Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-июлу № 396
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Республиканын керектөө базарына келип жаткан потенциалдуу уулуу химиялык заттардын жана продукциялардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген жагымсыз таасиринин алдын алуу максатында, "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын, Коркунучтуу калдыктарды чек ара аркылуу ташып өтүүнү жана чыгарууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын, эл аралык соодада айрым химиялык кооптуу заттар жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жобосу жөнүндө БУУнун Роттердам конвенциясынын жоболорун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 778 "Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна" деген сөздөр жана цифралар "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияны адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукциянын адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундусунун жыйынтыгын таануунун тартибинде:
- 5.1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарында белгиленген продукцияны ташуу жана сактоо шарттары бузулса;";
- 6.1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан".";
- 2.2-пункттун биринчи абзацындагы жана 2.3-пункттун үчүнчү абзацындагы "санитардык эрежелердин жана нормалардын" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.7-пункттагы "санитардык нормалардан жана эрежелерден" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1.1-пунктта "РКЧ 76-87 "Радиациялык коопсуздуктун нормалары" жана СНЭ 72-87 "Санитардык негизги эрежелер" жөнүндө нормативдик документтердин" деген сөздөр жана цифралар "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.8-пункттагы "(Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын)" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо тартибинде:
- 1.1-пункттагы "Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 39-статьяларына" деген сөздөр жана цифралар "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- 1.2-пункт "мындан ары - Каттоочу" деген сөздөрдөн кийин "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.2-пункт жаңы редакцияда берилсин:
"2.2. Каттоого алуу Каттоочунун адистери тарабынан эксперттик корутундунун негизинде жүргүзүлөт жана өзүнө билдирүү материалдарын кабыл алууну, кароону жана каттоо жөнүндө чечим кабыл алууну, мамлекеттик каттоо номерин ыйгарууну жана ПУХЗнын катталгандыгы жөнүндө билдирүүнү камтыйт.";
- 2.3-пункттагы "каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу" деген сөздөр "каттоону жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.4-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "(НТД, ГОСТтор, ТШ)" деген кыскартылган сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 2.6-пункттагы "баалардын колдонуудагы прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде" деген сөздөр "акысыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.9-пункттагы:
"Потенциалдуу уулуу химиялык заттын мамлекеттик каттоого алынганы жөнүндө күбөлүк берет (туруктуу мөөнөткө)" деген сөздөр "ПУХЗнын мамлекеттик каттоосу жөнүндө билдирмени жиберет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"күбөлүк берүү" деген сөздөр "билдирме жиберүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Каттоочунун директорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.10 жана 2.12-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды улуттук каттоону ишке киргизүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Потенциалдуу уулуу химиялык заттардын улуттук каттоосун жүргүзүү үчүн ведомстволор арасында маалымат алмашуу механизмин иштеп чыгышсын, потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирменин формасын аныкташсын, эсепке алуу жана каттоо документтерин жаңыртышсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-июлундагы № 279 "Ууландыруучу химиялык заттарды Улуттук каттоо жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-майындагы № 225 "Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 778 "Калктын санитария-эпидемиологиялык саламаттыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-ноябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |