырдаалдар зонасында өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүдө курамында көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу куткаруучулар кыйроодон-куткаруу кызматынын (кошуундардын) жетекчилерине гана баш ийет.
5.8. Кыргыз Республикасынын куткаруучусунун статусун ишке ашырууну мамлекеттик органдар, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укугунун чегинде камсыз кылат.
5.9. Эмгек келишими (контракт) менен тапшырылган милдеттерге кирбеген милдеттерди жана жумуштарды аткарууга куткаруучуну эч кимдин мажбурлоого укугу жок.
6. Куткаруучунун жумушун (кызматын), эс алуусун жана эмгегине акы төлөөнү уюштуруу
6.1. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучуларынын күнүмдүк иш-аракетинин жумуш тартиби кыйроодон-куткаруу кызматынын (кошуундун) жетекчиси бекиткен ички эмгек тартибинин эрежелери, күзөт графиги, сабактардын жана башка атайын даярдыктардын иш-чараларынын расписаниеси менен аныкталат.
6.2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүдө куткаруучулардын жумуш тартиби жана жумуш күнүнүн узактыгы анын өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эсепке алуу менен өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчиси тарабынан белгиленет жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
6.3. Кыйроодон-куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучуларынын эмгек акысын төлөө эмгек келишимине (контрактка) ылайык эмгекке жарамдуу жумушчунун минимум керектөө бюджетинен кем эмес өлчөмдө жүргүзүлүүгө тийиш.
6.4. Өзгөчө кырдаалдар зонасындагы алдын-алуу иштери жана тамактануу өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы куткаруу иштерин жүргүзүүгө теңештирилет.
6.5. Куткаруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык класстуулугу үчүн кызматтык айлык акысына акчалай кошумча алышат. Төлөп берүү куткаруу кызматы карамагында болгон уюмдардын, ишкана жана мекемелердин эсебинен жүргүзүлөт.
6.6. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучуларына бир жыл ичинде өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкандыгы үчүн кошумча төлөнүп берилүүчү узактыгы 7 суткадан ашпаган 24 саат үчүн бир күн өргүү эсебинде өргүү берилет.
Штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кыйроодон куткаруучу кошуундун куткаруучуларына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамына кирбеген куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна суткасына бир минимум айлык акынын көлөмүнөн кем эмес акчалай компенсация берилиши мүмкүн.
7. Куткаруучуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо, пенсия менен камсыз кылуу
7.1. Аткаруу бийлиги органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу кыйроодон куткаруу кызматтарынын (кошуундарынын) адис куткаруучуларына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жайлар Кыргыз Республикасынын турак-жай мыйзамдарында каралган нормалар боюнча берилет.
7.2. Куткаруучу-аскер кызматчыларына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак жай берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Мыйзамы менен аныкталат.
7.3. Куткаруучу-аскер кызматчыларын камсыздандыруу тартиби Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Мыйзамы менен аныкталат.
7.4. Эмгек келишиминде (контракт) менен каралган милдеттерди аткарууда каза болгон кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучу-аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүү мезгилинде жана катышуунун натыйжасында каза болгон башка куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрү тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык социалдык коргоого укуктуу.
7.5. Багуучусун жоготуу учурда куткаруучу-аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу "Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
7.6. Эмгектин зыяндуу жана коркунучтуу шарты бар уюмдарын тейлеген кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучу-аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Мыйзамында белгиленгсн социалдык коргоонун гарантиялары, жеңилдиктери жайылтылат.
7.7. Жарандык тараптардын куткаруучуларын социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына жана эмгек келишимине (контрактка) ылайык ишке ашырылат.
7.8. Жарандык тараптардын куткаруучулары кызматтык милдеттерин аткарууда майыптыкка алып келген майыптыкка учураса же жаракат алса социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык жактан коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
7.9. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын администрацияларынын чечимдери менен кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) курамына кирбеген куткаруучуларга, кыйроодон куткаруучу кошуундардын штаттан тышкаркы жана коомдук мүчөлөрүнө эмгек жөнүндө мыйзамдарга каршы келбеген кыйрооодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоого кошумча гарантиялар белгилениши мүмкүн.
7.10. Өтө зарыл шартта куткаруучу болуп эсептелбеген кээ бир жарандарды, алардын макулдугу менен кыйроодон куткаруучу жумуштарга катыштырууга болот.
7.11. Куткаруучу болуп эсептелбеген жарандарды кыйроодон куткаруучу жумуштарды жүргүзүүгө катыштыруу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жетекчилери кабыл алат.
