Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели № 223
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартымдагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Көргөзмө-жармаңкелик иш-аракет боюнча Кыргыз Республикасынын Ведомстволор аралык координациялык кеңешинин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөр улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.".