Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 8-6
Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Р.Мамбетказиевдин атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери маркум Мамбетказиев Макелендин атын Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» ыйгаруу сунушу колдоого алынсын;
2. Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрө» Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагында болбогондуктан, кайрылуу ээсине тиешелүү айыл өкмөттөргө сунуштоо жагы түшүндүрүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
Т. Ыдырысов |