7.12. Куткаруучу болуп эсептелбеген жарандар, аларды кыйроодон куткаруучу жумуштарга катыштырууда милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген укуктар, камсыздандыруу гарантиялары жана жеңилдиктер берилет.
7.13. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын (кошуундардын) адис куткаруучуларынын ичинен жарандык тараптын куткаруучуларына турак жай берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси менен аныкталат.
7.14. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга тартылган, кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кошуундардын ташып келүүгө жана жайгаштырууга, материалдык-техникалык, финансылык, медициналык жана башка камсыз кылууга, ошондой эле куткаруучулардын, кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана кыйроодон куткаруучу кошуундардын жумушчуларынын эмгегине акы төлөөгө жана сыйлыктарды төлөөгө, кошумча төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүгө, куткаруучуларга убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча, көрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүүдө жабыр тарткандарга төлөп берүүлөргө кеткен чыгымдарды кайтарып берүү уюмдарды тейлөө боюнча келишимдерге ылайык же өзгөчө кырдаалдарды жоюуга бөлүнгөн чыгымдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Келишим боюнча уюмдардан келип түшкөн пайдаланылбаган каражаттар кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана кыйроодон куткаруучу кошуундардын тескөөсүндө калат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундарды каржылоо
8.1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды жана кыйроодон куткаруучу кошуундарды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттен, фонддордон жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка каражаттарынан, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кызматтарды, ыктыярдуу кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүчү уюмдардын финансылык каражаттарынан;
- уюмдар менен аларды тейлөө жөнүндө келишимди ишке ашыруудан келип түшкөн финансылык каражаттардан;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык каражаттардан түзүлгөн резервдерден;
- кыйроодон куткаруучу кызматтарды (кошуундарды) колдоо фонддорунан, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун атайын фонддорунан;
- камсыздандыруу фонддорунан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
8.2. Түзүлгөн кыйроодон куткаруучу кесиптик жана ыктыярдуу кошуундар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш.
II. Кыргыз Республикасынын ыктыярдуу куткаруучуларынын кошууну жөнүндө
9. Ыктыярдуу куткаруучулардын кошуундарынын структурасы жана комплектөө
9.1. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундар (ЫСК) - бул тиешелүү структуралардын базасында түзүлгөн, адамдарды куткаруу менен алектенген, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда жапа чеккендерге жардам берүүчү-атуулдук жана гумандуу милдеттерди аткарууда өз салымын кошууну каалаганын билдирген ыктыярдууларды бириктирген отряддар.
9.2. Кошуундардын жетекчилери болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген отряд командири, командирдин орун басары эсептелет.
9.3. Отряд жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн милдеттери ишкананын тибине (профилине) жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша уюмдун жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
9.4. ЫСКга каттоо уюмдун жетекчисинин буйругу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда куткаруу жумуштарын аткаруу үчүн зарыл болгон даярдыгы бар жана ден-соолугу жарактуу, 21 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлөт. Кабыл алуу ыктыярдуу башталышта, контракт боюнча, жеке тартипте жүргүзүлөт.
9.5. Кошуунга каттоо жөнүндө арыз бергенде кандидат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык куткаруу министрлиги белгилеген форма боюнча куткаруу жумуштарын жүргүзүүгө жарактуу экендиги жөнүндө медициналык маалыматты;
- кесиптик квалификациялык документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.
9.6. Кандидат-куткаруучуну (стажерду) алгачкы окутуу, тиешелүү отряддын базасында жумушка кабыл алынгандан кийинки 3 айдын аралыгында жүргүзүлөт. Окууну аяктоодо кандидаттар куткаруу жумуштарын жүргүзүүгө даярдык, медициналык даярдык, атайын жабдуулар, жабдыктар, приборлор жана атайын техникалар менен иштөөдөгү, коопсуздук техникасы программалары боюнча экзамендерди жана зачетторду беришет.
10. Иштерди уюштуруу жана кошуун мүчөлөрүнүн атайын даярдыктары
10.1. Кошуундардын тибине (профилине) жараша алардын мүчөлөрүн даярдоо үчүн атайын программалар иштелип чыгат. Программалар таламдаш министрликтер, ведомстволор менен макулдашылат жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
10.2. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу боюнча аттестацияны даярдоо жана өткөрүү үчүн иштеп жаткан окуу борборлорунун, мектептердин, кыйроодон куткаруучу кызматтардын ведомстволук клубдарынын, окуу жайларынын жана башка мамлекеттик жана коомдук уюмдардын материалдык базасын жана окутуучуларынын курамын белгиленген тартипте пайдаланат.
