Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 2/4
Кара-Суу айылдык Кеңешинин айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактын Жергиликтүү жамаатынын типтүү Уставына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11.3 бөлүгүнүн 1, 3-абзацы төмөндөгүдөй баяндалсын:
- Дыйкандардын чөп жана айдоо жер аянттарын малдын майкандоосунан коргоо максатында корук иштерин уюштуруу.
- Малды камоо “Жайыттарды жана чабындылардын белгиленген режимин бузган, кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын камап багуу тартиби жөнүндө ЖОБОго” ылайык жүргүзүлөт.
- 4, 5-бөлүктөрү алынып салынын.
2. Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 12-февралындагы №1/3 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жайыт башкаруу жана көчүү конуу, жайыттарды которуштуруп пайдалануунун жылдык планындагы (экинчи тиркемесиндеги) 20.04. деген цифралар 01.05. деген цифрага алмаштырылсын.
3. Кара-Суу айыл аймагынын “Кара-Суу өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 12-февралындагы № 1/1 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Суу өнүгүү” муниципалдык ишканасынын айыл чарба жумуштарын аткарууда кызмат көрсөтүүнүн тарифи жана эмгек акы боюнча тарифи (2-тиркемеси) төмөндөгүдөй эскертүү менен толукталсын:
- Эскертүү: Айыл өкмөтүнүн жумуштарын аткарганга тариф боюнча акча каражатын которуу жогорудагы тарифтин 50%ти менен жүргүзүлөт.
4. Айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги Кара-Суу айыл аймагында “Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп конуусу боюнча ички тартип тууралуу” Эрежелерин, “Малды камап багуу тартиби жөнүндөгү” Жобосун жана “Келешимдик негизде корук иштери боюнча иш алып баруу максатында, эмгек акысын төлөө, эсептөө боюнча” Жобосунсун бекитүү жөнүндөгү №3/2 токтомунун 2-тиркемеси, “Жайыттарды жана чабындылардын белгиленген режимин бузган, кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын камап багуу тартиби жөнүндө ЖОБОго” алмаштырылсын.
Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп белгиленсин: Айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги №3/2 токтомунун №3 пунктуу, 3-тиркемеси.
5. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |