Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 11-ноябры № 747
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инвестициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2002-жылдын 25-апрелиндеги Указын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-апрелиндеги № 98 буйругун аткаруу, ошондой эле 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн комплекстүү негизинде аныкталган, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жана ыңгайлуу ишкер климат түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын структуралык подразделениелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен бирдикте Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аткарылуучу иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын Прейскурантынын макулдашылган долбоорун үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберсин. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аткарылуучу Жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантынын долбоорунда "Аткаруу бийлиги органдары жана алардын структуралык подразделениелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы төлөмө кызматтардын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтому менен бекитилген, Аткаруу бийлиги органдары жана алардын структуралык подразделениелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы төлөмө кызматтардын реестринде көрсөтүлгөн жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөр гана камтылышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө "Бир катар инструкцияларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 215 буйругун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык келтирсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобонун 9-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дарылык каражаттарды мамлекеттик каттоо жүргүзүү;".
5. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан аткарылуучу иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июнундагы № 374 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Төмөнкүлөр жоюлсун:
- "Кыргыз Республикасында дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдар менен техникаларды даярдоо жана сатуу менен иш жүргүзгөн ишканаларды, мекемелерди аттестациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 327 буйругу (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2000-жылдын 9-октябрында катталган, каттоо № 175);
- "Дары каражаттарын рекламалоо иштерин жөнгө салуу жөнүндө жобо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1998-жылдын 27-июлундагы № 191 буйругу;
- "Гигиеналык корутундуну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачынын 2000-жылдын 29-январындагы № 3 токтому (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2000-жылдын 10-февралында катталган, каттоо № 16);
- "Технологиялык регламенттерди иштеп чыгуу, биологиялык активдүү кошулмаларды, дарылоо-косметикалык, гомеопатикалык дары каражаттарын каттоонун жана кайра каттоонун тартиби боюнча инструкцияларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2000-жылдын 11-июлундагы № 236 буйругу менен бекитилген, биологиялык активдүү кошулмаларды, дарылоо-косметикалык, гомеопатикалык дары каражаттарын каттоонун жана кайра каттоонун тартиби жөнүндө убактылуу инструкция ((Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 31-июлунда катталган, каттоо № 138);
- "Бир катар инструкцияларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 215 буйругу менен бекитилген, медициналык техникаларды жана медициналык багыттагы буюмдарды экспертизалоонун жана каттоонун тартиби жөнүндө инструкция (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 1998-жылдын 16-сентябрында катталган, каттоо № 18).
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестиция жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Н.Танаев |