10.3. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын структуралары куткаруучуларды жана кошуундарды даярдоо программасын иштеп чыгууда, зарыл болгон окуу адабияттары, көрсөтмө куралдар, макеттер менен камсыз кылууда зарыл болгон илимий-методикалык жардам көрсөтөт; ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын алдыңкы тажрыйбаларын жалпылайт.
10.4. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу мезгилинде күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну камсыз кылуу максатында Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын структуралары:
- өзгөчө кырдаалды жарыялоо жана ал жерге келүү тартибин;
- транспорт каражаттарына жүктөө убактысын;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын мүмкүн болгон көлөмүн жана түрлөрүн;
- жабдыктарды, шаймандарды, приборлорду, тамак-аш азыктарын алуу тартибин;
- райондорду жана объектилерди көрсөтүү менен куткаруу жумуштарын аткарууга тапшырмаларды белгилейт.
Кошуундардын бир объектиден экинчи объектиге өз алдынча өтүүсүнө тыюу салынат.
10.5. Кырсык болгон районго келүү учурунда кошуун Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынан кошуундун формулярын (паспортун) жана оперативдик журналын көрсөтүү менен каттоодон өтөт.
Оперативдик журналдын жана формулярдын формасын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет жана бардык кошуундар үчүн бирдей болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
10.6. Издөө-куткаруу жумуштарын аткарууда оперативдик журналга жүргүзүлгөн иштердин түрү, орду, аларды өткөрүү убактысы жана жыйынтыгы белгиленет.
Издөө-куткаруу жумуштары бүткөндөн кийин жазууларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы же ушуга укугу бар тараптар күбөлөндүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
10.7. Кошуундарды ташуу өзгөчө кырдаалдар болгон объекттердеги уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын эсебинен жүргүзүлөт.
10.8. Издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздуктун зарыл чаралары сакталышы керек.
11. Издөө-куткаруу жумуштарын өткөрүүгө куткаруучу кошуундарды тартуу жана аларга акы төлөө тартиби
11.1. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда издөө-куткаруу жумуштарына ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери тарта алат жана андан аркы куткаруу жумуштарын жүргүзүүгө акы төлөшөт.
11.2. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын мүчөлөрүнө акы төлөө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
- күзөткө тургандыгы жана адамдарды куткарууга катышкандыгы үчүн - суткасына минимум айлыктын 50%ине чейин;
- өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жойгондугу үчүн - суткасына минимум айлыктын 100%ине чейин.
11.3. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын мүчөлөрүнө акы төлөө өзгөчө кырдаалдар болгон жана куткаруу жумуштары жүргүзүлгөн объектилердеги уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
12. Ыктыярдуу куткаруучу-кошуундарын мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жана сыйлоо чаралары
12.1. ЫСКнын мүчөсүнүн өзгөчө кырдаалдар учурунда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча милдеттерин аткарууга байланыштуу келип чыккан убактылуу эмгекке жарамсыздык учурунда анын эмгек стажысына карабастан айлык акысынын 100%и көлөмүндө убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча пособие төлөнөт, ал эми ошол эле себептүү туруктуу же узак убакытка эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, ага эмгек жаракатынын же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкон жумушчуларга жана кызматчыларга белгиленген өлчөмдөгү майыптыгы боюнча пенсия чектелет.
12.2. ЫСКнын мүчөлөрү жапа чеккендерди куткарууга активдүү катышканда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жана коомдук уюмдардын жетекчилери тарабынан, алардын компетенциясынын чектеринде төмөндөгүдөй жолдор менен сыйланышат:
- алкыш жарыялоо;
- белектерди, материалдык баалуулуктарды, акчалай сыйлыктарды, санаторияга, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга акысыз жолдомолорду берүү;
- 3 күнгө чейинки мөөнөткө төлөнүп берилүүчү кошумча өргүүлөрдү берүү.
Табигый кырсыктардан, кыйроолордон жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө өзгөчө эмгеги жана бул учурда эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөндүгү үчүн ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын мүчөлөрү белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт.
13. ЫСКнын мүчөлөрүн материалдык-техникалык камсыз кылуу
13.1. ЫСК аны түзүүчү уюм тарабынан зарыл болгон жай, телефон байланышы, эмерек жана инвентарлар менен камсыз кылынат.
13.2. ЫСКнын кызматтык жайларын кармоого, эмерек, инвентарларды, атайын адабияттарды, күбөлүк бланктарын, белгилерди сатып алууга, ошондой эле телефон, почта, транспорт жана башка чыгымдарды төлөө ушул ЫСКны түзгөн уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.