Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-июлу № 95
Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде Күчүн жоготту
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:";
- үчүнчү абзацы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- аталышы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Документтердин тизмеси" деген графасынын аталышы "Документтердин" деген сөздөн кийин "жана бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Акциздик жыйымдын маркалары |
".
3. Мурда сатылып алынган ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик жыйымдын маркалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өндүрүүчүлөргө жана/же импортерлорго ушул акциздик маркалар толук колдонулганга чейин сатылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |