Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIX сессиясы
2021-жылдын 24-ноябры № 3
«Шаардык мэриянын «2022-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу түрткү берүүчү (стим. грант) грантка сунушталуучу долбоорлордун өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 15% өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүштүрүү тууралуу» №01-14/1697 кайрылуу каты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги « Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» №230 токтомун негиз кылып, «2022-жылга карата Республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 29- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2022-жылга карата Республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу тууралуу» шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаары боюнча 2022-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси №1 тиркемеге ылайык жактырылсын
3. Таш-Көмүр шаары боюнча 2022-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жергиликтүү бюджеттен 15% үлүшү 2 092 890 (эки млн. токсон эки миң сегиз жүз токсон) сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2022-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Сооронбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин төрагасынын орун басары: |
А. Рахманов |
«Бекитилди»
24.11.2021-жылдын кезексиз
29-сессиясынын №3 токтомуна
№1 тиркеме
Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржылана турган дем берүүчү (үлүштүк) долбоорлору боюнча чыгашалар.
№ | Долбоордун аталышы | Жайгашкан жери | Долбоордун жалпы суммасы | Өздүк салым ЖБ | Дем берүүчү (үлүштүк)грант |
1 | №2 К. Осмонкулов атындагы мектебинин Чатырын ондоо, эшик терезелердин,блокторун алмаштыруу | Шамалды-Сай шаарчасы | 3 498 231 | 524 735 | 2 973 496 |
2 | №1 Н.Островский атындагы орто мектебинин эшик терезе блокторун алмаштыруу | Таш-Көмур | 3 485 816 | 522 872 | 2962944 |
3 | №3 Байчечекей бала бакчасынын айнек коробкаларын, жылуулук ситемасын жана электрзымдарын алмаштыруу | Таш-Көмүр | 3 497 880 | 524 682 | 2 973 198 |
4 | №4 Жомок бала бакчасынын чатырын жана айнек терезелерин алмаштыруу | Кызыл-Алма | 3 470 669 | 520 601 | 2 950 068 |
Жалпы: | 13952596 | 2092890 | 11859706 | ||